АРМЯНДАР БИЙЛИККЕ НААРАЗЫ

Армения эли Тоолуу Карабахтагы кагылышуунун аяктагандыгы жөнүндө кабарды нааразычылык менен кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан жана Орусиянын өлкө башчылары менен Тоолуу Карабахтагы согуш аракеттерин токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул кабардан кийин эл дароо көчөгө чогула баштады. Армян элинин кыжырын келтиргени, бул келишимдеги Азербайжанга Тоолу Карабахтагы Кельбажар жана Лачин аймактарын кайтарып берүү болду

Митингге чыккандардын айрымдары өкмөттүн имаратынын эшиктерин талкалап, ичине кирип барышкан. Биринчи кабаттан бир нече терезелер, жыйындар бөлмөсүндөгү отургучтар жана шаймандар талкаланган. Нааразы болгондордун дагы бир бөлүгү Пашиняндын резиденциясына жетип, андан кийин өлкө парламентинин имаратын көздөй жөнөшкөн. Маалым болгондой, нааразы эл парламенттин спикери Арарат Мирзоянды токмоктоп салышкан.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан