ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-НОЯБРДАН 22-НОЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын башы чагымчылдык, алдоолор жана жоготууларга, чырга жакын. Бирге иштешкендер жана жакын адамдарыңыз менен мамилени татаалдатып албаңыз. Апта ортосунда эмне ишке киришсеңиз да майын чыгарасыз. Ички туюм да өсөт. Апта акырында сизди сюрприз же үйдөгүлөрдүн бирине байланышкан жакшы жаңылык күтөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын башында негативдүү көрүнүштөр күтүлөт. Керексиз нерселерге акча жумшоодон карманыңыз. Пайда табам деген оюңуз оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Апта ортосунда майда сындарды көңүлгө албоо керек. Каржы маселелери оңой чечилет. Балдарга үлгү болчу өзүңүз экенин эске алып, урушпай жакшы сөздөр менен баарлашыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Апта кара жумуш жасоого ыңгайлуу. Жаңы таанышуулар убактыңызды алып, пайдалуу болбойт. Жумушта сиздин аракет чөйрөдөгүлөргө, жетекчиликке таасир этип, акчаңыз көбөйөт. Үйдөгүлөргө үй иштеринде кол кабыш кылып жагыныңыз, кыялыңызды көрсөтпөңүз. Бойдоктордо жүрөгүнө жаккан адам менен жолугушууга мүмкүнчүлүк бар.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Олуттуу сүйлөшүүгө даяр туруңуз. Жумушта кошумча бир ишти чогуу ала кетүүнү сунушташса макул болбоңуз. Сиз күтпөгөн жактан материалдык жардам келип, маселеңизди чечесиз. Көптөн бери кабарлашпаган жакыныңыз келиши мүмкүн. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу иштерди, документтерди бүтүрүүгө убакыт табуу кажет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Чыр узакка созулбашы үчүн ким менен кагышсаңыз да акылдуулук кылып токтоп калыңыз. Ишиңиз жакын санаалаштардын арты менен алга жылат. Бирок кооптуу кадамдарга барбоо керек. Абал сиз күтпөгөн убакта өзгөрүп кетүүсү ыктымал. Уккан кабар боюнча жолго чыгууңуз мүмкүн. Сырттагы буюмдарды уурулардан сактаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Айлык көбөйүшү үчүн жумушта тартипти кармап, жөндөмдү көрсөтүү керек. Күтүлбөгөн окуя чыгат, алдастап калбай өзүңүздү колго ала билиңиз. Бюджетиңиз бир топ сумма менен толукталат. Жалган маалымат жеткиришет, ишенип алып бирөөлөр менен териштирбөө сунушталат. Апта акырында үй тиричилигинен бошоп, эс алууга аракет кылыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жылдыздар жакшы нерселерге жол ачып берет. Баарын жаман кылыгыңыз же сөзүңүз менен бузуп албаңыз. Маселеңизди жакын адамыңыз менен бөлүшүп, кеңеш алыңыз. Айрымдар жумуш ордун алмаштырууну ойлонушат. Коммерциялык иштер үзгүлтүккө учурабай жакшы жүрөт. Ооруп калбоо үчүн жука кийинип суукта жүрбөө керек.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Энергия көп болуп, чыгармачылык менен иштейсиз. Бирок кагаз иштери көп болот. Айрымдардын ишинде текшерүүлөр жүрөт. Пайдалуу ишти сунушташат, бирок анын акчасы убактысынан кеч тиет, андыктан ойлонуп көрүңүз. Апта эсте каларлык мүнөттөрдү да тартуулайт. Жакын санаалашыңыз менен бир жакка барып келүүңүз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жеке принциптерди кармануу чөйрөдөгүлөр менен пикир келишпестикке жеткирип, ишиңиз артка тартыларын эске алыңыз. Пландалбаган иштерди да бүтүрүү керек, буга материалдык абалыңыздын жакшырышы өбөлгө түзөт. Берилген убадаларды аткарууга кезек келди. Жеке мамилелерде кызганыч, териштирүү орун алат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Таарынычтарды, кектерди унутуп, тазаланыңыз. Жаныңызга жакшы адамдарды гана топтоңуз. Ошондо баары жакшы жакка өзгөрөт. Ар кандай ишенимдердин фанаттары менен тартышуудан кармануу керек. Жакшы жаңылыктар дем бермекчи. Каражатты дайынсыз нерселерге сарптоодон карманыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Апта башында шашмалык жана ишенчээктик ыңгайсыз абалга калтырарын унутпаңыз. Апта ортосунда сизге жаңы буюм буюрат. Эски достор байланышка чыгып, жаңылыктары менен бөлүшүшөт. Апта акырында тиричиликке байланыштуу пайдалуу иштерди бүтүрөсүз. Эркиндигин чектегиси келбеген бойдоктор тойду кийинкиге жылдырышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Элди ишендире алуу жана тапкычтык касиетти колдонсоңуз көп жерден утасыз. Олуттуу кадамдарды жасап баштаңыз. Туура эмес тамак жеп же дары ичип ден соолукка зыян келтирип алуудан абайлаңыз. Пландарыңыз ишке аша баштайт. Сүйүүдөн жолуңуз болот. Кышкы кийимдердин кем-карчын толуктайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан