Биз социалдык тармакта

ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ КАЗАКСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов ойноп жаткан Алматынын "Кайрат" клубу Казакстанда Өлкө биринчилигинин аяктаарына үч тур калганда мөөнөтүнөн мурда чемпион болду.

3-ноябрда футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун 17-турунун алкагында "Кайрат" командасы өз үйүндө Көкшетау шаарынын "Окжетпес" командасын кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Бул көрсөткүч менен "Кайрат" клубу жалпы 44 упай топтоп, экинчи орунда келе жаткан "Астана" командасынан 17 упай ашып кетти. Калган беттештердин жыйынтыгына карабастан "Кайрат" клубу 2020-жылдагы Казакстандын чемпиону болду.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Antalyamanavgat
2020-11-11 15:35:49
Желегибизди белден үстүдө ташы жаш бала
-1
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан