КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында карыздарды бериңиз, мамилелерди турукташтырыңыз. Тобокелге салынган каржылык операциялар чыгаша алып келет. Апта ортосунда чагымчылдардын айынан чырлар болушу мүмкүн. Апта акырында жашооңузга тоскоол болуп жаткан адамдардан алыстоону ойлонуңуз. Убакыттын көбүн үй-бүлө менен өткөрүп, эс алыңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Атаандаштардын бут тосууларына кабылуу коркунучу бар. Андыктан ойлонуп сүйлөңүз, туура эмес иш кылып жибербеңиз. Кирешеңиз аракетиңиз менен амалкөйлүгүңүзгө жараша болот. Кымбат нерселерди сатып алуу сунушталбайт. Кеңешке кайрылгандарга туура эмес жол көрсөтүп койбоо керек. Сүйүү мамилеси эргүү тартуулайт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Башкаларды да угуп, команданын катарында болуу кажет. Чыныгы жардамга муктаждарга кол сунуңуз. Ишкерлер сүйлөшүүлөргө кирише берсе болот, ийгилик коштойт. Жагымдуу эс алуунун ордуна кошумча милдетти аркалап калууңуз ыктымал. Акысын такташып алыңыз. Жакшы жана жагымсыз жаңылыктар катары менен жүрмөкчү.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашоо потенциалыңыз жогорку деңгээлде болот. Ишке өзгөчө мамиле жасасаңыз, жакынкы ийгиликтин өзөгү болуп берет. Кандай абал чыкпасын өзүңүздүн пайдага колдонууга жетишүүңүз кажет. Үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүү эртеңкиге болгон ишенимди бекемдейт. Тиричилик маселелерин чечүүгө жакындарыңыз жардам беришет.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сизди тең салмактан чыгарчу майда маселелер көп болот. Өзүңүздүн жана башкалардын да нервин сактаңыз. Терс эмоция тартуулоочу адамдар менен баарлашууну чектеңиз. Жетекчиликтин тилин таба алсаңыз карьераңызда өзгөрүүлөр болот. Эгер каржылык абалыңыз мүмкүндүк берсе кайрымдуулук жасаңыз. Кирешеңиз орточо болот.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ийгилик кушу ишенимдүү адамдар аркылуу келерин унутпай, аларга жакын болуңуз. Өзүңүздү сындап, ийгиликсиз кадамдар үчүн жемелебеңиз. Жумуш боюнча жолугушууларда өз оюңузга бекем туруңуз. Үйдөгүлөрдүн ден соолугуна кам көрүп, керектүү дарыларды алып бересиз. Күтүлбөгөн жерден белектүү болуп калышыңыз ыктымал.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чечүүгө алыңыз жетпей жаткан маселелерди ыңгайлуу убакка чейин коё туруңуз. Кышка карата бүтпөй калган даярдыктар убакытты, акчаны талап кылат. Бирөөлөр жашыруун сырын айтып, сизден моралдык колдоо күтөт. Жакын таанышыңыз жакшылыгын кошо бөлүшүүгө чакырышы ыктымал. Балдар жаракатка кабылбашы үчүн көз салыңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Туугандар менен мамиледе чыңалуу жаралбашы үчүн көпчүлүктүн айтканына көнүү керек. Материалдык абалыңыз оңоло баштайт. Өзүңүздүн жана үйдөгүлөрдүн коопсуздугу үчүн бузулган электр шаймандарын колдонбоңуз. Философия, искусство же динге кызыгуу өсүп, ошол багыттагы адабияттарга кызыгуу күчөйт.
Курч акылыңыз сизди шаңдуу компаниянын көзүрүнө айлантат. Бир нерсе сатып аларда жакшылап карап албасаңыз, алмаштыруу кыйынга туруп калат. Бүтпөгөн иштер колуңузду кармайт. Жакын адамыңыз керектүүңүздү алып келип берет. Бойдокторду романтикалык жолугушуу күтөт. Жүрөктөгү сезимди жашырбай айтууга батыныңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ашыкча тамаша менен жакыныңызды таарынтып алууга жетпеңиз. Жаңы тааныштарды табасыз. Унутулуп калган аласаңызды кайтарып берүүлөрү мүмкүн. Эң керектүүлөрдү гана сатып ала туруңуз, жакын арада ири суммадагы акча керек болот. Сизди таарынткан адамдарды кечириңиз, оор жүктү көтөрүп жүрүү жүрөккө, жан дүйнөгө да оор.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаңы чечимдерди кабыл алууга, жашоодо бир нерселерди өзгөртүүгө ылайыктуу апта. Ишиңиз жана жакшы идеяларыңыз менен элдин көзүнө түшө аласыз. Жаныңызга татыктуу адамдарды топтоңуз. Алар керек учурда бекем чеп болуп берет. Жаңы тааныштар күтүлөт, жакшылап баам салып, кимге кандай мамиле жасоо керектигин анализдеп чыгыңыз.
Эски достор менен үзүлгөн мамилелер жанданат. Акча жаатындагы иштерди эч кимге ишенбей өзүңүз бүтүрүңүз. Алданып калышыңыз мүмкүн. Бирөөдөн карызга акча алуу да сунушталбайт. Ооруп калбаш үчүн жылуу кийинип, убагында тамактаныңыз. Спорт менен машыгуу физикалык жана психикалык жактан энергия тартууламакчы.