Каныкей: "МЕН ДАЛАЙ ӨЗГӨРҮШҮМ МҮМКҮН"
Аппак жерге туш болгон ал алдастап “өмүрүм соңуна чыктыбы? Жашоом бүттүбү?” деп коркуп кетти. “Жок, сенин жашооң эми гана башталып жатат” деди бир өзгөчө үн. Аны чекесинен бирөө түртүп жибергендей болду. Жыгылып баратып эсине келип көзүн ачты. Ошондо гана палатада жатканын, операция ийгиликтүү болгонун билди. “Жашооң эми башталып жатат” деген сөздү аян катары кабыл алды. Жакында эле ал 33 жашка толуп, өткөргөн өмүрүнө көз чаптырып жатып “жашоомдо ордумду тапкан, тагдырдын эрке кызы экенмин” деп өзүнө өзү ичинен сыймыктанып алды. Ал ырчы Каныкей эле...
– Каныкей, салам! Чыгармачылыкка эргүүң ойгонуп, энергияң ашып-ташып, шыктанып калгандай сезилип жатасың...
– Сыртымдан жаркылдап турганымды көргөндөр “бул кайсы алтын булактан суу ичкен?” деп ойлошот экен. Ушул жаркылдактын артында эмгек, кайгы-капа бар экенин көпчүлүгү аңдай беришпейт. Мен укмуш болуп кеттим деп айта албайм. Балким, убакыт-сааты эми келгендир. Эне болуу моралдык, физикалык жактан оор. Организм үчүн стресс. Аябай кыйналдым. Күзгүдөн карап алып өзүмө өзүм жакпаган да кез болду. Ал күндөр да өттү. Мен эми гана калыбыма келдим. Спорт залда машыгып же диета кармаган жокмун. Болгону эт жебей калдым. Организм өзү эт талап кылбай калды.
– Мурда маектериңде “үй-бүлөм болсо эле жетиштүү” дечү элең...
– Чындыгында ошол маалда “турмушка чыктым, болду. Үй-бүлө деген ушул турбайбы” дегем. 6 жыл аралыгында эне, жубай болгонума ыраазы болуп, чыгармачылыкка сезимим жок жашап келгем. Ырлар да мени таштап кеткендей туюлду. Башында өзүмдү толугу менен үй-бүлөмө арнайм деп ойлогом. Мен ушул нерсеге эле макул болчумун. Бирок ал бакыттын даамын таткандан кийин ал абалдан чыга баштайт экенсиң. Бала да чоңоёт экен. Эл да мени күттү. Жолдошум “сенин үнүң бар, таланттуусуң, ырдашың керек” деп дайыма баса белгилеп айтып келет. Ошондуктан жаңы дем, жаңы күч менен чыгармачылыкка билек түрө кирише баштадым.
– Балалуу болгон аялга убакыт токтоп калгандай сезилет дешет...
– Мен муну сездим. Жаңы балалуу болгондо баарына ыраазы болуп жашап каласың. Бала төрөп тыным алышым да керек болду. Эгерде мен эне болуу бактысын сезбесем азыркы жашоомдун баркын билбейт болчумун.
– Ой токтотуп калган кезде турмушка чыктың. “Качан турмушка чыгасың?” деп сурап башташты беле?
– Эч ким “качан, качан?” деп түрткүлөгөн жок. Негизи күйөөгө тийбей эле коёюн деп ойлогом. Анткени үй-бүлө куруу оор экенин билчүмүн. Бир күнү бирөө “Каныкей, сен таланттуу адамсың, анан кантип төрөбөй коёсуң? Өзүңдөй таланттуу балдар өсүшү керек” деди. Ошондо гана мээме “тык” этти. Ойлорум өзгөрүп, артымдан жакшы инсандарды калтырууну, үй-бүлө курууну ойлой баштадым.
– Психологдор “жубайлар жаңы үйлөнгөндөн кийин тил табышып жашап кетишине 3 жыл керек” дешет...
– Башында, албетте, оор болот. Бир үй-бүлөнү экинчи үй-бүлөгө салыштырбаш керек. “Ай, тиги жакшы эле жашап кетти го, сен да ошого окшоп жаша да” деп айта беришет. Бул туура эмес. Ар бир үй-бүлөнүн өз жолу, багыты бар.
– Силердин гармониялуу мамиленин куралышына канча жыл талап кылынды?
– 5 жыл (күлүп). Биринчи жыл кырыласың. Бул норма. Гармониялуу мамилеге келиш үчүн жылдар керектелет экен. Учурда мен турмуш мектебимдин даярдоо классын гана бүтүп, 1-класска көчтүм. Азыр жолдошум экөөбүз бири-бирибиздин нервибизди жебейбиз (күлүп). Мунун баарына акылдуулук, сабырдуулук менен жетесиң.
– Сүйүү сен үчүн?..
– Сүйүүнү биз дайыма эки адамдын ортосундагы жактыруу сезим деп ойлой беребиз. Менин жашоомдогу эң чоң сүйүүм – балдарым. Мен эч качан башка адамды балдарымды сүйгөндөй сүйө албасам керек. Аларды жыттап, бетинен өпкүм эле келе берет. Бул сүйүүмө алардын жооп кайтарышын да күтпөйм.
– Кандай кожойкесиң? Өткөндө Инстаграмга кийимдерди колго жууп жаткан видеоңду жүктөдүң...
– Мен бардык шарты бар көп кабаттуу батирде чоңойгом. Бала кезде суу эч качан түгөнбөйт деп ойлочумун. Чоңдор “суунун ченеми болот, аяш керек. Суу кордогон кор болот, суу сыйлаган зор болот” дешчү. Турмушка чыккандан кийин жолдошумдун жер үйүндө жашадым. Биз жашаган аймакта канализация жок. Сууну үнөмдөйбүз. Мен муну трагедия кылбайм. Сууну үнөмдөш үчүн кирди колго жууп коём. Болбосо менде кир жуучу машина деле бар. Болгону сууга аяр мамиле жасап калдым.
– Орус балеринасы Майя Плисецкая “мен эч кимге кеңеш бербейм, анткени ал кеңешим үчүн каргышка калышым мүмкүн” деп айткан экен. Элге кеңеш бересиңби?
– Мурда айланамдагы адамдарга кеп-кеңешимди айтып, жан дилим менен күйпөлөктөй берчүмүн. Көрсө, бул нерсе көбүнө жакпайт экен. Акыл айтсаң тыңшабай, тескерисинче “ушу акыл үйрөтө берет” деп артыңдан сөз кылышат тура. Ушундан улам сыйлачу адам өзү эле аздектеп сыйлап аларын, жаман көргөн адам кол үзүп кетерин түшүндүм. Адамдарга таарынып деле болбойт экен. Менин азыр бирөөгө таарынууга убактым жок. Анткени жашоодо өзүңдү биринчи орунга коюп, алгач өзүңдү сүйүш керек экенин билдим. Бул акыл өмүрүмдүн так ортосунда келип жатканына кубанам. Кеч эмес, эрте да эмес деп ойлойм. Азыр болгон акылымды, күчүмдү балдарыма арнап, өзүмдү сактап, аярлап, сүйүп жашагым келет.
– Өзгөрүшүңө эмне түрткү болду?
– Жайында ден соолугума байланыштуу операция болгом. Наркоздо жатканда аппак жерге туш келдим. “Болду, жашоом бүттүбү, өлдүмбү?” десем, башкача бир үн “жок, сенин жолуң эми гана башталып жатат” деп чекемден түртүп салды. Артка кулап баратканда эсиме келип, көзүмдү ачсам палатада жатыптырмын. Ошол сөз мага аян болду деп эсептейм. Андыктан жашоом эми гана башталып жаткандай. Ошондон кийин арыктап, өзүмө келе баштадым окшойт. Учурда өзүм менен гармонияда жашап жаткандай сезилет. Мурда шашма болчумун, шашпай жашаганды үйрөндүм. Чындык үчүн чыркырай берчүмүн. Азыр бардык нерсеге түшүнүү менен караганга аракет кылып калдым. Буюрса, дагы далай өзгөрүшүм мүмкүн.
– Маегиңе рахмат. Ден соолукта бол, чыгармачылык ийгилик каалайм!
Динара Абдыкадырова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Азаматсын мыкты ырчысын. Бар болгула сулуу айымдар. Каныкей озун аябай карайт экен. Озгочо чач жасалгаларын. Аялдын коркун чач жасалгалары ачат. Ошондуктан айымдар чачынарды жасатып, кое берип журсонор эн соонун болот. Сулуу айымдарды баардык жерде барктайт
sultan_bek, Сени эмне айымдардын чачтары дуулуктуробу? Эмне эле ар бир посттун астына жазып жатасын? Болду эми!
Наркоз м.н төрөдүм балдарымды. Каныкеүди жашооң эми башталып жатат деп врач хирург эле айткан болуш к.к))) сүйлөгөнү угулат да аларга. Эс мас абалда айоымалай албай калган го.
Азаматсың Каныкей, үй бүлөң менен бакубат-бактылуу өмүр сүрө бер!!