Мурат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АКТЁР БОЛУУ КЫЙЫН. ЧӨГҮП КЕТКЕН УЧУРЛАРЫМ БОЛДУ”

“Таланттуумунбу, билбейм” дейт ондогон тасмалардын жаратуучусу, ондогон тасмаларда, спектаклдерде образ жараткан, бир катар актёр-актрисаларды тарбиялаган Мурат Мамбетов. Замандаштары бир ооздон аны “чоң талант болгонуна карабай жөнөкөй, мактанганды билбеген адам, кесибинин чоң фанаты” деп сыпатташат. Биз ушундай жөнөкөй талант Мурат Мамбетовдун эмгек жолуна көз чаптырып, анын атактуулукка карай жолун окурмандарга баяндайбыз.

“БИРИНЧИ УСТАТЫМ САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА БОЛДУ”

– Мен кичине кезимде мектепке барганга чейин таенемдин колунда болдум. 5-6 жаштарымда кино көрсөм, таенемди отургузуп алып, ошол кинонун башынан аягына чейин ар бир каарманды ойноп берчүмүн. Сүйлөшкөндөрүн, атышканына чейин туурап, образга кирип, күлгөн жеринен күлүп, ыйлаган жеринен ыйлачумун. Таенем көрүп отуруп, “ушул балам артист болот” дей берчү. Артист болуп калышыма, балким, таенемдин сөздөрү түрткү болгондур. Теңтуштарыма “кино көрдүм, айтып берейинби?” деп оюмдан чыгарып айтып берип койчумун. 9-класста окуп жүргөндө киного жаш бала изделип жатканын көрүп, эжем жетелеп барган. Тандоодон 5-6 баланын арасынан өтүп кетип, “Ак куулар конгон айдың көл” тасмасында баш каармандын ролун аткарып калдым. Ошондо улуу инсандар Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Орозбек Кутманалиевдер менен иштешип калдым. Мен үчүн түш көргөндөй эле болгон. Кээде четте отуруп алып алардын кантип тартыларын, кантип даярданарын кызыгып карап отурчумун. Ушуларга окшош болсом деп максат кылчумун.

Менин алгачкы устатым, чыгармачылык чөйрөгө жетелеп келген киши Сабира Күмүшалиева болду. Тасмада кандай ойнош керек экенин көрсөтүп, кеңеш берди. Бул тасмада ал киши менин чоң апамдын ролун ойногон. Көрүүчүнү ишендире аткарыш үчүн жашоодо да дайыма жанында алып жүрүп, небересиндей мамиле кылып, мени ошол мамилеге көндүрүп алган. Экөөбүз кийин жашоодо да чоң эне-неберелердей мамилебизди сактап калганбыз. Орозбек Кутманалиев атамдын ролун аткарган. Жашоодо да аны көзү өткөнгө чейин ата деп жүрдүм. Апамдын ролунда Таттыбүбү Турсунбаева эле. Ал да мени балам деп жүрдү.

“РЕЖИССЁР “ЧЫЧКАК КОЗУГА ОКШОГОН АРТИСТТИ ЖУМУШКА КИМ АЛГАН?” ДЕДИ”

– Артист болом, режиссёр болом деген ой менен чоңойдум. Ал кезде режиссёр болуш үчүн Москвадагы Кинематография институтуна тапшырыш керек болчу. Ал жакка тандоо катуу болгондуктан, күчүм жетпейт деп ойлодум. Анан артист болом деп Алматы шаарындагы консерваторияга тапшыргам. Кабыл алуу комиссиясында 15 киши, чоң-чоң казак артисттери отурду. Шарттарын аткардым, суроолоруна жооп бердим. Таң калтыра алган жокмун. Бир маалда комиссиянын арасынан бирөө “элестет, азыр ушул бөлмөдө өрт чыкты. Эмне кыласың?” деди. Өрт чыкканын элестетип, кийимдеримди чечип өрттү өчүрүп, суу чачып жатканымды көрсөттүм. Бир маалда жөтөлүп баштадым, терезе ачык турган экен, терезеден секирип кеттим. Баары каткырып калышты. Ошентип окууга өтүп кеткем. Экинчи устатым ССРдин Эл артисти Хадиша Букеева болду. Ал киши бизге куратор болду.

Актёр болуу кыйын. Мен кээде бир нерсени жасай албай жатканда “мээм иштебейт турбайбы, туура эмес кесип тандап алган окшойм” деп чөгүп кеткен учурларым болду. Ошондо Букеева жаныма келип, “балакай, бир эле нерсени жасай албай чөгүп жатасың. Жашооңдо мындай учур көп болот. Баарын жеңишиң керек. Мен да кээде жасай албай калам. Бирок жан талашып аракет кылам” деп айтар эле. Педагогдор ушундай, студенттин талантын ачайын деп ар бирине жекече мамиле кылышат. Бирок иштеп баштаганда андай эмес да.

Окууну бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрына келип иштедим. Биринчи жолу сахнага чыкканда бир режиссёр “тетиги чычкак козуга окшогон артистти театрга ким алган? Кетиргилечи” деп кыйкырган. Мага катуу тийди, бир бөлмөгө кирип алып ызаланып ыйладым. Мени ушинтип жатышса, бекер эле актёр болуптурмун деп ойлодум. Ошондо Букееванын “театрга барганда сазайыңды берет, күчтүү бол” дегенин эстедим. Бардык кыйынчылыктарга чыдап иштей бердим. Ошол мага кыйкырган режиссёр 10 жылдан кийин менин киномдо эпизоддук роль ойноду. Чыдабай кетип калсам, мунун баары болмок эмес.

Театрга алгачкы жолу келгеним да кызык. Окууну Казакстандан бүтүрдүм деп кыйын болуп келгем. Ошол маалда жаш актёрлор керек болуп калып эле мени жумушка алышкан. Болбосо Кыргыз драма театрына жумушка кириш оор. Кезек күтүп отургандар канча. Жумушка алынгандардын тизмесин карап жатсам, жанымда бою меникиндей, өзү менден улуураак бирөө турган. “Сен эмне актёрсуңбу?” деп ага кыйын болсом, “ооба” деди. “Мен да актёрмун. Кел, таанышып алалы” дегем. Ал көрсө, Муканбет Токтобаев экен. 3-4 күндөн кийин жаңы даярдала турган спектаклде кимдер ойноору боюнча тизме илинди. Чуркап келип карасам, тизменин эң ылдый жагында “Мамбетов – шашлык көтөрүп чыккан бала” деп жазып коюшуптур. Токтобаев башкы ролдо экен. “Экөөбүз бир эле келбедикпи. Эмнеге ага башкы ролду беришет?” деп жиним келди. “Демек, бул аябай куу жигит экен. Кандай жол менен башкы ролду алып алды?” деген жаман ойлор келди. Муканбетти жаман көзүм менен карайм, ал учурашат, менин учурашкым келбейт. Анан биринчи репетицияга келгенде анын иштегенин көрүп таң калдым. Көрсө, ал залкар экен. Муканбет 10 жыл Ош драма театрында иштеп, ал жактан которулуп келиптир. Биринчи репетицияда эле ролун жасап койду. Мен “багалаң козудан жасалган шашлык” деп айта албай жатсам, ал чоң монологдорду айтып жатат. Ошондон кийин Муке деп сыйлап калдым. Ал аябай жөнөкөй адам эле.

Ошентип шашлык көтөргөн баланы, найза көтөргөн адамдарды ойноп жүрүп, 1 жылдан кийин гана Мырзабек Тойбаевдин “Ак жол” деген пьесасында башкы каарман Тарас деген баланын ролун ойногом.

“ТУНГУЧ” ТЕАТРЫН ТҮЗГӨНДӨ 2 МҮШӨК ИДЕЯБЫЗДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕБИЗ ЖОК ЭЛЕ”

– Ар бир театрда жумуш жакшы жүрүшпөй калган учур болот. Кыргыз драма театрында да жакшы спектаклдер коюлбай, актёрлор иштегиси келбей, көрүүчүлөр келбей калган учур болгон. Ошол учурда эч кимге көз каранды болбой, өзүбүзчө пьеса тандап, спектакль койбойлубу деп пикирлеш актёрлор чогулдук. Жумуштан кийинки убакытта чогулуп Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” деген пьесасын тандап, спектакль даярдадык. Ошол спектаклге көрүүчүлөр көп келди. Андан кийин эле Жеңишгүлдүн “Карагыз” пьесасын алып чыктык. Ага да эл жакшы келди. Эл биздин спектаклдерди сурап башташты. Бул нерсе жетекчилерге жакпай калды. “Тунгучту” жойгула, спектаклдерге Кыргыз драма театрынын актёрлорун кошкула же кеткиле” дешти. Биз кеттик. Башында кыйын болду. Акчабыз жок, имаратыбыз жок. Бир гана 2 мүшөк идеябыз, иштөөгө, изденүүгө умтулуубуз гана бар. Ошондо ССРдин Эл артисти, Театр ишмерлери союзунун жетекчиси Чолпонбек Базарбаев конторасынан бир бөлмө берип жардам кылды.

Акчадан кыйналдык. Спектакль коюп жан бага албасыбызды түшүнүп, айла жок концерт коё баштадык. Театрлаштырылган концертти алгачкы жолу биз бердик. Спорт ордосуна 3 күн концерт берсек, эл кетпей койду. Концертибиз 7 күнгө узарды. Ошко барганда 12-15 күндөп берчүбүз. Буга жетиш үчүн да көп эмгек кылдык. Концерттерибизге эч ким келбей койгон, 20-30 гана киши келген учур болду. Башында Ошко гастролго барып, бир тыйыны жок кайтканбыз. Тапканыбыз бензинге, тамакка, жашаганга гана кетиптир. Арабыздан айрымдар шалпайып калышты. “Минтип жашай албайбыз, тарайлы” дешти. Жаңы идея керек болду. Өзүбүздү элге таанытуубуз керек экенин түшүндүк. Телеге чыгышыбыз керек деп, Эгемберди Чалабаев экөөбүз “Келгилечи, күлөлү” комедиялык программасына тамашаларды жазып, аткара баштадык. Эл күтүп көргөн берүү болду. “Келгилечи, күлөлү” деп концерт койсок, эл көп келди.

“БИР ЭПИЗОДДУ БИР КҮН ТАРТКАН МЕЗГИЛГЕ КАЧАН ЖЕТЕМ ДЕП ОЙЛОНОМ”

– Режиссёр катары алгач “Аян” деген кино тарттым. Сценарийин өзүм жаздым, режиссёрлук кылдым, башкы ролду ойнодум. Мен эч качан режиссёр болом деп жулунган эмесмин. Жагдай ушундай болду. “Аян” тасмасын тартыш үчүн Алматыдан режиссёр чакырганбыз. Кинонун 10 пайызы тартылып калганда режиссёр кетип калды. Улантыш керек болду. Жамал Сейдакматова “Мурат, сценарийин сен жазгансың, сен тартасың, бүттү” деп койду. Ошентип тартып калдым. “Чиркин өмүрдү” тартканда да ушундай окуя болду. Жеңишгүл Өзүбековага сценарийин жазганга жардам бергем, башкы ролду ойноп жаттым. Анда КТР “4 серия тартып көргүлө. Жакшы болсо улантасыңар” дептир. 4 серияны тартып, көрсөтүп, уландысын тартыш керек болгондо режиссёр жок болуп калды. Эмне болгону эсимде жок. Ошондо да кесиптештерим “сен тарт” деп тарттырып коюшкан.

Өзүмө режиссёрлук көбүрөөк жагат. Бирок менде актёрлук көбүрөөк. Анткени мен режиссёр катары иштеп жатканда да актёрлорго жан тартам. Актёр куласа, бир жери ооруп калбасын деп ойлоном, сыз жерге жатыш керек болсо, “үшүп калбасын, астына бир нерсе салып койгула” дейм. Чыныгы режиссёр актёрдун кыйналып жатканын ойлобойт.

Режиссёр катары бир канча кино тартсам да, өз киномду тарта элекмин. Кино тартып бүткөндө “оо, ушул менин кином турбайбы” деген ой келиши керек, андай ой келе элек.

Кино тартканда каражат жетишпей, убакыт тар болуп шашып тартып жаттым. Бир эпизодду бир күн майын чыгара тарта турган мезгил мага качан келет деп ойлоном. Мисалы, “эмнеге кызыл алып келдиңер, ал көк болушу керек?” десең, “көк жок экен” деген жооп угасың. Анан ошого макул болуп тарта бересиң. Мен тасмаларымды ушундай шарттарда тартканыма ичим ачышат. “Жок, кызыл таап келгиле” деп талап койгон мезгилге качан жетем?” деп ойлоном.

Наам боюнча нааразычылыгым жок. Наамды татыктуулар алса кубанасың. Бирок тааныш аркылуу же жылкы союп чоңдорду сыйлап наам алгандарды көрдүм. Мен бирөөнүн алдына барып кошомат кылып же акча бербейм. Эмгегимди эл билсе болду. Талант деген өтө чоң сөз. Бизде миң жылда, жүз жылда бир жаралчу Муратбек Рыскулов, Болот Миңжылкыев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттар бар. Талант деген сөз мага карата колдонулганда тартынам. Балким, жөн гана жөндөмдүүмүн, балким, талантым деле бар. Аны көрүүчүлөр айтышсын.

Венера Сатылганова, ырчы, актриса, Мурат Мамбетовдун жубайы: “ЭЛ АРТИСТИ НААМЫ ИЛГЕРИ ЭЛЕ БЕРИЛИШИ КЕРЕК БОЛЧУ”

– Мурат убакытка так, жоопкерчиликтүү, бир ишти баштаса, ошол ишке баш-оту менен кирип кеткен адам. Үй-бүлөнү, ден соолугун да унутуп коюп, баштаган ишине өзүн берип коёт. Немистей так жүрөт. Эч жакка кечикпейт, эрте да барып албайт. Мен мурда кечигип эле жүрчүмүн. Мурат мени тарбиялады. Азыр тойго барарда “6га чакырса 7де башталат да” десем, “канчада башталса да чакырган убакытка барыш керек” деп алып кетет.

Кандай иш баштабасын мени менен кеңешет. Киного тартылуу боюнча сунуш түшсө сценарийди окутуп, “мага жарашабы?” деп сурайт. Мен оюмду айтам. Кино тартса да алгач мага көрсөтүп, оюмду сурайт. Мурат “эркек кишинин жумуштан үйгө шашканы жакшы. Мен үйгө шашам, силер мага дем-күч бересиңер” дейт. Эл Муратты Эл артисти деп ойлошот. Эл артистин илгери эле алышы керек болчу деп ойлойм. 2 киного тартылып, 2 ыр ырдап деле наам алгандар бар. “Аракет кыл” десем, “бербесе койсун, жалдырамак белем?” дейт.

Эгемберди Чалабаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “МУРАТ МЕНЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУБУЗ БИР БОЛДУ”

– Мурат менен Кыргыз драма театрына келип иштеп калганда таанышкам. Кийин пикирлеш болуп “Тунгуч” театрын түзүп, өзүбүзчө бөлүнүп кеттик. Оюбуз, максатыбыз бир болду. Чыгармачылык жолдо дайым чогуу болдук. Азыр да экөөбүз тең Искусство институтунда жаштарды тарбиялап жатабыз. Мурат эмгекчил, пунктуалдуу, кесибине чын дилинен мамиле жасаган, адал эмгек кылган таза киши. Анан жаңычылдыктын артынан жүргөн киши. Жаңычылдык болуп турбаса чыгармачылык токтоп калат. Мурат муну жакшы түшүнөт. Азыр да изденүүнүн үстүндө жүргөн мугалимдердин бири. Кыргыз драма театрында иштеп жүрүп “Тунгуч” театрын түзүп кетпедикпи. Анда деле жылуу ордун муздатпай иштей берсе болмок да. Бирок ал жаңы нерсени каалады. Андан кийин режиссёр, сценарист катары ачылды. Театрдан кетүүсү анын чыгармачылыктагы башка мүмкүнчүлүктөрүн ачты. Мурат кыргыз искусствосуна чоң салым кошкон таланттуу адам.

Жеңишгүл Өзүбекова, драматург, сценарист, продюсер: “МУРАТТЫН ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮН, УЛУУЛУГУН СЫЙЛАЙМ”

– “Чиркин өмүрдү” тартабыз деп калганыбызда “ушундай сериал тарталы деп жатабыз, кол кабыш кылчы” деп суранып чакырдым. Анда анын популярдуу кези эле. Макул болуп келди. Сценарий жазганга жардамдашты. Эксперимент катары алгач 4 серия тартмакпыз. Бекжан Айткулиев деген кино өнөрүндөгү таланттуу жигит бар эле. Кесиби оператор, бирок өзү сценарий жазып, режиссёрлук да кылып жүрчү. Сериалды Бекжан тартып баштады. 4-сериядан кийин Бекжандын көзү өтүп кетти. Андан кийин “Чиркин өмүрдү” Мурат жоопкерчиликти алып тарта баштады. Бул сериалды штативинин башы шылкылдаган 1 гана камера менен тартканбыз. Сериалга жалпы 180 миң сом гана бөлүнгөн. Калганы элдин жардамы менен ишке ашты. “Үйүңдү берип турчу, арабаңды берип турчу” деп элден жардам сурап тартканбыз. Эл артисттери күнүнө 200 сомдон гонорар алып иштешти. Ал дагы күн сайын боло бербейт.

Ушундай шарттарда сериал тартууга жоопкерчилик алуу чоң эрдик деп эсептейм. Оор болду. Андан кийин “Апамдын махабатын”, “Кууш жолдону” деле бир камера менен тартканбыз. Бир камера менен сериал тартыш кандай кыйын экенин элестетсеңер.

Мен башка режиссёрлор менен да иштешип көрдүм. Улам үйүндөгү маселелерин айтып, акча эле сурай бергендер бар, өзүн кыйын сезип керсейгендер бар. Муратта андай сапаттар жок. Анын үйүндөгү маселелерин сыртка чыгарганын да уккан жокмун. Ач көздөнбөйт. “Мындай болсо иштебейм” дебей мүмкүнчүлүктөргө карата мамиле жасайт. Төшөккө карап бутту сунуп, акыл менен калчап, иштин пайдалуулугун көздөйт. Бүгүн болбосо эртең болот деген топуктуу адам.

Драматургдун жүрөгүндөгүнү айттырбай түшүнгөн, эмнени жазганыңды туура тилге которо билген режиссёр чанда кездешет. Мурат ушундай, ал оюмду окуйт, керектүү жерден кошумчалайт.

Мурат жөнөкөй киши. Жаркыраган нерсе тартып келсе да “билбейм, жакшы же жаман деп айта албайм, силер көргүлөчү” дейт. Эч качан өзүн жарнамалабаган, керсейбеген, көкүрөгүн көтөрбөгөн улуу талант. Мен анын жөнөкөйлүгүн, улуулугун сыйлайм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aibike17
2020-11-02 23:12:34
Ушундай таланттуу инсандарыбызды козу барда наам берип,котормолоп ,сыйлап алсак кандай жакшы болоор эле .Бул дуйнодон откондон кийин гана наам берип,",таланттуу эле ,укмуш эле"деп калышат биздикилер ...Бул кишинин баласы дагы майып болсо керек эле .
+9
al-abu-kinesz
2020-11-03 13:10:33
Эгерде Мурат байке Чокморов, Рыскуловдордон мурда жаралганда даназасы сап башында турмак, мурункулар баары бир алдыда да. Кыргыз искусствосуна чыйыр салган инсандардын ондук тобуна киргизсе жарашат Мурат байкени
+5
Gulnaz27
2020-11-04 04:59:35
Биздин мамлекет ушундай залкар, таланттарга качан наам берет болду экен?
+2
Bakbai
2020-11-06 08:00:08
Мен бул агайдын наамы бар деп ойлопмун биздин наам бергичтерибиз кимге бергенди билбесем коомдогу көр акмактар турбайбы .давно бериш керек болчу .таланттуу агай ю
+3
mira28
2020-11-07 11:11:46
Самара Каримовага берилген наамды эстегенде тфу ушул жасалма, жем кор, адилетсиз бийлике деп жиним кайнап кетет. Далай Жан кейитип искусство го чон салым кошкон инсан дар четте, унутта калып, анан кайдагы чайылдактар элдин пулун топтоп алып ошол акчага наам сатып алып жатканы жанды кейитет.
+2
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА