Одилжон Абдурахманов, футболчу: “ЧЕТ ЭЛДИК КҮЧТҮҮ КЛУБДАРДА ОЙНОСОМ ДЕЙМ”

Өлкө кубогун жеңип алган Оштун “Алай” командасынын капитаны, “Мыкты оюнчу” наамына татыган Одилжон Абдурахманов биздин маек төрдө. Ал бардык ийгиликтерге “Алай” клубу менен жеткенин белгилеп, мындан аркы футболдук карьерасын чет элдик клубдарда өнүктүрүүнү көздөп жатканын айтат.

ФУТБОЛЧУ ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы – 1996-жыл, 18-март

Туулган жери – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары

Салмагы – 84 килограмм

Бою – 183 сантиметр

Ойногон клубу – “Алай”

Амплуасы – Жарым коргоочу

Катар саны – 7

Учурда – Футбол боюнча Улуттук курамдын оюнчусу

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү



– Салам, Одилжон, ден соолугуң жакшыбы?

– Саламатсыздарбы, жакшы, рахмат.

– Өлкө кубогун жеңип алдыңар. Чемпион болушуңар менен куттуктайм!

– Чоң рахмат. “Өлкө кубогунун мыкты оюнчусу” аталдым. Быйыл “Алай” клубу Кыргызстан кубогун жеңип алдык. Бул команда үчүн чоң жетишкендик болду. “Алайдын” курамында ойногон 5 жыл аралыгында буга чейин Өлкө кубогунда жеңүүчү болгон эмесмин. З ирет Өлкө чемпиону болдум, Суперкубок, Фергана кубогун дагы алганбыз. Бир гана ушу Өлкө кубогун ала элек болчумун. Ага да жеттик, ушуну менен Кыргызстандагы бардык трофейлерди алдым десем болот.

– Өлкө кубогун жеңип, "Алай" клубу 2021-жылдагы АФК кубогуна жолдомо алды. Ага карабай сезон жыйынтыкталары менен сен баш болгон бир топ мыкты оюнчулар клуб менен коштошту. Бул клуб үчүн кыйынчылык жаратат деп ойлойсуңбу?

– Биринчиден, оюнчулардын клуб менен түзгөн келишимдери бүтүп жатат, меники дагы бүттү. Ооба, чынында, клубдун жакшы оюнчулары кетип жатат. Албетте, клуб оюнчулар менен келишимди узартууга аракет көрдү. Бул “Алай” клубунун көп жылдык эмгегинин үзүрү болчу. Дароо жакшы команда түзүү оңой иш эмес. Мен ийгиликтерге ушул клуб менен жетиштим. “Алай” клубу кайда болбоюн менин жүрөгүмдө болот. Оюндарын дайыма көрүп, колдойм. Клуб өссүн, өнүксүн, ийгиликтерди гана каалайм. Башка клубдарда “Алайдын” күйөрмандарындай күйөрман жок. Бизди колдоп, жан үрөп келген күйөрмандарга рахмат.

– Чет элдик клубдардан сунуш түшүп жатабы? Футболдук карьераңды кай жакта улантуу пландарың бар?

– Кетүүгө убакыт келди. Мага Кыргызстандагы башка клубдардан деле чакыруулар түшүп жатат. Бирок өзүмдү чет элдик чемпиондуктарда сынап көрүү ниетим бар. Кудай буюрса, күчтүү чемпиондуктарда жакшы оюн көрсөтүп, Кыргыз өлкөсүнүн атын чыгарууга болгон күч-аракетимди жумшайм. Учурда Өзбекстан, Орусия, Беларусь өлкөлөрүнөн чакыруулар бар. Буюрса, булардын арасынан мага ылайыктуу жакшы вариантын карап, башка мамлекетке кетем деп турам.

– Быйылкы чемпиондуктун өзгөчөлүгү эмнеде болду деп ойлойсуң?

– Пандемия шартында быйылкы чемпиондук ар 2 күн сайын орун алып, 14 тур эле болуп калды. Бул чынында аз, чемпиондук өтө тез өттү. Оюнчулар эс алууга үйлөрүнө кетишкен, чемпиондуктун кандай өтөрү алдын ала айтылган жок. Оюнга бир апта калганда чемпиондук башталат деп бизди чогултту. Балдар физикалык жактан оюнга даяр эмес болчу. Буга карабай чемпиондук жакшы эле деңгээлде өттү. Пандемия маалында ушундай чемпиондук өткөргөнү үчүн Футбол федерациясына ыраазычылык.

– Футбол ааламына кандайча келип калгансың? Үйдө сенден башка спортко кызыккандар барбы?

– Мен Кызыл-Кыя шаарында туулуп-өстүм. Кичинекей кезимден эле футболго, бокско кызыкчумун. Кызыл-Кыяда чакан оюн талааларында ойночубуз. Менин алгачкы машыктыруучум болгон Момун агайдын футболчу болушума салымы чоң. Мектептер аралык спартакиадаларга барчумун. Футбол ойносоң көп жерди көрөт экенсиң деп, ошондон улам кызыгуум күч алган. Ата-энем “спорт менен достош, футбол ойногонуңду токтотпо” дешчү. Үйдө зарыл жумуш болуп жатса дагы “биз кылып коёбуз, үзгүлтүккө учуратпай машыгууңа бар бер” деп мени бошотуп жиберишчү. Үй-бүлөдө эки бир тууганмын, менден улуу агам бар. Баарыбыз спортко кызыгабыз. Атам Союз мезгилинде бокс менен алектенчү, агам дагы мушкер, өлкө аймагындагы турнирлерге катышып жүрчү.

– Клубдук карьераң кандай башталган?

– Бишкекте “Абдыш-Атанын”, “Дордойдун” жаштар командаларында ойноп жүрдүм. Куршабдын “Алдиер” клубунда ойноп жүргөндө мени “Алайдын” курамына чакырышты. “Алай” клубу мага көп нерсени үйрөттү. Ийгиликтүү оюн көрсөттүм десем болот. Ар бир футболчунун эң башкы максаты – Улуттук курамда ойноо. Кудайга шүгүр, мен бул максатыма жеттим. Алгач олимпиадалык курамда ойнодум, кийин, 2016-жылы Улуттук курамга чакырылдым. Бул сөз менен айтып жеткире алгыс өтө чоң сезим.

– Пандемиядан улам быйылкы жылдын эсебинде Кыргызстан курама командасы эч кандай беттеш өткөргөн жок. Бул келечекте командага зыянын тийгизет деп ойлойсуңбу?

– Бул командага зыян деле тийгизбейт. Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун алкагындагы оюндар болор алдында команда даярданат. Башка өлкөлөрдө деле көптөгөн спорттук иш-чаралар 2021-жылга калтырылды. Андыктан баарыбызга бирдей эле. Болгону жакшы даярдык көрүш керек.

– Оюн талаасында футболчунун жоопкерчилиги канчалык?

– Футбол командалык оюн болгондуктан, оюн талаасында бир оюнчу жакшы ойной албай калса, бардык оюнчуга кыйынчылык жаратат. Ар бир оюнчунун өтө чоң жоопкерчилиги бар. Команданын намысы – бул оюнчунун намысы. Андыктан футбол талаасына чыкканда болгон күчтү оюнга жумшаш керек.

– Гол жаратуу жөндөм, ийгилик, даярдык, дагы эмнеден көбүрөөк көз каранды?

– Гол жаратуу үчүн ыңгайлуу учурду күтпөш керек. Бардык нерсе мээнеттен көз каранды. Канчалык мээнет кылсаң ошонун үзүрүн көрөсүң. Машыгууларды бир күн калтырдың дегиче башкалар сенден алдыга озуп кетет. Футболдо эң негизгиси баш иштеш керек, бут, кол жөн гана инструмент. Каякка пас чыгарып берип, кантип голго айландырууну билбесең, жыйынтык болбойт.

– Үй-бүлө күттүң, куш боо бек болсун. Үйлөнгөн соң өзүңдөн өзгөрүүлөрдү байкадыңбы?

– Бойдокчулук менен коштоштум. Үй-бүлө күтүүдө өтө чоң жоопкерчиликти моюнуңа аласың. Бойдокчулукка караганда үй-бүлөлүү жашоо жакшы экен. Бойдок кезде өзүм менен өзүм жүрө берсем, азыр биринчи кезекте үйдү ойлойм. Эң негизгиси, үй-бүлөң сени колдоп турганы маанилүү. Үй-бүлө күтүү футболго тоскоолдук жаратпайт.

– Жакынкы максаттарың менен бөлүшө кетсең.

– Максатым – чет элдик күчтүү чемпиондуктарда ойноо. Күчтүү командалар менен ойноп дагы да алдыга өсүү, өзүмдүн деңгээлимди өнүктүрүү ниетим бар.

– Футболдон тышкары эмне менен алектенесиң?

– Футболдон тышкары аңчылыкка кызыгам. Көбүнчө эс алууну тоо коюнунда өткөрөм. Атам, туугандарыбыз менен аңчылыкка чыгабыз. Агама кошулуп бокс менен машыгам.

– Аңчылыкка чыкканда коргоого алынган жаныбарларды атпайсыңбы же алдыдан чыккан эле жаныбарларды ата бересиңерби?

– Жок, баарын эле ата бербейбиз. Мыйзам чегинде аңчылык кылууга уруксат берилген жаныбарлар бар. Мисалы, биз көбүнчө коён, кекиликтерге аңчылык кылабыз.

– Маегиңе рахмат. Ийгиликтер коштосун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан