ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 2-НОЯБРДАН 8-НОЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Маанилүү чечимдерди кабыл албай туруңуз, абалга туура эмес баа берип алышыңыз ыктымал. Чөйрөдөгүлөргө мээрим чачсаңыз иштериңизди бүткөргөнгө кол кабыш кылышат. Айлык акы масе­­лесине байланыштуу сүйлө­шүү­лөр жүрөт. Жаңы таанышуу­лар­­ күтүлөт. Акчалуу болуп, керек­сиз нерселерден арылып, жаңы­ларына орун бошото баштайсыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Эч кимден эч нерсе күтпөңүз жана эч нерсеге үмүт артпаңыз. Жума күнү буга чейин чечкинсиз болуп кирише албаган иштерди колго алсаңыз аягы ийгиликтүү бүтөт. Жекшембиде эч ким менен урушпай, бирөөнүн ишине кийлигишпей тиричилигиңизди кылыңыз, китеп окуңуз, өзүңүздү сырттан карап көрүп сындан өткөрүңүз, өзгөрүүнү ойлонуңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Айрымдар алыс сапарга чыгып, таасирлерге байып келишсе, кээ бир эгиздер коомчулукта өзүн көрсөтүп, оозго алынышат. Белек алууга акча коротууңуз күтүлүүдө. Эски катнаштар жанданат. Жолугушуулар болушу мүмкүн. Суранычтар боюнча бирөөлөрдүн бир иштерин бүткөрүп бересиз. Күтүлбөгөн жаңылык угууга даярдана бериңиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сиздин аптаңыз, эмнеге кириш­сеңиз да баары ойдогудай бүтөт. Утушка же олжого ээ болушуңуз мүмкүн. Балдарга кам көрүү сизге ырахат тартуулайт. Маанайды бузбаш үчүн үйдө майда-баратка киришпөө керек. Көптөн бери көрүшпөгөн досторуңуз менен жолугасыз. Айрымдарга кыймылсыз мүлк жаатындагы документтерди бүткөрүү керек болот.


АРСТАН (23.07-23.08)

Түгөйүңүздүн эркиндигин, укугун сыйлап, чырдашуудан качыңыз. Мамиле муздабашы үчүн кам көрүңүз. Жакындарыңыздын материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүсү сизге канат байлатат. Кара жумушту чени менен жасабасаңыз, бир жериңизди оорук­сунтуп алууңуз мүмкүн. Жоголгон буюмуңузду кайтарып берүүлөрү мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада каржылык иштерди жүр­гүзүү кооптуу, чыгым алып келет. Жаңы таанышыңыз бир кере­ги­ңизге жарайт. Кеңсе кызматкер­лери доку­мент­терди тактоолору зарыл. Жакын арада текшерүү жүрүп калышы мүмкүн. Сүйүүдөн көңүлү калгандардын жолуна тагдыр жаңы сүйүүнү жазат. Бизнесмендер өнөктөштөрү менен жаңы маселени талкуулашат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Апта башында энергия аз болгондуктан өзүңүздү аяп, чоң иштерге киришпеңиз. Апта ортосунда өнөктөштөрдү эпке келтире алсаңыз чоң киреше сиздики. Сапарга чыгууну, келишим түзүүлөрдү ийгилик коштойт. Пайдалуу маалыматтарга жана белекке ээ болосуз. Апта аягында унутчаактык бир ишиңиздин бүтөрүнө тоскоолдук кылат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Апта чыңалуу менен башталат. Сизди жолугушуу, таанышуу, жаңы пландарды түзүү күтөт. Апта ортосунда күтүлбөгөн окуя чыгып, ата­йын адистердин кеңеши керек­те­лет. Шашып жүрүп акча жоготуу­дан сак болуңуз. Апта аягын­да бирөөлөрдү тосуп аласыз же узатасыз. Чакырган жерге өзүңүздү жакшы сезбегенден улам барбашыңыз ыктымал.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Туугандар сизден жардам су­рап, алардын айтканын аткарууга туура келет. Апта ортосу жагымдуу жаңылыгы менен кубантат. Конокко барууңуз ыктымал. Чөйрөңүздөгүлөр мурун болуп өткөн окуяны козгоп, териштирүүлөр жүрөт. Нейтралдуулукту карманыңыз. Апта аягында бир кезде жашооңуздан чыгып кеткен адам пайда болуп таң калтырат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сынды жүрөккө жакын кабыл албай, токтоолук менен баарын өз ордуна коюңуз. Иш командаңарга жаңы адамдар кошулат. Күтүлбөгөн кабар буга чейин түзгөн планыңызга өзгөртүү киргизүүгө, ойлонууга түртөт. Каржылык киреше орточо болот. Бойдоктор өкүнүп калбоо үчүн сүйүү жаатында чечим чыгарууда жети өлчөп, бир кесүүлөрү керек.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптанын башында жакында­рыңыздын сизге болгон камкордугу кыйынчылыкты­­ же­ңүү­гө дем берет. Кыз­ма­тыңызга жаңы тартип, көрсөтмө кириши мүмкүн. Эл менен тил табышып, өзгөрүүлөргө бат ыңгай­лашуу зарыл. Анткени каржылык абалыңыз сизден көз каранды. Апта аягында үйдүн ыңгайлуулугу үчүн бир топ иштерди жасайсыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Сырткы таасирлерге берилбей, бирөөлөргө алданбай өз ишиңизди жасаңыз. Досуңуз айткан сунушту кабыл алардан мурун анын мыйзамдуу-мыйзамсыз жагын ойлонуңуз. Шашылыш бүтүрчү ишке жакындарыңыз жардам­дашат. Электр жылыткычтарына сак болуңуз, өрт чыгуу коркунучу бар. Колуңузга акча тийип, аласа-береселерди эсептешесиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-11-02 09:12:22
Меники туура чыгат дайыма
0
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан