АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА ЧОҢ ЭНЕ БОЛДУ

8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын тун небереси жарыкка келди. Сүйүнүчүн жашыра албаган ырчы кубанганынан уктабай таң атырганын айтат.

– Неберелүү болуу керемет сезим экен! Неберебизди көрүп элжиреп отурабыз. Тун неберелүү болгондуктан, уулум менен келиним ысым ыйгарууну бизге тапшырышты. Чоң атасы экөөбүз кеңешип неберебизге Алеандра деген ат койдук. Бул гүлдүн аталышы. Мен гүлгө жакынмын, гүлдүн түрлөрүн өстүргөнгө кызыгам, андан ырахат алам. Бир жолу өзгөчө гүлдөрдү карап жүрүп, жыты буркураган башкача гүлдү көрүп калдым. Аталышын сурасам Олеандр экен. Чоң атасы экөөбүз неберебиз гүлдөй тамырлаган, суктанууну жараткан, ошол гүлдүн сабактарындай бекем болсун деген ниетте ушул ысымга токтолдук.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
radostmoya
2020-11-17 14:57:18
Чоң энелер ушундай ысым ыйгарып калышыптыр да. Кыргызча эле ат койсо болмок. Албнтте, өзүнүн иши.
0
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан