Көпчүлүктүн талабы менен мектептерде окуу жанданды. Өлкөдө 11-ноябрдан тарта 1489 мектеп кадимки режимде иштөөгө өтөрүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ош облусунда – 434, Нарында – 142, Жалал-Абадда – 220, Баткенде – 177, Ысык-Көлдө – 160, Таласта – 77, Чүйдө – 279 мектеп кадимки шартта билим берүүгө өтөт. Мунун ичинен 411 мектепте 1-класстын окуучулары гана, 367 мектепте 1 жана 6-класс, 475 мектепте 1 жана 11-класс, 236 мектепте 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары билим алышат.
Эки апта бою окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, жергиликтүү бийлик органдарынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын макулдугу менен калган мектептерге жана класстарга кадимки режимде окууга уруксат берилет.
Бишкек жана Ош шаарларында коронавирус илдети боюнча эпидемиологиялык абал оор болгондуктан мектептер азырынча ачылбай турганы айтылды. Өлкөдө жалпы 2298 мектеп болсо, анын 669уна кадимки режимде иштөөгө уруксат бериле элек. Себеп – аймактагы эпидемиологиялык кырдаал.
Жумабай Акимов