ДОЛЛАРДЫН НАРКЫ 84 СОМГО ЧАМАЛАДЫ

Өлкөдө соңку аптада АКШ доллары кескин кымбаттап, 4-ноябрга карата 1 доллардын наркы 84 сомго чамалады. Тагыраагы, коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 83 сом 70 тыйындан сатылууда. Улуттук банк октябрь айында эки жолу интервенция жасап, валюта базарына 59,5 миллион доллар сатты. Бул акыркы жарым жылдагы эң ири интервенция.

Улуттук банк доллардын сомго карата кескин кымбатташы тууралуу буларды билдирди:

– 1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанып келет. Улуттук банк аны аныктабайт, болгону орчундуу өзгөрүүлөрдү жумшартуу аракетин көрөт. Бул жолу доллардын кымбаттап кетишине суроо-талаптын күчөгөнү, сырьёлук товарлардын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөрдүн чектөө киргизгени себеп болду.

Доллардын кымбатташы адатта элдин калың катмарына терс таасирин тийгизет. Мисалы, өлкөдө импорттук азык-түлүктүн баалары кымбаттап, сатып алуучуларга күч келет.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан