АКШнын ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ ЖОЗЕФ БАЙДЕН

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, анда Республикачылдар партиясынын талапкери, АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп менен Демократтар партиясынын талапкери Жозеф Байдендин ортосунда кызуу күрөш жүрдү. Натыйжада Байден шайлоочулар коллегиясынан 279 добушка ээ болуп, жерышта утуп чыкты. Трамп 214 добуш алды. АКШнын жакынкы 4 жылдык тагдырын колго алганы турган Жо Байден деген ким? Анын саясий таржымалы, мүнөзү, өмүр жолу тууралуу сөз кылабыз.

2020-ЖЫЛДАГЫ ШАЙЛООНУН ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛГЕН ШТАТТЫН ТУРГУНУ

Жозеф Робинетт Байден (кичүүсү) 1942-жылы АКШнын Пенсильвания штатындагы Скрантон шаарында орто катмардагы католиктердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал төрт бир туугандын улуусу. Анын ата-энеси жетиштүү байлыкка ээ болгон. Бирок Байден 13 жашка чыкканда, бир нече ийгиликсиз долбоорлордон кийин бул үй-бүлө каржылык каатчылыкка туш болот. Көп узабай алар Пенсильваниядан коңшулаш Делавэр штатына көчүп, ал жерден Уилмингтон шаарына жайгашышат. Ал жакта болочок саясатчынын атасы эски унааларды сатуу менен тиричилик кылган. Байден Уилмингтон шаарында катардагы эле балдардай чоңоёт, католик мектебинен билим алып, америкалык футбол жана бейсбол ойнойт. Жозеф мыкты окуган эмес, бирок харизмасы жана чечендик жөндөмүнүн аркасында мектептин акыркы эки жылында класстын төрагасы болгон. Байден жаш кезинде кекечтиктен жапа чеккендиктен, классташтарынын шылдыңына кабылган. Бирок убакыттын өтүшү менен ал өзүнүн үстүнөн ондогон жылдар бою иштеп, кекечтиги калган. Орто мектепти аяктаган соң болочок президент Делавэр университетине тапшырып, юрист адистигине ээ болот.

1969-1972-жылдары Уилмингтон шаарындагы мамлекеттик коргоо бөлүмүндө адвокат болуп иштейт. Андан кийин өзүнүн жеке юридикалык фирмасын ачууга жетишкен. 1970-1972-жылдар аралыгында Нью-Касл округунун жергиликтүү кеңешине мүчө болгон.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТРАГЕДИЯ

1966-жылы Байден 24 жашында Неилия Хантер менен баш кошот. Неилия дагы Жозеф экинчи билимин алган Сиракуза университетинин студенти болгон. Кийин Байден юридикалык тажрыйба өтөө үчүн жубайы менен Делавэрге кайтып келишет. Анда жубайлар үч баланын ата-энеси болуп калган. 1972-жылы жубайы Неилия менен бир жаштагы кызы Наоми жол кырсыгынан каза болушат. Неилия балдары менен Рождество майрамынын урматына дүкөнгө бара жаткан учурда кырсыкка кабылат. Унаанын ичинде жубайлардын эки уулу Хантер менен Бо дагы болгон. Экөө оор жаракат алып, бирок аман калышкан. Кырсык болгон учурда Байдендин сенатор болуп шайланганына бир нече гана жума болгон эле. Ошол учурда АКШнын тарыхындагы эң жаш сенатор деп табылган Байден аялы каза болгондон кийин балдарын багуу үчүн сенатордук кызматтан кетүү ниетин билдирет. Бирок кесиптештери жана санаалаштары аны бул оюнан баш тартууга ынандырышат. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин, 1977-жылы Байден учурдагы жубайы Жилл Трейсиге баш кошот. Экөөнүн ортосунда учурда 39 жаштагы Эшли аттуу кызы бар. Ал эми Жозеф Байдендин биринчи никесиндеги уулдарын жубайы расмий түрдө багып албаганы менен, аларды дайыма “менин балдарым” деп келет.

Саясатка атасынын артынан барган уулу Бо Байден 2015-жылы баш мээсиндеги залалдуу шишиктен көз жумат. Ал эми кичүү баласы азыр 50 жашта, ал ондогон жылдардан бери ичимдикке жана баңгиликке болгон көз карандылыгы менен күрөшүп келет. Жозеф Байден өзү ичимдикке жакын жолобойт. Муну өз үй-бүлөсүндө ичкичтер көп экендиги менен түшүндүрөт.

ӨЛКӨ ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ ЖАШ СЕНАТОР

Жалпысынан алганда Байден жарым кылымдай убакыт бою АКШнын саясатында жүргөн адам. Анын ичинде 35 жыл сенатор катары жана Барак Обаманын тушунда 2009-жылдан 2017-жылга чейин АКШнын вице-президенти болуп эмгектенген. Ал 30 жашында Демократтар партиясынын атынан Делавэр штатына сенатор болуп дайындалат. Муну менен өлкө тарыхындагы эң жаш сенатор аталат. Байден 35 жыл ичинде Сенаттагы шайлоодо беш ирет жеңишке жеткен. Бирок анын ишинде мүчүлүштүктөр болгон эмес деп айтууга болбойт.

Алгач 1988-жылы 46 жашында Демократтар партиясынан президенттикке талапкерлигин койгон. Ошол учурда журналисттер Байден өз сөздөрүндө башка саясатчылардын сүйлөгөн сөздөрүнүн фрагменттерин колдонгондугун, ошондой эле университетте окуп жүргөндө илимий эмгектерди башкадан көчүрүп алгандыгын далил менен жарыялашкандан кийин талапкерлигин алып салат.

2007-жылы Байден экинчи ирет АКШнын президенттигине талапкерлигин койгон. Бирок үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан учурда ал шайлоочулар жана партиялаштары арасында жетиштүү колдоо таба албагандыгы үчүн өз талапкерлигин алып салган. Ошол эле жылдын май айында Демократтар партиясынан президенттикке талапкер Барак Обама Байденди өлкөгө вице-президент катары карап жатканы белгилүү болот. 2008-жылдын август айында бул расмий жарыяланат.

Обама Байденди эки жолу вице-президент катары дайындаган. Саясий эксперттер бул биринчи кезекте сенатордун тышкы саясий тажрыйбасынын аркасында жасалды деп эсептешет. Байден Сенаттын тышкы байланыштар комитетин үч жолу жетектеген, чет өлкөлөргө көп барган жана соода, өзөктүк куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. 1979-жылы СССРдин жетекчилиги менен жолугушуп, Советтер Союзу кулагандан кийин НАТОнун кеңейишин колдогон.

БАЙДЕН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КАНДАЙЧА АТТАНДЫ?

Партиянын ичинде бир нече убакытка чейин Байдендин 2020-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин колдошкон эмес. Анткени буга чейинки ийгиликсиз аракеттери кайталанып калабы деп кооптонушкан. Бирок ал жыйынтыгында партиясынан көрсөтүлгөн талапкерликти жеңип чыгат.

Байден АКШ президенттигине талапкерлигин 2019-жылдын апрель айында жарыялаган. Анын чөйрөсүндөгү адамдар айткандай, чечим бир нече ай бою олку-солку болуп, дээрлик жыйырмага жакын башка талапкерлердин арасынан иргелип отуруп кабыл алынган. Талапкерлердин арасында жаш, либерал жана солчул саясатчылар бар эле. Алардын фонунда Байден өзүн өлкөнүн стабилдүүлүгүн камсыз кыла турган адам катары көрсөтүүгө аракет кылды. Анын айтымында, бул Трамптын тушунда расалык, социалдык жана башка маселелерде “согуш майданына” айланган Америка үчүн керек.

“Биз элдин руху үчүн күрөшүп жатабыз” деди Байден өзүнүн президенттик шайлоого катышарын жарыялаганда. “Эгер Трамп дагы төрт жыл бийликте кала турган болсо, анда ал биз билген ушул элдин мүнөзүн түбөлүккө түп-тамыры менен өзгөртөт. Мен четте туруп бул кандай болуп жаткандыгын карап тура албайм” деди ал.

БУТ ТОСУУЛАР

2020-жылдагы президенттик жарыш учурунда Трамп Байденди, үй-бүлөсүн анын позициясынан пайда көргөн коррупционер саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылды. Бул айыптоолор Байденди Орусиянын Крымды каратып алганына тиешеси бар жана Донбасста орусиячыл жикчилдерди колдогон, Обаманын Украинадагы өкүлү катары иштеген деп сыпаттаган. Трамптын штабы Байден Украинанын прокурору Виктор Шокинди кызматтан алдыртып, "Burisma" (Украинанын газ өндүрүүчү жеке компаниясы) боюнча тергөө ишин токтоттурду деп билдирди. Жо Байдендин шайлоо өнөктүгү бул айыптоону четке какты. Мамлекеттик департаменттин кызматкерлери жана Украинанын коррупцияга каршы активисттери окуянын Байден айткан версиясын колдошту. Бул айыптоолор боюнча Байден тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп жарыяланды.

АКШнын ЭҢ УЛГАЙГАН ПРЕЗИДЕНТИ

Байден президенттик кызматына 2021-жылдын 20-январынан тарта киришет. Анын алдыдагы пландары боюнча жумушсуздуктун, миграциялык саясаттын жана расалык басмырлоонун кесепетинен келип чыккан көйгөйлөрдү чечиши керек. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгышы зарыл.

Тышкы саясатта Байден Европадагы негизги өнөктөштөрү, айрыкча Германия жана Франция менен бузулган мамилелерди оңдошу кажет экени айтылууда. Ошондой эле Орусияга карата саясатты чечип, Трамптын тушундагы кызматташтыкты соода согушуна айланткан Кытай менен болгон мамилелерди жөнгө салышы керек. Байден кызматка киришкенден тартып АКШнын эң улгайган президенти катары тарыхта калат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан