Нурмат Садыров унаа айдап баратып көбүнчө радиодон берилген ырларды угарын айтат. Өзүнүн ырларын унаасында эч ким жок кезде угуп, жаңы жаздыра турган чыгармаларын ырдап үнүн машыктырат. Багажында комузу, апасы үтүктөп берген "артист көйнөгү" салынуу бойдон жүрөт. Чыгармачылыктагы ак эмгеги менен аппак унаалуу болгон ырчы жигит темир тулпары тууралуу кызыктарды айтып берди.
Үлгүсү – Lexus LX 470
Жогорку ылдамдыгы – Саатына 220 чакырым
Кыймылдаткычынын көлөмү – 4700 сантиметр куб
Түсү – Ак бермет
Чыккан жылы – 2005-жыл
Баасы – 20 миң АКШ доллары
– Нурмат, салам! Рулда жүргөнүңө канча жыл болду? Алгачкы унааң тууралуу айтып берсең. Балким, ага жетүү азап болгондур же белекке алгандырсың...
– 2012-жылдан бери рулдамын. Биринчи унаамды байкем берген. Аныкын талашып эле айдап жүрчүмүн. Айдоочулук күбөлүгүм да жок болчу. Акырын айдап кетип, МАИ кызматкерлерине кармалып, унаа токтоочу жайга токтотулуп, үйдөгүлөр чыгарып кеткен учурлар болгон. Ал Камри үлгүсүндөгү унаа менен кырсыкка да кабылгам. Ошол 2013-жылы “Мен сүйгөн менен пайда жок” деген ырым популярдуу болуп, жаңы таанылып жаткан элем. Унаам да, акчам да жок болуп калганда “эң башкысы амандык, ден соолук турбайбы” деп калгам. Кудай ар бир кыйынчылыктын артынан жакшы ырыскы берип коёт экен. Ооруканада жаткан учурда концерттерге чакыруулар көп болду. Чоң гонорар төлөп түштүк жергесине концертке, Талас шаарында өткөн 4 күндүк концертке чакырышты. Ооруканадан чыгарым менен концерттерге катышып, андан түшкөн каражатты чогултуп, 10 күндөн кийин эле Ниссан Цефиро үлгүсүндөгү аппак унаалуу болдум. Үйдөгүлөргө унаа алганымды айткан эмесмин. Күтүүсүздөн айдап барсам апам күйпөлөктөп сүйүнүп, унаанын дөңгөлөктөрүн сары май менен майлаган эле. Алгачкы ак эмгегим менен алган унаам ошол болду.
– Кырсыктап калгам деп калдың. Сени бирөө сүзүп алдыбы же?..
– Мени сүзүп алган. Ал спирт ичимдигин ичип алыптыр. Ошондон кырсык болуп кетти. Унаам эч нерсеге жарабай калган. Аман калганыма сүйүнгөм.
– Эмне үчүн Лексус үлгүсүн тандадың?
– Буга чейин Лексус GS үлгүсүндөгү унаамды 4 жыл айдагам. Ал эми бул унаамды айдап калганыма досум Курал Чокоев себепкер болду. Ал унаа алып-сатып иштейт эмеспи. Бир жолу “бул унааңды 4 жыл айдадың, эми бийик унаа албайсыңбы. Жакшы унаа болуп калганда сага айтып коём” деп калды. Унаа менен иштегендер Лексустун LХ үлгүсүн макташат. Кыргызстан үчүн бышык, эркек унаа деп коюшат. Курал досум бир күнү ушул унаамды өзү айдап келип, “менде мүмкүнчүлүк болуп жатканда сага берейинчи. Бийик унаа сага жарашат, айда. Калганын көңүлдөн кыласың. Муну 4 жылдан бери айдадың” деп, GS үлгүсүндөгү унаамды өзү алган.
– Унаанын техникалык абалы тууралуу түшүнүгүң барбы? Бузулуп калса оңдой аласыңбы?
– Моторду ача калып, алдына жата калып оңдой алам деп айта албайм. Кичине сезимталдык бар. Бир жери титиресе, калдыраса, майы азайып баратканын сезип, каратып турам. Чыгармачыл адам болуп калганыма сүйүнөм. Көп учурда тааныштар жылуу мамиле кылышат. Жадакалса жол чыракка токтоп калганда күйөрмандар колун көтөрүп “ассалом алейкум, ырыңыз жакшы, чыгармачылыгыңызды сыйлайм” деп койсо көңүлүң көтөрүлөт. Унаа жуудурганы барып калсаң “Инстаграм баракчаңа эле чыгарып кой, жөн эле жууп беребиз” дешет. Май алмаштыруучу жайда иштеген досторум өздөрү чалып чакырып, жөн эле алмаштырып беришет.
– Кандай айдоочусуң?
– Жол эрежесин сактап кылдаттык менен айдайм, адыраңдап айдабайм. Рулду башкарып баратканда эч качан жинимди келтирбейм, кыялымды карматпайм. Сабырдуулук менен айдайм.
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдың беле?
– Окуп алгам. Унаага болгон кызыгуум күч болчу. Биринчиден, жол эрежесин билип алдым. Экинчиден, окуп алганда акчаң азыраак кетет.
– Коопсуз шаар долбоору ишке киргенден бери канча айып пул төлөдүң?
– 2 жолу, биринчисинде 15 миң, экинчисинде 12 миң сом төлөдүм. Той-топурда кызмат кылып, анын үстүнө бойдок болгонго айып пул төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок очойгон сумманы төлөп жатканда карапайым элге карата оюм өзгөрүлдү. Бул долбоор коопсуздук үчүн керек. Бирок үй-бүлөсүн, бала-чакасын багам деп такси кызматында иштеп жүргөндөргө кыйын болуп калат окшойт. Башында белгилер да туура эмес коюлуп калган учурлар болду. Ошондой учурларга туш болуп, айып пул төлөп калдым.
– Көлөмдүү унаа айдаган жигитке кызыгып караган кыздар көп болот дешет...
– Унаама кызыгып кыздар карайт деп айта албайм. Бул адамга кызмат кылган темир эле да. Меникинен да кымбат, жапжаңы боюнча салондон сатып алып айдаган мырзалар Кыргызстанда жок эмес.
– Жолдо жүргөндө унаа башкарып бараткан селкилерге тийишип каласыңбы?
– Мага тийишишет (күлүп). Тамаша, андай учурлар болот. Унаа айдап бараткан кыздар жакшынакай көрүнөт. Кол булгалап калышат. Бул мага жагат, жагымдуу, көнүп да калгам. Чыгармачыл адам болгондон кийин мен ушуну каалагам. Эл мени сыйлап, жакшы көрүп, чыгармачылыгымды таанып турса дечүмүн. Жол чыракта токтоп турганда “тааныбаса экен” деп жүзүмдү катпайм. Карашса карашып, кол булгаласа булгалап коём.
– Кээ бир айдоочулар унаам таарынып, тултуңдап калат дешет. Эркелетем деп да айтышат...
– Бул темир, дөөтү. Болгону таза кармаш керек деп ойлойм. Сүйүүңдү арнай бергендей адам эмес да.
– Көчөдө коомдук транспорт күтүп тургандарды жеткирип койгон учурлар болобу?
– Жамгырда калгандарга токтоп “каякка барасыз?” деп, каалаган жерине жеткирип койгон учурлар көп болот. Көп адамды жеткирип көңүлүн алгам. Карантин маалында да үйүнө, жумушуна жете албай калгандарды жеткирип жаттым.
– Унааңды сурап келген досторуңа бересиңби?
– Андай учурлар да болот. Бусу деген иним, Айбек, Тима деген досторум бар. Унаамда "артист көйнөктөрүм" жүрөт. Көчөдө жүргөндө той чыгып калса досторума айдатып, дароо артына өтүп которуна берем. Ресторанга баргыча бала дапдаяр болуп кийинип алат. Кээ бир учурда тойлорго конок болуп калсам мени жеткирип койгондон кийин айдап кетишип, иштерин бүтүрүп жүрө беришет. Кээде жапыз унаа айдаган досторум алыс жолго чыгарда “досум, сенин унааң бийик, айдап барып келейинчи” десе көңүлүмө жакын досторумдан аянбай берем.
– Маегиңе рахмат! Жолуң дайыма шыдыр болсун!
Динара Абдыкадырова