3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көптөн күткөн көк бөрү боюнча Президентин кубогу турнири старт алды. Оюндар көрүүчүлөрсүз болууда. Кубоктун алкагында ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча дагы мелдештер өтөт.
Жогорку Лигада ойной турган командалар:
А тайпасы: «Ынтымак», «Ат-Башы», «Сары-Өзөн».
В тайпасы: «Достук», «Жаш-Күч», «Кара-Буура».
Биринчи Лигада ойной турган командалар:
А тайпасы: «Жети-Өгүз», «Төш-Булак», «Ала-Тоо».
В тайпасы: «Сокулук», «Четинди», «Келечек».
С тайпасы: «Ай-Тамга», «Мурас», «Тору-Айгыр».
D тайпасы: «Жумгал», «Суусамыр», «Көк жал».
Мелдештин 1-күнү биринчи Лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Анда "Сокулук" атаандашы "Четинди" командасын 9:0 эсебинде утту. Мындан сырткары, "Жети-Өгүз"–"Таш-Булак" 5:0, "Мурас"–"Ай-Тамга" 5:2 жана "Жумгал"–"Суусамыр" 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды.
4-ноябрь, мелдештин 2-күнү тайпалык оюндар орун алууда. «Ала-Тоо»–«Төш-Булакты» 12:1, «Келечек»–«Четиндини» 13:2 ири эсебинде жеңип алды. Жогорку Лигада мыкты делген «Ынтымак»–«Сары-Өзөн» командаларынын ортосунда кызуу беттеш орун алып, оюн 4:2 эсебинде «Ынтымактын» пайдасына аяктады. Ал эми «Достук» – «Кара-Буураны» 9:2 эсебинде жеңип алды.
Турнир 8-ноябрга чейин уланмакчы. Дал ушул күнү финалдык оюн орун алат.