Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болчулардан документ кабыл алуу уланууда. 4-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 5 адам арыз тапшырды.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Кыш болбойт” деген сөзү менен таанымал Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, жарандык активист Назарбек Нышанов жана саясатчы, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов БШКга арыз тапшырды. Президенттик шайлоого катышарын буга чейин премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да билдирген.
3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушууда Садыр Жапаров шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол берилбей турганын айтты. “Административдик ресурс – шайлоолордо элдин кыжырын келтирген көрүнүш. Мен өзүм биринчилерден болуп буга каршы күрөшөм. Ыйгарым укуктарымдын баарын өткөрүп берип, катардагы талапкер катары шайлоого катышам”,- деди Жапаров.
Талапкер көрсөтүү мөөнөтү ушул жылдын 14-ноябрына чейин деп жарыяланган. 6-декабрга чейин талапкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча тесттен өтүүгө тийиш. 14-декабрга чейин талапкерлер катталып бүтүп, 15-декабрда үгүт иштерине старт берилет.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Мыйзамга ылайык, жарандар саясий партиялардын атынан жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкер боло алышат.
Жумабай Акимов