СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айтурган Бактыгүлдүн жүзүнө үңүлө берди. Жаш толуп турган көздөрүн көпкө чейин тиктеди. Бактыгүл байкаган жок.

– Мен ал үчүн өмүрүмдөн кечтим. Мен ал үчүн кыздарымдан кечтим. Ал болсо эч нерсе болбогондой жашоосун улантыптыр.

– Сиз эмнени күттүңүз эле?

Бактыгүл үн ката албады.

– Сиз ал адам менен жолугуп сүйлөшмөйүнчө жашооңуздагы бул түйүн чечилбейт. Бул нерсеге да жүрөк керек. Өтмүшүбүз менен кездешүүгө, андагы маселелерди чечүүгө эрдик керек. Сизди кыйнаган суроолордун ар бирине ал адам гана жооп бере алат.

– Сенин суроолоруңа жооп бере турган адам менен сүйлөштүңбү?- деди Бактыгүл абайлай.

– Сүйлөштүм. Канчалык оор болсо да сүйлөштүм. Менимче, ал чындыкты айтты. Чындык кандай ачуу болсо да кабыл алуубуз керек. Бирок ал мага Искендер баары бир мени сүйө турганын айтты. Ал канчалык балдарын сүйсө да, менден кете албаганын айтты.

Ушул учурда эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Бактыгүл эшикти ачса Искендердин досу Урмат турган экен. Салам айтып кирип келди да, Айтурганды таң кала тиктеп калды. Майыптардын арабасында отурганы менен, көзү мурункудай жалжылдап, чырайына чыгып калган экен.

– Оо, Айтурган сулуу, сиз мурункудан да чырайлуу болуп кетиптирсиз.

– Кел, Урмат. Жакшысыңбы, үй-бүлөң жакшыбы?

– Жакшы. Сени менен сүйлөшө турган сөздөр бар эле,- деди коомайлана Бактыгүлдү карап.

– Мен дүкөнгө чыгып жаттым эле,- деп ал чыгып кетти. Урмат креслого жайланышып жатып үйдү айланта бир карап алды. Маңдайындагы эң чоң портрет Искендердики эле. Кудум тирүү кезиндегидей карап турду.

– Билинбей бир жыл болуптур арабыздан кеткенине...- деди Урмат.

– Сен кандайсың, тынч элеби?

– Тынч десем да болот, тынч эмес десем да болот.

– Ии, айтчы, ичти бышырбай...

– Мен аялым менен ажыраштым. Балдар чоңойду. Балдар гана бириктирген үй-бүлөдө ушундай болот экен. Экөөбүз бири-бирибизге чоочун адамбыз. Квартиранттар да бизге караганда бири-бирине жылуу мамиле жасаса керек. Кой, болбойт дедим. Ушунча жыл бири-бирибизди кыйнадык. Азыр болсо да бактыбызды издеп көрөлү дедик. 50 жаш деген эмне, али жапжашпыз.

Урмат күлүп сүйлөп жатты. Бирок үнүндө өтө чоң кейиш бар экени билинип турду. Айтурган аны тиктеп калды.

– Мен үчүн эмес деп айт, Кудай жалгагыр.

Урмат көзүн ала качты. Айтурган оор үшкүрүп алды.

– Мен үчүн эмес, туурабы? Сен мен үчүн ажырашкан жоксуң.

– Эмнеге, Айтурган? Бакыт жанымдан өтүп бара жатса аны кармап калганга эмнеге аракет кылбашым керек? Искендер барында мен сага бир да жолу башкача көз менен караган жокмун. Анткени мен силердин сүйүүңөрдү сыйладым. Достукту сыйладым. Бирок мен да сени Искендердей эле сүйдүм. Сен аны тандап кеткениңде тагдырга баш ийдим. Азыр сенин жаныңда болгум келет. Сени өз колум менен баккым келет.

– Урмат, мен баарын билем. Сен мага Искендерден биринчи ашык болдуң. Эсиңдеби, мага өзгөчө каттарды жазчусуң? Бирок мен сени досум катары эле көрдүм. Мындан артык эч кандай нерсе болушу мүмкүн эмес. Кап, сен бекер ажыраштың. Балким, кайра кеч эместир.

Урмат Айтурганды тиктеп туруп жинденип кетти. Бир жылдан бери кыялданып жүргөнү учуп кеткенине жаны кашайып кетти. Ар дайым сабырдуу, токтоо адам болчу. Бул жолу ызасы үстөмдүк кылып кетти.

– Сен мурдуңа бок сүйкөсө билбеген бир байкушсуң. Искендер сени алдады, башка бир аялдан балдары бар. Ал аял болсо сенин бир тууган сиңдиң. Ал эми могу сени багып жаткан аял сени төрөп, кызыл эт кезиңде таштап кеткен апаң. Айланаңда бардыгы сени пайдаланып жатышат. А сен отура бер, дагы достук имиш. Дагы Искендер имиш.

Дагы далай сөздөр сүйлөнмөк болуш керек. Ушул учурда дүкөнгө кеткен Бактыгүл кирип келди. Айтурган аны тиктеп калды. Көздөр эч качан алдабайт. Бир гана көздөр алдабайт...

ххх

Урмат кеткенден кийин экөө нес боло туруп калышты. Бактыгүл ашкана жакка басты. Айтурган акырын үн катты.

– Мага баарын айтып бериңиз. Урмат эмнелерди эле айтып жатат?

– Мен...

– Бүт чындыкты айтыңыз.

– Ооба, мен сени төрөгөн аялмын. 40 жаштан ашканыңдан кийин келип энеңмин деп эч айта албайм. Мен сени төрөгөн гана аялмын. Сени эч колума албадым, эмизбедим деле. Сага мээримин төккөн, өз кызындай көргөн аял гана сенин апаң. Мен болгону...

– Качан билдиңиз?

– Мени кечир.

– Салима да, Аяна да сенин кыздарың,- эмнегедир Айтурган сенге өтүп кеткенин байкабай калды.

– Ооба, алар да менин таштап кеткен кыздарым. Мен үчөөңө тең эне боло албадым.

– Кет! Азыр үйдөн чыгып кет!...

– Кызым, мен...

Айтурган биринчи жолу жек көрө карады. Бактыгүл чыгып кеткенге аргасыз болду.

Эшик жабылары менен Айтурган бакырып жиберди. Колунда эмне болсо, ошонун баарын талкалап кирди. Анда да көксөөсү сууган жок. Кулагына Урматтын сөздөрү жаңыра берди. “Сен мурдуңа бок сүйкөсө билбеген байкушсуң”.

ххх

– Ал баарын билди. Искендердин досу келип айтты. Мени үйдөн чыгып кет деди,- энтиге ыйлаган Бактыгүл кыздарына түшүндүрүп жатты.

– Апа, кан басымың көтөрүлүп кетет. Сен эс ал, жат. Баары жакшы болот. Мен анын жанына барам,- деди Салима.

– Мен дагы барам.

– Сени көрсө ого бетер жини келет. Сен апамдын жанында кал. Мен барайын. Мага ишен.

Салима тез кийинип чыгып кетти. Эшикти ачып тополоңу тоз болгон үйдү карап туруп калды.

– Кет деп жатам,- деди Айтурган артын карабай туруп.

Салима анын сөзүн уккан жок. Кирип үйдү жыйнай баштады. Бир топтон кийин чай кайнатты да, чайга арабасы менен сүйрөп келди.

– Ук мени, сени эч ким алдагысы келген жок. Биз сага жардам гана берели дедик. Биз дагы сендей эле нес болдук билгенибизде. Аяна эжем сени бул абалда таштап коё албайбыз деди. Алгач сен жакшы болгуча эле айтпай туралы дедик. Андан кийин айтылмак.

– Ишенбейм.

– Бул тагдыр үчүн эч ким күнөөлүү эмес. Апам, Аяна, Искендер, сен да, эч ким күнөөлүү эмес. Кудум бирөө өйдөдөн бизди карап туруп тагдырыбыз менен ойноп жаткандай. Апам тууралуу баарыбыз билебиз. Эң негизгиси сен билесиң.

– Мен ушунча жыл бир чоң эле жалгандын үстүндө өмүр сүрүптүрмүн. Урмат туура айтат. Баары алдашты мени. Ата-энем, күйөөм, силер. Мени ар ким куурчак сымал ойното берсе болот.

– Мен жашоомдо көргөн эң жакшы адам сенсиң. Биз, апабыздан калган үч кыз, жашообузду өзүбүз билгендей курдук. Көп жаңылдык, ыйладык, азап чектик. Бирок тагдыр канча жыгылтса да, биз ошончо жолу туруп басып кеткенге эркибиз бар. Анткени биз азыр бири-бирибиз үчүн барбыз.

– Биз деген нерсе жок,- деди башын чайкаган Айтурган.

Тагдыр деген кызык нерсе. Канчалык баш чайкасаң, ошончолук сенин аркаңдан ээрчип алат. Бул жолу да ошондой болду. Жаңы тапкан үй-бүлөсүнөн канчалык качса да, алардан кутула албады. Аларга муктаж эле. Күлкүсү таш жарган Салимага, күнөөлүү көздөрүн качырган менен, болгон мээримин арнайын деп далалат кылган апасына, аз сүйлөп, өз дүйнөсүндө болгон Аянага бара-бара байлана баштады. Ал эми баарынан да аны байлаган Искендердин уулдары эле. Өзүнүн уулу Эрбол атасына эч окшочу эмес, өзүнө да окшобойт эле. Бирок бул эки бала Искендердин көчүрмөсү болчу. Сүйкүмдүү балдар дароо эле жүрөгүн багындырып алды.

– Сиз басып кетесиз. Апам айтты,- деди бири кудум Искендердин көзү менен карап.

– Баары жакшы болот,- деди экинчиси бетинен сылап. Тагдырдын сыйы деген бир нерсе бар экенин Айтурган ушу эки баланы карап туруп билди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kurman911
2020-11-03 18:42:55
Mmmda
0
nurhan2702
2020-11-04 16:12:37
Кино кылып тартса болмок бул чыгарманы
0
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА