ТАЛАНТ МАМЫТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

Соңку 1 айдын ичинде парламент төрагасы үчүнчү жолу алмашты. 4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоого алышты. Тагыраагы, 100 депутат “макул” деп добуш берди. Ал эми парламентти үстүбүздөгү жылдын 13-октябрынан бери жетектеп келген Канатбек Исаев спикерлик кызматын тапшырып, муну өзүнүн келерки президенттик шайлоого катышуу планы менен түшүндүрдү. Маалыматка таянсак, Исаев президенттикке “Кыргызстан” партиясынын атынан талапкер болуп чыгары күтүлүүдө.

Жаңы спикер Талант Мамытов мурдагы төрагалар Дастан Жумабеков менен Канатбек Исаевге жыйындар залынан ак калпак кийгизип, чепкен жапты.

5-октябрдагы окуялардан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кызматын тапшырып, ордуна 6-октябрда депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланган. 10-октябрь күнү Абдылдаев отставкага кетип, ордуна депутат Канатбек Исаев шайланган эле.

Айта кетсек, 5-октябрдагы окуяларда Ак үйдүн имараты талкалангандыктан, Жогорку Кеңештин жыйындары мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жатат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан