ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

Эркек жыныстык катнашты бир күндө 2-3 ирет жасашы керек эмес. Жыныстык катнаш алдында аял көчүгүнүн алдына катуу жаздыкты жаздап, көчүгүн өйдө көтөрүп жатса, эркектин бел суусу сыртка агып кетпейт.
Эркек жыныстык катнаш бүткөн соң аялынын үстүнөн түшө качпай, 7-10 мүнөтчө жата туруусу зарыл. Аял болсо чалкасынан жаткан бойдон бутун өйдө көтөрүп, 30 мүнөтчө жата турат. Бул мезгилде эркектин урук клеткасы жатынга өтүп, бойго бүтүүгө шарт түзүлөт.

ЖАШ БАЛДАРДЫ ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ТАРБИЯЛОО
Эркек баланы келечекте ата, кызды эне болууга жыныстык жактан туура тарбиялабаса, жубайлык турмушта көп кыйынчылыкка учурашып, өмүрү өткүчө бактысыз жашашат.
Адамдын жыныс инстинкти адамдын кулк-мүнөзүн, жүрүш-турушун өзгөртүп (начарлатып же жакшыртып) аныктап туруучу тубаса чоң касиет болуп эсептелет. Күндөрдүн биринде кабыл алууга жаш аял келди. Ал 3 жашар баласы тууралуу сөз баштады.
Күндөрдүн биринде атасы 3 жашар баласын алып, ойношуна барат. Аны менен өбүшүп-жытташып, анан баланын көзүнчө жыныстык байланышка барат. “Балам эмнени түшүнмөк эле” деп экөө жыргалга баткан бөлмөгө отургузуп коёт.
Анан үйгө келгенден кийин баласы көргөн-билгенинин бардыгын апасына айтып берет. “Апа, мен терезенин жанында отурдум эле, атам бир аял менен чечинип жатты”. Бала колу менен көргөзүп, бир алаканынын үстүнө экинчи алаканын жаткызып, атасынын кандай кыймылдаганын туурап берет. Ошол жерден чатак чыгат. Күйөөсү актанып, “буга короодогу балдар үйрөтүп койгон го” дейт.
Ушундан улам айтар кеп, 3 жашар баланын бир нерсени эстеп калуу жөндөмдүүлүгү бир топ өнүгүп калат. Андыктан аны башка бөлмөгө бөлүп жаткызуу туура. Балдардын көзүнчө эч качан жыныстык катнашка барбоо керек.
Негизи, жыныстык жактан туура тарбиялоону балдардын кичине кезинен баштоо керек. Туура тарбиялоодо ата-эненин бири-бирине болгон мамилеси чоң роль ойнойт.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Almaz.
2013-09-13 00:50:07
чынында атат эненил ролу абдан чон
+1
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан