БИР БҮРКҮМ. БИШКЕККЕ ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ...

  • Парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды.
  • Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.
  • Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевди СИЗО-1де кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
  • Аида Исмаилова эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына дайындалды, бул кызматты мурда Улукбек Кочкоров аркалап келген.
  • “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев ээлеген кызматынан бошотулду.
  • Өлкө боюнча 443 “Тез жардам” унаасы бар экени айтылды.
  • Мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланды.
  • Өлкөдө 26-октябрга карата 250 миңдей адам сасык тумоого каршы эмдөө алды.
  • Вице-премьерликке дайындалган Эльвира Сурабалдиеванын ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Чынара Урумкалиева бекитилди.
  • Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды.
  • ИИМ: “9 ай ичинде өлкөдө кайырчылык кылган 139 өспүрүм аныкталды”.
  • 15-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрда кызматтан бошотулду.
  • Ысык-Көл облусунда 3 айдоочу баңгизат ташып бараткан жеринен кармалганы маалымдалды.
  • 25-октябрда өлкөдө белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы белгиленди.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан