ГЕРМАНИЯДА ГАЗОН КЕСҮҮЧҮ РОБОТ УУРУДАН ӨЗҮН САКТАП КАЛДЫ

Германиянын Липпштадт шаарында робот өзүн уурудан сактап калды. Газон кесүүчү робот ээсине "оодарылып кеткендиги" жөнүндө билдирүү жөнөтүп, уурулардын аны уурдап кетүүсүнө тоскоолдук жараткан. Ууру роботту колтугуна алганда, робот мобилдик тиркеме аркылуу ээсине тескери абалда экендигин билдирген кат жиберген. Роботтун ээси дароо аны текшерүү үчүн чыгып, ууруну көрүп калган. Ал газон кесүүчү роботту таштай салып, качып кеткен. Азырынча полиция ууруну кармай элек.

Бул смартфондун билдирүүлөрү уурулуктан сактаган биринчи учур эмес. Жакында Австралиянын радио алып баруучусу телефонунан Тесла электромобилиндеги сигнализациянын иштегенин байкап калган. Көрсө, унааны уурдап кетишиптир. Бирок эпчил аял каракчыларды аралыктан шылдыңдап, ууруларды унааны таштап кетүүгө аргасыз кылган.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан