СОТТО АИДА САЛЯНОВАНЫН ИШИ КАРАЛАТ

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралганы жатат.

Анда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманованын суракка алынары күтүлүүдө. Бул тууралуу ЖМКларга Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Жактоочунун айтымында, ал мурунку баш прокурордун орун басарын сотко мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирген. “Менин Усманованы алып келүү өтүнүчүмдү судья колдоду. Ал буга чейинки да отурумдарга катышпай келген, бул чоң мыйзам бузуу болуп саналат. Ал отурумга келсе, аны суракка алабыз. Анын берген көрсөтмөсү маанилүү”, - деди ал.

Эскерте кетсек, мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир топ адамдар айыпталууда.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан