САДЫР ЖАПАРОВ: “ЧЕК АРА КЫЗМАТЫН УКМКга КОШУУ КЕРЕК”

“Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берүү керек”. Мындай пикирди 2-ноябрда Баткен облусунда эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров айтты. Чек ара талашы коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечилерин белгилеп өттү. Жапаров облустагы Көк-Таш – Тамдык жана Ак-Сай – Рават унаа жолдорунун курулушун көрдү.

Ал Баткен облусунда эпидемиологиялык абал курч экенин белгилеп, жергиликтүү жетекчиликке ооруканаларды бардык дары-дармектер жана медициналык кызматкерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыздоону тапшырды. "Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары менин көңүл чордонумда дайыма турат. Баткен – Кыргыз өлкөсүнүн картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз",- деди премьер-министр.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан