Садыр Жапаров: “ЖАЗДАН ТАРТА ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ БОЮНЧА ЧЕКТӨӨ БОЛБОЙТ”

Өлкөдө электр жарыгына болгон бааны арзандатуу убада кылынды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда билдирди.

Жапаров 2021-жылдын жаз айынан тартып электр энергиясын колдонуудагы чектөө алынат деп убада берди. “30 жыл чыдадыңар, дагы бир кыш чыдагыла. Жаздан тарта эч кандай чектөө болбойт. Электр энергиясына болгон тариф мурдагы бойдон калат”,- деди премьер.

Ошондой эле банктардан 100 миң сомго чейин насыя алгандарга мамлекет тараптан жардам берүү боюнча айтты. “100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын мамлекет тарабынан төлөп берели деп жатабыз. 100 миң сомдон жогорку суммадагыларга жардам берүүгө мамлекеттин күчү жетпейт экен. Биз болгон күч-аракетибизди жумшадык. 100 миң сомго чейинкилер дегендерди билесиздер, аябай начар шартта жашагандар. Биз аларга жардам берүүнүн булактарын таптык, 1 миллиард 200 миллион сом сарпталат экен бюджеттен. Муну менен биз 600дөн ашуун үй-бүлөгө үстөк пайыз төлөөгө жардам бере алабыз. Банктар, каржы компаниялары менен чечишип, токтомду баарына жеткиликтүү кылып жазып коёбуз. Декабрь, январь, февраль айларындагы үстөк пайыздарды төлөсөк деп жатабыз”,- деди Жапаров.

Айта кетсек, учурда эл электр жарыгынын 1 киловатт-сааты үчүн 77 тыйындан төлөйт. Бул тариф айына 700 киловатт-саат электр жарыгын пайдалангандар үчүн. Эгер 700 киловаттан ашык колдонулса, анда ар бир ашыкча колдонулган киловатт-саат үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Көпчүлүк өкмөттөн электр жарыгы үчүн бирдиктүү тариф коюп берүүнү, ал тариф 70 тыйындык деңгээлде болушу керектигин талап кылып келет. Ага карабай буга чейинки өкмөт башчылар электр жарыгына болгон бааны акырындык менен көтөрүү керектигин, ансыз энергетикалык системди оңдоо кыйын экенин, Кыргыздагы тариф чөлкөмдөгү коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ арзан экенин айтып келишкен.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2 миллиард метр кубга аз. Энергетиктер кышында светти маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын айтып жатышат.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан