Болотбек Алымкулов, Германияда жашаган кыргыз жигити: “БИЛИМГЕ УМТУЛГАН ЖАШТАР ГАНА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШЕТ”

Өз күчү менен чет өлкөдөн билим алып, көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жаткан мекендештерибиз көп. Бул жолку каарманыбыз Болотбек Алымкулов учурда Германиянын Гамбург шаарында жашап, эмгектенет. Жаштарды терең билим алууга чакырган Болотбек мырза менен көпчүлүктү кызыктырган чет өлкөдөгү жашоо жана билим алуунун жол-жоболору тууралуу маек курдук.

– Болотбек мырза, саламатсызбы? Сизди чет өлкөдө эмгектенген ийгиликтүү мырза деп билебиз. Алгач өзүңүз тууралуу кыскача айтып өтсөңүз.

– Саламатсызбы? Мен 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөм менен шаарда өсүп чоңойдум. Ата-энем жогорку окуу жайларда мугалим болуп иштешет. 11-класска чейин №39 орто мектепте окудум. 2005-жылы Кыргыз техникалык университетинин машина куруу бөлүмүнө тапшыргам. 2009-жылы бакалаврды аяктап, ошол эле жылы энергетика үчүн машина куруу бөлүмүндө магистратураны окуп, 2011-жылы аяктадым. Азыркы учурда Германиянын Гамбург шаарында жашайм.

– Кандайча бул кесиптин ээси болуп калдыңыз? Бала кезде чет өлкөдө иштесем деген кыялдарыңыз бар беле?

– Мен орто мектепти бүтүрүп жаткан учурда жаштар негизинен эки гана кесипти эңсешкен. Анын бири экономист болсо, экинчиси юрист. Ошол учурда менин классташтарымдын жана досторумдун 90 пайызы ушул тармактарды тандашты эле. Мен булардан өзгөчөлөнүп башка бир жогорку классификацияны талап кылган кесипти тандоону чечтим. Ошол учурда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде алгачкылардан болуп машина куруу боюнча кыргыз-немис факультети ачылган. Кыргыз-немис факультети болгондуктан, түздөн-түз Германиядагы жогорку окуу жайлар менен байланыш түзүлгөн. Мен мектепте окуп жүргөндө чет өлкөгө барып иштесем деп кыялданчу эмесмин. Окуу процесси жүрүп жатканда DAAD (Германиянын академиялык алмашуу кызматы) долбоорунун алкагында жыл сайын студенттерди Германияга 1-2 айга тил үйрөтүүгө жөнөтүшөт. Мен алгачкы жолу 2008-жылы 3-курста келип, абдан таасирленгем.

– Германияга биринчи ирет барганда кандай кыйынчылыктар болду? Акча жагынан ким камсыздады?

– Мен башта айтып өткөндөй, жайкы мектепке 2008-жылы Берлин шаарындагы Бойт Хохшулу фюр Техник окуу жайына (нем. Beuth Hochschule für Technik) баргам. Ал эми дипломдук ишимдин практикалык жагын жазуу үчүн 2009-жылы бардым. Бардык чыгымдарды DAAD толугу менен каржылап берди. 2011-жылы окууга кеткенде ошол эле кызмат аркылуу 2 жылдык магистратуранын каржылоо стипендиясын утуп алгам. Кыскасы, акча тараптан кыйынчылыктар болгон жок. Айына 750 евро алып жүрдүм. Бул сумма жалгыз студент үчүн жетиштүү эле акча. Мага кыйын болгону – ал учурда тилди жакшы өздөштүрө элек болчумун. Жаңы эрежелерге, жаңы жашоо нугуна көнүү оор болду. Анткени башка элдин өз менталитети, көз караштары бар эмеспи. Мен алгач бир жарым жыл Кассель шаарынын университетинде (Universität Kassel) машина куруу жана кайра калыбына келүүчү энергия булактары тарабында окудум. Эч кандай иш менен алек болгон жокмун. Кийин биздин факультеттин иш кеңсесинде кошумча студент катары иштедим.

– Канча жылдан бери машина куруу ишканасында иштейсиз? Кайсы кызматты аркалайсыз?

– Доктор Вайгерт (Dr.Weigert) атындагы химиялык фабрикада машина куруу ишканасында инженер-конструктор болуп 1 жыл иштедим. Аны менен катар ошол эле бөлүмдүн башкаруу системдерди программалоо тарабында иштедим. Бир жагынан бакалаврда алган билимим боюнча машина куруу технологиясы, экинчи жагынан IT тармагында эмгектенип келе жатам. Ошондо инженер-конструктор жана программист катары эмгектенип келем.

– Мекенди сагынганда кантип сагынычыңызды жазасыз?

– Толук кандуу сагынычты жазуу мүмкүн эмес. Канчалык алыс кетсем да, ата-энемдин, эли-жеримдин элеси ар дайым көз алдымда турат. Денем бул жерде болгону менен, жан дүйнөм ар дайым Ата Мекенимде. Жакшы жери Германияда кыргыздар аз эмес. Жалпысынан
10 миңдей кыргыз бар десем болот. Мен жашаган Гамбург шаарында жашаган кыргыздар чогулуп, улуттук тамактарды жасап, кыргыз майрамдарын майрамдайбыз. Бул жерде баш кошкон мекендештерибиз да бар. Өзүбүздүн каада-салтты унутпастан алардын мааракелерин өткөрөбүз.

– Алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

– Менин максатым – дагы да болсо билим алуу, тажрыйба топтоо жана өз кесибимде ийгиликтерге жетүү.

– Кыргызстанда дагы машина куруучу заводдорду ачсак болобу? Же бул тууралуу кыялданбай эле койгонубуз оңбу?

– Кыргызстанда машина куруу заводун ачуу мүмкүн. Бирок анчалык чоң завод кура албасак да, негизинен айыл чарба техникаларын өндүрүүчү жана энергетика тармагындагы заводдор иштесе жакшы болмок. Бул экономикабыздын өсүшүнө чоң күч, тирек болмок. Анткени бизде суроо-талап бар. Элибиз айыл чарба техникаларына өтө муктаж. Мындан сырткары келечекте энергетикага болгон муктаждык өсөт. Ошондуктан бул тарапка да көңүл бурушубуз кажет.

– Германияга барууну кыялданган жаштар эмне кылса болот? Ортодо көпүрө болчу долбоорлор барбы?

– Германияга баруунун көп жолдору бар. Алардын арасынан кыргыздар көбүнчө “Ау-пайр” (Au-pair) программасы менен келет. Түшүндүрө кетсем, Германияга бир немистин үй-бүлөсүнө келип, жумасына беш күн үй оокатына жардамчы болушат. Андан сырткары башка бир жол – өз ыктыяры менен бир жыл ооруканаларда, бала бакчаларда жардамчы болуп иштеп, жашоосуна жетчүдөй айлык акы алышат (FSJFreiwilliges Soziales Jahr). Андан кийин бир жарым жыл убакыт бар. Ал аралыкта тил үйрөнүп, окууга тапшырса болот. Андан сырткары стипендиялардын түрү бар. Башта айтып өткөндөй эле, DAAD, Эразмус + (Erasmus +), агрардык кесиптер үчүн “Лого” деген программалар бар. Ал жерде студенттер 1 жылга чейин практика өтөп кетишет. Ортодо көпүрө болчу чет өлкөгө окууга тапшырганга жардам берген жеке ишканалар, компаниялар бар. Алар бардык жолдорун айтып, процессти баштан-аяк көзөмөлдөшөт. Албетте, бул акысыз эмес, белгилүү бир өлчөмдө акча төлөшүңүз керек болот.

– Германияда иштеген кыргызстандыктардын абалы кандай?

– Бул жакта иштеген мекендештерибиздин абалы абдан жакшы. Көптөрү ийгиликтүү билим алып, өз кесиптери менен иштешет. Германиядан баш кошкон жаштарыбыз да бар. Бул жерде бардык адамдардын укугу корголот. Бул өтө маанилүү. Бир жерде толук кандуу бактылуу жашоо үчүн адамдын укугу корголуш керек.

– Соңку күндөрдөгү Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалга кандай баа бересиз? Сиздин оюңузча, өнүгүүнү жана өзгөрүүнү эмнеден баштасак болот?

– Баары мыйзам чегинде болушу керек. Мен жаштарды колдойм. Жаш дегеним биологиялык жаш курак эмес, саясий оюндарга аралашпаган таза адамдар. Эски форматта ойлонгон саясатчылардан эч кандай пайда жок. “Бийликке жаштар келсе, жаңылып, ката кетиришет” деп коркобуз. Бирок алар жаңы ой жана жаңы көз караш менен келишет. Кетирген каталарынан сабак алып, тажрыйба топтошот. Эскилерче мамлекеттин казынасына кол салбайт деп ишенем. Ал эми өнүгүү тууралуу айта турган болсом, билим берүүгө көңүл бурушубуз зарыл. Эгер билим берүүнү күчөтсөк, башкасы өз жолу менен өнүгөт. Мен ар дайым жаш муундарга “билим алгыла” деп айтып келем. Анткени билимдүү эл эч качан жакыр болбойт, алданбайт. Кыргызда билимге байланыштуу макал-лакап, учкул сөздөр көп. Бирок аны жаш муун өзүнө акыл-насаат катары колдонбогондой. Билимге умтулган жаштар гана ийгиликке жетишет. Кээ бир адамдар билим алсаң деле ийгиликке жетпейсиң деп ойлошот. Алар жаңылышат.

– Көп убакыттан бери сыртта жүргөндүктөн, жашоого болгон көз караштарыңыз өзгөрсө керек. Эгер башка улуттагы кызды жакшы көрүп калсаңыз, баш кошууга даярсызбы?

– Айта кетсем: жаман улут жок, жаман адамдар бар. Бирок менин оюмча, үй-бүлөнү куруу үчүн бир улуттагы адам менен баш кошкон оң. Анткени маданият, менталитет, кулк-мүнөз бир болгондо үй-бүлө куруу жеңил болот. Жалпысынан тил менен дил бир болгондуктан, эки жаш бири-бирин дагы да жакшы түшүнөт деп ойлойм. Бирок бул 100 пайыз кепилдик эмес. Себеби арасында ажырашып жаткандар да аз эмес. Эгер башка улуттагы кыздын тарбиясы жана адамдык касиети дал келсе баш кошууга даярмын.

– Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат! Сизге ийгилик каалайбыз! Саламатта болуңуз!

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulnaz27
2020-11-04 04:32:24
Мага керек кенеш экен. Супер-инфо рахмат!
0
balzak
2020-11-11 10:27:14
Азаматсыз, ийгилик каалайм!!!!!!!!!
0
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан