«Ынтымак» VS «Достук» 9:2 «ЫНТЫМАК» - ЧЕМПИОН!

3-8-ноябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан Президенттин кубогу үчүн көк бөрү командаларынын беттештери болуп өттү. Чечүүчү финалдык беттешке адаттагыдай атаандаштар «Ынтымак» менен «Достук» чыгып, байге талашышты. Мөөрөйдү «Ынтымак» илип кетти. Кыргыз Эль-Класикосуна айланган эки команданын беттешинен репортажга күбө болуңуздар.

БИРИНЧИ ЛИГА: ЖАҢЫ ТҮПТӨЛГӨН МЫКТЫЛАР

Өлкөдөгү эң ири мелдештердин бири болгон Президенттин кубогу мыкты деңгээлде өттү.

Улуттук оюн көк бөрү пандемияга байланыштуу көрүүчүлөрсүз өтөрү айтылган болчу. Ага карабастан көк бөрү сүйүүчүлөрүнүн келгенин көрдүк. Кызуу кандуу, чапчаң эрлер күрөшкө тойбой кайра-кайра жулкунуп жатканы оюнду ого бетер кызытты көрүнөт. Беттешти көрүп отурган күйөрмандардын уу-дуу кыйкырык-сүрөөнү оюнчуларга да дем берип жатты.

Биринчи Лиганын мыктысы аталуу үчүн өлкөнүн булуң-бурчунан келген командалар беттешти. Жаңы түптөлгөн мыкты командалар жана оюнчулардын көпчүлүгү жаштар болгондуктан беттештер кызуу жүрдү. Ошентип финалдык таймашта Ысык-Көлдүн «Мурасы» Оштун «Ала-Тоосу» менен кез келди.

Оюндун биринчи бөлүгүндө «Ала-Тоонун» улакчысы Манас Ниязов эсеп санын ачса, андан соң «Мурастын» оюнчулары удаасы менен каршылашынын тай казанына эки улак салып кетти. Биринчи тайм 2:1 эсеби менен соңуна чыкты. Экинчи бөлүктө болсо «Ала-Тоо» командасы эсеп санын теңөөгө жетишти. Бирок атаандаштары да катуу каршылык көрсөтүп, эки салым менен жооп кайтарып, эсепти 4:2ге жеткирди. Чечүүчү үчүнчү таймда эки команда тең бири-биринин тай казанына бирден улак таштады. Эсеп 5:3. «Мурас» командасы Биринчи Лиганын чемпиону аталып, Жогорку Лигага жолдомо алды.

Биринчи Лигада мыкты улакчы аталган Бейшеке Кадырбек уулу:

– Финал жакшы өттү. «Ала-Тоо» командасы деле күчтүү болчу. Кудай буюруп койгон окшойт, оомат биз жакка ооду. Көбүнчө ортого жана коргонууга басым жасадык. Бул биздин артыкчылыгыбыз болду. Ошону менен катар биздин аттарды суутуу жакшы болуп, аягына чейин чуркап берди. Кудай буюрса, аттарыбыздын 60 пайызын алмаштырып, ушул эле курам менен кийинки беттештерге чыгабыз деп турабыз.

Айта кетсек, «Мурас» командасы Ысык-Көлдө, ал эми «Ала-Тоо» Ош шаарында быйыл жаңыдан түптөлүп, биринчи ирет мелдешке катышышты. «Ала-Тоо» командасынын курамына мурда «Достукта» ойноп жүргөн Манас Ниязов жана Таштемир Майлубашов кирген.

ЖОГОРКУ ЛИГА

Бүйүр кызыткан оюндар Жогорку Лигада орун алды. Мыкты делген 6 команда катышып, алар 2 тайпага бөлүнүштү. Тайпалык этаптын жыйынтыгында жарым финалда «Ынтымак»–«Сары-Өзөн» жана «Достук»–«Кара-Буура» беттеши болду.

Жогорку Лиганын финалдык таймашында туруктуу атаандаштар – «Ынтымак» жана «Достук» командалары баш байгени талашты.

КЫРГЫЗ ЭЛЬ-КЛАСИКОСУ: «ЫНТЫМАК» – «ДОСТУК»

Бул ирет Жогорку Лиганын финалы белгилүү улакчыларсыз өттү. Сейитбек Анарбек уулу буга чейин «Ынтымак» командасынан «Сары-Өзөн» командасына өткөн болсо, «Достуктун» көзүрү Манас Ниязов жаңы түптөлгөн «Ала-Тоо» командасынын курамында оюн алып барды.

Анткен менен оюн кызуу жүрдү. Беттештин жүрүшүндө «Ынтымак» командасы артыкчылык кылып, улакты удаа-удаа салып «Достуктун» айласын кетирип жатты. «Достук» жетиштүү деңгээлде жооп кайтара алган жок. Эсеп саны 8-мүнөттө ачылып, алгачкы улакты «Ынтымак» командасынын 10-номердеги оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу салып, өзүнүн таамайлыгын көрсөтө алды. Ага карабай «Достуктун» оюнчулары удаа чабуулга өтүп, улам кооптуу абалдар жаралып жатты. Бирок таластыктардын коргонуусу мыкты деңгээлде болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө жекеме-жекеде тирешип жаткан улакчылар чырдаша кетип, эки команданын ортосунда жаңжал чыкты. Бирок 10 мүнөттүк тыныгуу маалында кайра элдешип келишти.

«Ынтымактын» мыкты даярдык менен келгени жарым финалдагы «Сары-Өзөн» менен болгон оюнда эле билинген. «Достуктун» коргонуусу да жакшы болгон жок. Жекеме-жекеде да атаандаштарына көп артыкчылык берип коюп жатты. Натыйжада «Ынтымак» командасы 9:2 эсеби менен жеңишке жетип, Президенттин кубогуна ээ болду.

ОЮНДАН КИЙИН...

Нуржан Мелисбек уулу:

– Негизинен биз оюнга 1 ай калганда даярданып баштадык. Эки команда тең мыкты. «Келечек жаштардын колунда» дегендей, биздин балдардын баары жаштар болчу. Тайпадагы ар бир оюнчу өз милдетин так аткарып, натыйжалуу оюн көрсөткөндүктөн жеңишке жеттик деп ойлойм. Бул беттеш 2020-жылдын эң чоңу, биринчиси жана акыркысы болду. Кудай буюрса, 2021-жылы ушул эле курам менен мындан дагы мыкты даярданып келебиз деген чоң үмүттөрүбүз бар.

ТАШТАЛГАН УЛАКТАР:

«Ынтымак»

Нуржан Мелисбек уулу – 8`(1:0)

Нооруз Раатбек уулу – 16` (2:0)

Дастан Сагынбек уулу – 2-тайм 2` (3:0)

Нуржан Мелисбек уулу – 2-тайм 19` (4-1)

Аудасбек Мырзабек уулу – 3-тайм 1`(5-1)

Тойчубек Коргонбаев – 3-тайм 1`(6-1)

Нооруз Раатбек уулу – 3-тайм 4` (7-1)

Нуржан Мелисбек уулу – 3-тайм 7`(8-1)

Дастан Сагынбек уулу – 3-тайм 18`(9-1)

«Достук»

Таласбек Дүйшалиев – 2-тайм 4` (3:1)

Эрсултан Айдархан уулу жана Жоодарбек Жолчу уулу 3-тайм – 16` (8:2)

ТАЙМАШТЫН МЫКТЫЛАРЫ

Жогорку Лигада

Мыкты улакчы: Нуржан Мелисбек уулу («Ынтымак» командасы)

Мыкты аргымак: Пегас («Достук» командасы)

Биринчи Лигада

Мыкты улакчы: Бейшеке Кадырбек уулу («Мурас» командасы)

Мыкты аргымак: Шторм («Ала-Тоо» командасы)

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан