ЫРЧЫ ГҮЛАНДА ГАРДЕРОБУ МЕНЕН ТААНЫШТЫРАТ

Ырчы Гүланданын гардеробунан ачык түстөгү сырткы кийимдерди, ар кандай таштар менен кооздолгон көйнөктөрдү көрсө болот. Бул жолу ырчынын кийимге болгон табити, модага көз карашы, чет жерден сатып алган кийимдери тууралуу сөз болот.

1. Сахнага, тойлорго жалтырак-жултурак көйнөк кийген жакшы көрүнөт да. Ошондуктан тойлор үчүн жалтырак-жултурак, ар кандай таштар менен кооздолгон көйнөктөрдү кием.

2. Кыргыз оймо-чиймелери бар көйнөктөрүмдү “Жар-жар” айтканда кием. “Жар-жар” үчүн көбүнчө дал ушул көйнөгүмдү суранышат.

3. Бул кымбат, бренд көйнөк. Муну курбу кызым белек кылган. Баасын айта албайм, бирок кымбат көйнөк.

4. Ушул кызыл көйнөктү өзүмдүн идеям менен тиктиргем. Азыр тойлорго кийип жүрөм. Мен муну жаңы тиктиргенде мындай көйнөк башкаларда жок болчу. Азыр барбы, билбейм. Аябай жакшы көргөн көйнөктөрүмдүн бири.

5. Тойлорго классикалык кийим, костюм-шым кийгенди жактырам. Бирок айрым күйөрмандар “көйнөк сизге жакшы жарашат” деп айтып калышат. Ошондуктан алардын каалоосун четке какпай, көбүнчө көйнөктөрдү кием.

6. Жакшы көрүп кийген күрмөм ушул. Өңү да, тигилиши да, жарашыгы да сонун. Муну 2-3 жыл мурун Египетке барганда алып келгем.

7. Бул “Blackglama” норка шубасы. Муну былтыр Дубайга эс алганы барганда сатып алгам.

8. Мен бийик такалуу туфлилерди жакшы көргөндөрдөн эмесмин. Бутка ыңгайлуу спорттук бут кийимдерди жакшы көрөм. Мындай бийик такалуу туфлилерди айла жок тойлорго, ар кандай иш-чараларга кием. Арасында чет өлкөдөн сатып алгандарым да бар.

– Гүланда айым, көйнөктөрүңүздү сатып аларда же тиктирүүгө буюртма берип жатканда эмнесине маани бересиз?

– Фасону да, түстөрү да бири-биринен башкача болсун дейм. Өзүм ак жана кара түстү жактырганым менен, ар кандай өңдөгү кийим кийгенге аракет кылам.

– Эң кымбат көйнөгүңүздү канчага сатып алгансыз?

– Бир кызыл көйнөгүм бар, аны миң долларга алгам. Ал бырышып калганы үчүн азыр сиздерге көрсөтө алган жокмун. Башка көйнөктөрүмдүн баасы ар кандай, 30 миң, 15-17 миң сом жана мындан арзан бааларга алынган.

– Күнүмдүк турмушта кандай стилде кийингенди жактырасыз?

– Спорттук бут кийимдер менен спорттук костюмдарды жакшы көрөм.

– Башка жакта да кийимдерим бар деп калдыңыз...

– Ооба. Үйдө акыркы 2-3 жылдагы кийимдерим болсо, ага чейинки көйнөктөрүм башка жактагы гардеробдо сакталып турат. Мен мурда кийилбей калган кийимдеримди башкаларга бере берчүмүн. Азыр да ырымдап белек катары сурагандар көп. Бирок бир сыйлуу эжем “өзүңдүн кийимиңди ырымдап болсо да башкаларга бергенге болбойт” деп калды, ошондон кийин бербей калдым. Анткен менен кайда батырмак элем? Жакшы көргөн адамдарга бере берсе болот.

– Кийим адамдын мүнөзүнөн кабар береби?

– Адамдын кийингенине карап ал адамдын жашоо образын, табитин жана башка көп нерсени билсе болот деп ойлойм. Адамдын көркү чүпүрөк. Ошол чүпүрөк адамды көркүнө чыгарып же сулуулугун жашырып коюшу мүмкүн. Бирок мен мода кууп кийингендерден эмесмин. Мода деп жарашыксыз кийинип алган туура эмес деп ойлойм.

– Жолдошуңуз атайын алып берген кийимдериңиз барбы?

– Бардык кийимимди Айбек (ред: Карымов) алып берет. Өзү кошо тандашып жүрүп алып бергени жогоруда көрсөткөн шуба болду окшойт. Ал менин кийингениме кийлигишпейт. Кайсы жакка кандай кийинип барышты өзүм чечем.

– Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Ырчы Гүланда гардеробу менен тааныштырат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sultan_bek
2020-11-09 10:06:34
Гуланда дайыма ушунда жаш, сулуу бойдон кала бер. Эч качан каарыба. Талантын оркундой берсин. Сиздей сулуу айымдар бизде коп болсу. Сулуулук дуйнону сактайт. Сулуу аялды эркек барктайт.
0
iryi1
2020-11-09 10:19:38
Гуланды эжебиз вечная красавица.
+2
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан