Жаныбек Жагообаев: “БЕШ АЙЛЫК БАЛАМДЫН КӨЗҮ КӨРБӨЙТ. ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТУУГА МУКТАЖ”

“Беш айлык балам бир операцияны башынан кечирди. Алдыда дагы көзүнө операцияларды жасатуу күтүлүүдө. Баламдын көзүнүн көрүп кетиши үчүн колумдан келген аракетимди жасайм” деген каарманыбыз Жаныбек Жагообаев элдин жардамына муктаж экенин айтты.

“БАЛАМ АЛТЫ ЖАРЫМ АЙЫНДА ТӨРӨЛГӨН”

– Өзүм Ат-Башыдан, келинчегим Ысык-Көлдүн Ак-Суусунан болот. Экинчи балабыз Даниэль 6,5 айлык болуп төрөлгөн. Төрөлгөнүнө 5 ай болду. Келинчегим кош бойлуу кезинде бөйрөгү иштөөсүн токтотуп, врачтар жети айга жеткирбей төрөтүшкөн. Жандандыруу бөлүмүндө кенедей кызыл эт болуп аппаратта жатты. Салмагы 1 килограмм 200 грамм болчу. Бала болбойт деп жатып дарыгерлердин күчү менен телчигип кетти. Кадимкидей чоңоюп келе жатса сүйүнүп жүргөнбүз. Үйгө алып келгенден кийин кээде көгөрүп, дем ала албай калып жатты. Эшикке алып чыккандан да коркчубуз. Мындай абалда төрөлгөн баланын ден соолугунда бир маселе болот экен. Ооруканадан чыгарып жатканда дарыгерлер “окулистке алып баргыла” дешкен. Алып барсак, алар баланын көзү көрбөөрүн айтышты. Ишенбей башка клиникаларга алып барып көрдүк. Баарынан бир ооздон ошол жоопту уктук. Дарыгер “баланы аяп турам, көзү көрбөйт экен, бизде мындай операция жасалбайт. Санкт-Петербургда жасайт” деп бизге мурда операция жасатып кетишкен ата-энелердин телефон номерлерин беришти. Алар бизге баарын түшүндүрүп, “колуңардан келсе эртерээк баргыла, көзүнүн көрүп кетиши үчүн бир мүнөт дагы маанилүү” дешти.

Санкт-Петербургдагы врачтар менен байланышуу оңойго турган жок. Алар менен сүйлөшүү үчүн кезек күткөндөр көп экен. Араң байланышып чакыруу алдык. Чакырууну ал жактагы бир кыргыз кыз алып бизге жөнөтүп жиберди. Акыры маселе келип каражатка такалды, айлабыз куруп калды. Тууган-туушкан, өзүбүз жыйнаган сумма керектелүүчү каражаттын бир бөлүгү эле болуп калды. Балдарына операция жасатып келген ата-энелер “блогер, ырчы, белгилүү адамдарга кайрылып көргүлө, ошолор баракчаларына чыгарса, эл акча которот” деп калышты. Балам үчүн баарына даяр элем. Тынбай ар кимге жаза бердим, эч кимден жооп болгон жок. Баламдын көзү агарып, кыйналып жатканда АКШда жашаган Эдил Касенов деген кыргыз жигитинен сурандым. Ал бизге абдан чоң жардам кылды, ал болбосо азыр деле операцияга бара алмак эмеспиз. Видеокайрылуу менен социалдык баракчасына чыгарганда АКШдагы, Орусиядагы кыргыз жигиттер акча которушту. Бизди Санкт-Петербургга барганда бир жигит тосуп алды. Ал бизди Эдилдин баракчасынан көрүптүр. Акчабыз кетпесин деп батиринин бир бөлмөсүн атайын бизге деп бошотуп коюшуптур. Жакшы үй-бүлө экен, бизге азык-түлүк да алдырышкан жок.

“ЭРТЕ БАРГАНЫБЫЗДА КӨЗҮ КӨРҮП КЕТМЕК ЭКЕН”

– Санкт-Петербургдагы кыргыздардын ынтымактуу экенине баа бердим. Эч бири кайдыгер караган жок, ооруканага келип жатышты. Ал жакка барганда биз ойлогондон да көп сумма керек болуп калды, эмне кыларыбызды билбей калдык. Операцияда керектелүүчү ар бир инструментти жаңы алыш керек экен. Акчабыз жетпей калды, ошол жактагы кыргыз балдар мага Сбербанктан эсеп ачтырып беришип, дароо акча чогултуп бере калышты. Боорукер адамдар көп экен, аларга абдан ыраазымын.

Биз кечигип калыптырбыз, баламдын көз оорусу 5-даражага жеткенде бардык, жок дегенде 2-3-этабында барсак бир жолку операция менен эле көзү көрүп кетмек экен. Көзү өөрчүбөй калыптыр, бул операцияны көздү өөрчүтүү үчүн жасашты. “Азыр көздүн ичиндеги торчолор морт болот, майдаланып кетет. 4 ай көзү өөрчүсүн, андан кийин хрусталь салабыз. Каректерине чейин тазалайбыз, көзүнүн көрүп кетишине мүмкүнчүлүк бар” дешти. Дарыгердин “мүмкүнчүлүк бар” дегени көрөт деген сөзгө тете болду. Мында эки көзүнө бир операция жасашты. Кийинкиде экөө эки бөлөк учурда жасалат экен. Бул операцияга жалпысынан 7 миң доллардан ашык каражат кетсе, кийинкисинде мындан эки эсе көп суммадагы каражат керектелерин айтышты. Көргөндө деле биздей болуп толук кандуу көрбөйт экен. Бирок таптакыр сокур болуп калуу коркунучунан кутулат дешти. Бул бир-эки операция менен эле бүтпөсүн, бала качан чоңоюп, дене мүчөлөрү өсүүсүн токтоткончо улам жасатып туруш керектигин айтышты. Кээ бири жасатпай коюп, көзү өөрчүбөй жумулуп, ичке кирип кеткенде алдырып салып, жасалма көз салдырабыз деп жүргөндөр бар экен. Санкт-Петербургдагы клиникадан ар кандай акыбалдагы балдарды көрдүк. Кыргызстанда мындай дарттан жабыркаган балдар көп экен. Кийинки операциясына акча топтоо менен алекмин, тууган-туушкандарыбыз дагы чогултуп беребиз деп жатышат, бирок көп сумманы чогултууга биздин чамабыз жок болуп турат. Элге кайрылууга аргасызмын.

“БУЛ БАЛАМДЫ ДА ЖОГОТУП АЛГЫМ КЕЛБЕЙТ”

– Келинчегим бала менен үйдө, мен иштейм. Мурун батирде турчубуз, азыр туугандардын үйүндө убактылуу жашайбыз.

Кичинекей неменин кан тамырларын таба албай эзгилеп жатышты, чыркырап ыйлап жатканын көрүп апасы экөөбүздүн айлабыз куруп кетти. Балаң минтип кыйналып жатса уктабай деле калат экенсиң. Эми дарыгерлер “оорутпагыла, салмагын түшүрбөгүлө, көтөрүп алып кескин кыймыл-аракет жасабагыла, терметпегиле” дешти.

Келинчегим менин экинчи жубайым. Биринчи жубайым кайтыш болуп, ал төрөгөн кызым менен бир жарым жаштагы уулум колумда калган. Аларды апамдын жардамы менен чоңойттум. Балдарымды эш тутуп, ушуларды чоңойтуп окутам деп иштеп, багып жүрчүмүн. Уулумду чоңойтуп бала бакчага бергем, кызым мектепте окуйт. Бир күнү жумуштан келсем балкондун терезесинде отургуч туруп калыптыр, “кызым, бул жакка отургуч койбо, бөбөгүң чыгып алып балкондон кулап кетпесин” деп ичкериге киргизип койгом. Адамдын жүрөгү сезет экен. Акыркы учурда уулума эле санааркай берчүмүн. Мектептеги сабактар аяктап, кызым каникулга чыккан. Бир күнү балам бакчага барбайм деп ыйлаганынан кызым үйдө эмеспи, барбаса барбай эле койсун деп, аларды үйгө таштап жумушка кеттим. Бир кезде телефонума чалуу келди. Алсам “Жаныбек, каяктасың? Балаң жерде жатат” деди. Дароо үйгө жөнөдүм. Келсем уулумду “Тез жардам” унаасына салып жатышыптыр. Уулум жерде жарым сааттан ашык жатып калыптыр. Жаны бар экен, “ооруп жатат” деп сүйлөдү дешти. Жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти, бирок уулумду сактай алган жокпуз. Апасы жок өзүм өстүргөнгө уулума аябай жакын болуп калыптырмын. Бул мага оор сокку болду. Эч нерсенин кызыгы калган жок. Өзүмдү таштап, ичкилик ичтим, катуу оорудум. Акыры мындай болбойт, жашашым керек деп кайрадан жакшы жашоого бел байладым. Үй-бүлө күттүм, Кудайга шүгүр, келинчегим жакшы. Эки балалуу болдук. Балабыз Даниэлдин көзү көрүп, арабызда кадимкидей дени соо жүрсө дейбиз. Мен эми бул баламды дагы жоготуп алгым келбейт. Балаңдын жаны кыйналып турса, башка дүнүйө түккө турбай калат экен. Балам үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 4817760358780439

Оптима: 4169585342355954

Элсом: 0700 08 30 74

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Tymar
2020-11-02 13:14:10
Жараткан Тенирим ден соолук берсин
-2
Aijamal2633
2020-11-03 17:16:03
Tymar,Кандай тенир.???? Аллахым жалгыз. Аллахга кулбуз.
0
Haanykeim
2020-11-02 15:04:11
Аллахым шыпаасын берсин.
+4
guljan929
2020-11-02 20:44:12
Haanеykeim,+
0
anonimka_03
2020-11-02 17:37:28
Дартты берген Кудай шыпаасын да кошо берет дейт,жакшы болуп кетсин
+3
Toktoshova
2020-11-02 19:48:25
Аллах шыпаасын берсин наристеге
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-11-03 08:33:33
Аллахым шыпаа берсин.Бала оорубасын.
+1
Bolotbek9191
2020-11-04 22:08:34
Аллахым шыппа берсин
0
Asel69
2020-11-04 22:51:09
Жараткан Тенирим баланызга ден соолук берсин
-1
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан