– Мага "25 жаштан кийин балалуу болуш керек" деп айта беришчү. Мен адам даяр болгон кезде балалуу болушу керек деп ойлойм. Айрымдар "бала төрөлдү, эми эмне кылабыз?" деп ойлонушат. Айрым ата-эне баласын чоң ата-чоң энесине тарбиялоого беришет эмеспи. Жубайым экөөбүз ата-эне болууга даярбыз, уулубузду өзүбүз тарбиялайбыз. Биздин үй-бүлөбүздө бардык аттардын аягы "-яр" менен бүтөт, ушундай салтыбыз бар. Мен ошол салтты улап, уулума Тияр деген ат койдум.
Айта кетсек, Бактияр Касымалиев менен Жибек Алиева 2016-жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет.