БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК-НОВОСИБИРСК АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНА ЭЛЕК...
Октябрь айында Кыргызстанда 1 милиард 286 миллион 78 миң киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылганын “Улуттук электр тармагы” ишканасы билдирди.
Балбак Түлөбаев: “Бишкекте 15-20-ноябрь аралыгында коронавирус эпидемиясы боюнча эң жогорку көрсөткүч катталышы мүмкүн”.
Жарандык авиация агенттиги: “Бишкек-Новосибирск аба каттамы жандана элек”.
Финпол: “Таласта төө буурчактын баасын негизсиз арзандаткан алып сатарлар аныкталды”.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп Элчибек Жантаев дайындалды.
БШК мүчөлүгүнөн кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна мурда аталган органдын төрагасы болгон Акылбек Сариев бекитилгени жатат.
Нурбек Козубеков “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын жетекчиси болуп дайындалды.
ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан маалымдашты.
Бишкектин “Тазалык” ишканасына быйылкы кышта жолдорго кам көрүү үчүн 6500 тонна туз керек болсо, учурда анын 4340 тоннасы бар.
Мамлекеттик “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жатканда кармалды.
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 10 айында 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салык жана төлөм чогултту.
3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 14 миллиард 772 миллион 72 миң метр куб суу бар, бул 2019-жылдын ушул күнүнө караганда орточо 2,2 миллиард метр кубга аз.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.