АРАБИЯДА СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИНЕ ЖАНА ЖАРАНДЫК НИКЕГЕ УРУКСАТ БЕРИЛДИ

Мындан ары Бириккен Араб Эмираттарында ичимдик ичүү жана никесиз бирге жашоо кылмыш болуп эсептелбейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал өзгөртүүлөр төмөнкүдөй коомдук маселелерди камтыйт: ичимдик ичүү, жарандык нике, өз жанын өзү кыюу аракети жана башкалар.
Эми 21 жашка жеткен өлкөнүн ар бир жараны жана турист, лицензиясыз ичкилик иче алат, же атайын жайларда аны сактайт, сата да алат.
Мындан тышкары жаңы документ боюнча түгөйлөрдүн жарандык никеде чогуу жашашына уруксат берилди. Башта бул кылмыш деп саналчу. Дароо күчкө кирген бул мыйзамдар туристтерди жана түз инвестицияларды тартууга, ошондой эле Эмираттын жарандарынын жашоо эрежелерин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан