БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР ИРИ БАЗАР ӨРТТӨНДҮ

9-ноябрга караган түнү Бишкектеги ири базарлардын бири – “Орто-Сайдан” өрт чыкты. Алдын ала маалыматка таянсак, тилсиз жоо базардын 1800 чарчы метр аймагын каптады. Өрттөн эки кабаттуу имарат күйгөн. Биринчи кабатында азык-түлүк, турмуш тиричилик буюмдары болсо, үстүңкү кабатында тигүүчү цех жайгашкан.

Өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Коомчулукта базар атайлап өрттөлүшү мүмкүн деген божомолдор да айтылууда.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 210-беренеси – башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Октябрь РИИБинен билдиришти.

Бул окуя өткөн жылдардагы окуяларды эске салды. Бишкектеги “Ош базары” бир кышта 3 жолу өрттөнгөнү көпчүлүктүн эсинде.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан