МАНАС НИЯЗОВ «ДОСТУКТАН» ЭМНЕГЕ КЕТТИ, АЛ УЛУТТУК КУРАМДА ОЙНОБОЙ КАЛАБЫ?

Мыкты көк бөрүчү Манас Ниязов Президенттин кубогуна арналган турнирде жаңы түзүлгөн "Ала-Тоо" командасынын курамында Биринчи Лигада ойнойт. Эгер бул команда Жогорку Лигага чыкпаса, Манас өлкөнүн улуттук курама командасына кирбей, Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюнуна барбай калышы мүмкүн. Улакчы менен оюн алдында кыскача маектештик.

– Саламатсызбы, Манас мырза? Жаңы команда менен оюнга аттанып жатасыз, даярдыктар кандай?

– Саламатчылык. Жалаң жаш, келечеги бар балдарды бир командага чогулттук. Оюнга даярдыгыбыз абдан жакшы.

– Узак убакыттан бери чоң оюндар боло элек. Оюнду сагындыңызбы?

– Көптөн бери мындай турнирлер болбогонго оюн талаасын сагынып калдык. Бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз, буюрса, оюн көрсөтүү алдында турабыз.

– Бир нече жолку Өлкө чемпиону, өлкөдөгү мыкты командалардын бири болгон «Достуктан» жаңы түзүлгөн «Ала-Тоо» командасына өтүшүңүзгө эмне себеп болду?

– «Достук» командасынын курамында он жыл оюн көрсөттүм. Чемпион болдук, көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, мыкты оюнчу болдум. «Достуктун» жетекчилерине, командалаш улакчыларга күйөрмандарга абдан ыраазымын. Мен сунуштун үстүндө абдан көп ойлонуп, чечим кабыл алдым. Мындан ары өзүмдү жаңы командада сынайын дедим. Бул команда менен жаңы ийгиликтерди жараткым келди.

– «Достукту» Манассыз элестете албай калган күйөрмандарга эмне деп айтат элеңиз?

– Мен «Достуктун» күйөрмандарын сыйлайм. Үмүттөрүн актабай калсам кечирим сурайм. Жеке мени колдоп келген күйөрмандарга айтарым, алдыда дагы да сиздердин ишенимиңиздерди актоого аракет жасайм.

– Жогорку Лигада ойноп жүрүп, бул оюнда Биринчи Лигада ойнойсуз. Кандай максатта мындай кадамга бардыңыз? «Ала-Тоонун» Жогорку Лигага чыгуусуна мүмкүнчүлүк барбы?

– Буга чейин Жогорку Лигада ойноп келдим. Бул жолу Биринчи Лигада ойнойбуз. «Ала-Тоо» командасы ушул оюнда Жогорку Лигага чыгууга аракет кылабыз. Жок эмес, буюрса, чыгууга мүмкүнчүлүк бар.

– «Жети-Өгүз», «Төш-Булак» командалары менен бир тайпага түштүңөр. Негизинен башкы атаандаш боло турган командалар деп кайсыларды айтат элеңиз?

– Биринчи Лигада атаандаш боло турган «Келечек», «Мурас» деген жакшы ойногон командалар бар. Ушулар менен кызуу беттешебиз деп ойлойм.

– Улуттук курам менен оюн талаасына чыкпай калышыңыз мүмкүн экени айтылууда, бул боюнча алдын ала эскертилген дешти. Алдыда Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюндары бар. Ага Улуттук курамга кошулуп барбай каласызбы?

– Улуттук курама командага кирүү ар бир улакчынын, деги эле ар бир спортчунун кыялы деп ойлойм. Ал жакта башка өлкөгө барып эл аралык деңгээлде ойнойсуң, Кыргызстандын желегин көтөрүп, намысын коргойсуң. Андыктан Улуттук курама командага кирүү, өлкө атынан ойноо мен үчүн өтө маанилүү. Ушул мелдеште Жогорку Лигага чыгып кетсек, курама командага кошулам деп ойлойм. Бул үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

– Убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Ийгилик каалайбыз, көздөгөнүңөргө жеткиле.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 935, 5-11-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан