ЫРЧЫ ЖАНА ПРОДЮСЕР ЛУТФИЛЛА БУСУРМАНКУЛ УУЛУ КЫЗДУУ БОЛДУ
Ырчы жана продюсер Лутфилла Бусурманкул уулу 3-ноябрда кыздуу болду. Сүйүнүчтүү кабары менен бөлүшкөн ал буларга токтолду:
– Жубайым экөөбүз эки уулдан кийин кыздуу болдук. Уулдарыбыз 8 жана 5 жашта. Кызымдын төрөлгөнүнө сүйүнүп, толкунданып жаткан убагыбыз. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Кызымдын салмагы 3 килограмм 800 грамм, бою 52 сантиметр болуп төрөлдү. Тун уулумдун ысымын чоң атасы койгон, кийинки уулумдун ысымын атактуу ырчы Зейнеп Шакеева койду эле. Эми кызымдыкын ырымдап Гүлшайыр Садыбакасова устатыма койдурайын деп жатам.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-11-09 15:59:35
Клиптеги балдарго!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.