Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков ата болду. Алар жубайы Чолпонай экөө ата-эне болуу бактысын 5 жыл күтүштү. Самат мырза менен ушул кубанычтуу жаңылыгы тууралуу кеп курдук. Муну менен катар маекте каарманымдын чыгармачылыктагы жаңылыктарына да орун бердик.
– Самат, кандайсыз? Бешик боосу бек болсун! Балалуу болгонуңузга жалпы эл кубангандай болду...
– Чоң рахмат! Балалуу болгондо элдин уулу болуп калганымды сездим. Сиз айткандай, жалпы кыргыз эли сүйүндү. 5-6 миңдей комментарийлер, 2 миңден ашык жеке кат аркылуу куттуктоолор келди. Телефон чалуулар токтой элек. Элим дагы “ушулар балалуу болушса экен” деп күтүп жүрүшүптүр. Баарыңарга чоң рахмат! Бул кубаныч менен кошо чоң жоопкерчиликти да сезип жатам.
– Балалуу болгонуңузду укканда кандай сезимдер болду?
– Доктур чыгып сүйүнчүлөдү. Жаңы эле сүйүнчүнү угуп өзүмө келе албай турсам, Рүстөм (ред.: Аскенов) чалып калды. Телефонду алып, бир топко эч нерсе дебей ойлонуп туруп калыптырмын. Анан барып Рүстөмгө сүйүнчүлөдүм. Таң атпай туугандарыма чалып сүйүнчүлөдүм. Алар да аябай кубанышты. Элдик адам болгондуктан, кубанычымды элим менен да бөлүштүм.
Кырдаалга байланыштуу баланы көрүүгө эч ким кире албайт экен, баланы да алып чыкса болбойт экен. Мен “силер айткан эрежелердин баарын сактайм, баламды көргөзүп койгулачы” деп аябай сурандым. Доктурлар да суранычымды четке кагышкан жок. Баланы алып чыгып көргөзүштү. Уулумду колума көтөрүп, боорума кыстым. Ошондо ушундай керемет сезим болду. Ал сезимди миллиарддаган байлыкка да алмашпайт болчумун. Мен ушинтип жатсам, келинчегимде меникинен да күчтүү сезимдер болуп жатса керек. Ал экөөбүз жакшылап отуруп сүйлөшө элекпиз. Балалуу болгондо аялдын көздөрүнөн энелик мээрим көрүнөт экен. Ошону байкадым.
– Сонун! Эне-баланы үйгө чыгарып келип алдыңызбы?
– Балам 29-октябрь күнү төрөлдү. 3-ноябрда үйгө чыгарып келдик. Жакындарыбыздын көбү “чогуу барып чыгарып келели” деп айтып жатышты. Бирок азыр пандемия учурунда төрөт үйүнүн алдына көп киши чогултуп алсам туура эмес болуп калмак. Ошондуктан туугандарым, жакындарым, досторумдан 10 чакты киши болуп барып чыгарып келдик. Жубайым менен баламды үйгө алып барып жайгаштырдым, баламды бир жыттап алып, сиздерге келдим. Апабыз (ред.: кайненеси) баламдын кыркын чыгарып, жубайымды тыңытайын деп жумушунан эмгек өргүүсүн алып Баткенден келди.
– Ат коюуга үлгүрдүңүздөрбү?
– Ооба. Келинчегим, апам (ред.: кайненеси) менен кеңешип, ыймандуу, эл керегине жараган, элине күйүмдүү мыкты жигит болсун деп Иман деген ысым ыйгардык. Өзүм азан чакырып атын койдум. – Бизде бойго жеткендерден “качан турмуш курасың?”, турмуш кургандан кийин “качан балалуу болосуң?” деп сурай беришет эмеспи. Мындай суроолорду кандай кабыл алчу элеңиз?
– Биз, кыргыздар, ушундай сонун калкпыз, “качан балалуу болосуң?”, “качан экинчиси, үчүнчүсү?” деп сурай берип көбөйө берет экенбиз. Бири-бирибиз менен ишибиз болбой калганга караганда, бири-бирибизден кабар алып, кабатырланып, сурап турган жакшы деп эсептейм. Сүйлөшпөй, ал-абалды сурашпай калсак, өзүбүздү ааламда жалгыз калгандай сезсек керек, жашоо да кызыксыз болмок. Ошонубуз менен сонунбуз. Дүйнөдө мындай эл жок болсо керек. Бул суроолор жиниме тийчү эмес. Бирок ар кандай комментарий жазып кеткендер болот. “Гастролдоп жүрө бербей балалуу болбойсуңбу” деген сыяктуу комментарийлерди окуп калсам, жаман болуп кетчүмүн. Бирок ага караганда бата бергендер көп болду. Элдин ак батасы менен минтип балалуу болдук, Кудайга шүгүр.
– Балалуу болууга атайын даярдык көрдүңөрбү?
– Биз балабызды 5 жыл күттүк. Көрсө, ушул учурда ата-эне болууга даяр болуп калыптырбыз. – Балага тарбия берүү боюнча атайын эрежелериңиз барбы?
– Буга чейин эле ини-карындаштарыма “балага туура тарбия бериш керек. Ата-эненин тарбиясынан көп нерсе көз каранды” деп айта берчүмүн. Кудай жаман көз, жаман сөздөн сактаса, аманчылык болсо, жубайым экөөбүз элиме кызмат кыла турган жакшы баланы чоңойтобуз деп ишенем.
Бала тарбиялоодо кайсы бир эрежени коюп алып, ушул эреже менен жашаш керек деген туура эмес. Аябай бош болуп, өтө эркелетип, көзүн караган да туура эмес деп ойлойм. Мен бала тарбиялоодо баланын эне тилин билүүсүнө басым жасалышына маани берем. Ушул темада туугандарым менен да көп талашам. Азыр балдар телефондон англисче, орусча мультфильмдерди көрө берип, тилдери орусча же англисче чыгып жатат. Башка тилдерди биле берсин, бирок тили кыргызча чыгышы керек деп ойлойм. Биз өз командабыз менен да ушул багытта иш алып барууну ойлонуп жатабыз. Онлайн кинотеатр ачпадык беле. Ошол жакка балдарга арналган кыргызча сериал, мультиктерди да тартып же башка тилден кыргызчага которуп жүктөйбүз.
– Жакшы. Чыгармачылыкта дагы кандай иштер менен алексиздер?
– Жогоруда айткандай, жакында онлайн кинотеатр ачтык. Чет жакта жүргөн мекендештерибиз да жаңы чыккан кыргыз тасмаларын көрсүн деп ушул долбоорубузду ишке ашырдык. Андан тышкары “Махабатизация” деген кинобуз чыкты. Бул кинону ошол онлайн кинотеатрыбызга жүктөдүк. “Шаршен Холмс” деген детектив сериал тартып жатабыз. Бул “Шерлок Холмстун” кыргызча версиясы болот. Анда мен Мансур деген терс каармандын образын жаратып жатам. Алдыда дагы чоң-чоң иштер – жакшы кинолор күтүп жатат. Ал тасмалар үчүн жаңы жүздөрдү да издеп жаткан учурубуз.
– 2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү болду. Майрамыңыз кут болсун!
– Рахмат. Учурдан пайдаланып мен дагы маданият өкүлдөрүн куттуктайм. Маданият чөйрөсүндө эмгектенип келе жаткандан кийин алардын арасында биз да барбыз, маданиятка салым кошуп жатабыз деп ойлойм. Келечекте дагы коомчулукту маданиятка чакырган көп тасмаларды тартабыз, буюрса. Маданиятыбызга бийлик тараптан дагы көмөк болсо, жакшы көңүл бурулса мындан дагы жакшы болмок.
– Буюрса, ал да болот деп ишенели. Сизге бакыт каалайбыз. Уулуңуз бактылуу жигит болуп чоңойсун!
– Рахмат, айтканыңар келсин!
КЫСКА СУРООЛОР:
– Достук же сүйүү?
– Сүйүү. Анын ичинде достук да бар.
– Байлык же атактуулук?
– Атактуулук болсо байлык да келет.
– Тоо же көл?
– Тоо. Тоого чыксаң көл да көрүнөт.
– Рок же поп?
– Поп.
– Театр же кино?
– Кино.
– Көк бөрү командасы: “Достук” же “Ынтымак”?
– Манас Ниязов.
– “Ну, погоди!” же “Мадагаскар”?
– “Ну, погоди!”
– Билли Айлиш же Ариана Гранде?
– Ариана Грандени тааныйм.
– Ольга Бузова же Ксения Собчак?
– Ксения Собчак кичине “скромныйраак” го.
Перизат Музуратбекова