Дарыгер: “КОРОНАВИРУС МЕНЕН САСЫК ТУМООНУ АЙЫРМАЛОО МҮМКҮН ЭМЕС”

Коронавирус дарты менен сасык тумоону айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Мындай маалыматты 3-ноябрда пульмонолог Талант Сооронбаев билдирди. Эки илдеттин тең белгилери окшош экенин, дарылоо ыкмалары бирдей болушу керектигин айтат дарыгер. Эгер адамдын дене табы көтөрүлсө, ал обочолонуу режимин жана дарыгерлер айткан талаптарды так аткарышы зарыл дейт.

Талантбек Сооронбаев коронавирус менен ооругандардын дээрлик 80 пайызына рентгенге түшүү же өпкөнү компьютердик томографиядан өткөрүүнүн кереги жок экенин кошумчалады.

“Бул ашыкча чыгымга учуроо жана илдетти жуктуруп алуу тобокелдигин күчөтүү. Дарыгердин көрсөтмөсү менен, оорунун белгилери билингенден 6 күндөн кийин гана жасатуу керек. Үйдө дарыланып жаткан бейтаптар такыр эле ПЦР-анализ тапшырбай коюшса болот. Эгер оору жеңил өтүп жатса, анда эч кандай изилдөөнүн зарылдыгы жок”,- деди адис.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында аталган илдетти жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканын билдирди.

"Учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында ооруну жуктургандардын саны көбөйүүдө. Бишкек шаарында кыйла жогору. Биз калктын иммундук катмарын изилдей баштадык. Анализ алганыбызда вирустун эң аз антителосу Жалал-Абад, Ош облусунун аймактырындагы илдетти жуктуруп алган тургундардан аныкталган",- дейт Үсөнбаев.

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда 3-ноябрга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 60 279га жетти. Мунун ичинен 51 288 адам айыгып чыкты. 3367 адам ооруканаларда дарыланууда, 56 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2265 бейтаптыкы орто оор, 937 бейтаптыкы оор, 109 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. Өлкөдө аталган илдеттен каза болгондордун жалпы саны – 1159.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан