Кыргыз өкмөтү Түркия тарапка эки өлкө ортосундагы визалык чектөөнү жоюуну сунуштады.
10-ноябрда “Кара-Кече” кенинен көмүр ташып келе жаткан унаа кулап, 1 адам каза тапты.
Бишкек мэри Балбак Түлөбаев муниципалдык кызматтын кызматкерлерине: “Той-аштардан көрсөм ишке чыкпай, андан ары кете бергиле”.
Өлкөдө 10-ноябрга карата 1 доллардын баасы 84 сом 45 тыйынга жетти.
Президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бергендер 11-ноябрга карата 12 адамга жетти.
Кылмышка шектелип кармалган мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жүрөгүнө операция жасатууга муктаж экени айтылды.
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева “коронавируска каршы күрөшүү үчүн учурда 2-3 айга жеткидей дары-дармек бар” деди.
Быйылкы Жаңы жылга карата Бишкек мэриясы фейерверк жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартканы жатат.
2 өспүрүм автоунаа уурдоого шектелүүдө, алар Бишкектен Ошко бараткан жолдо кармалганын 10-ноябрда ИИМден билдиришти.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 141 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
30 миң сом пара алууга шектелип Сузак РИИБинин кызматкери кармалды.
30-ноябрда Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо өтөт.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: “2020-жылы өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 113 жаран ишке орноштурулду”.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.