ТАБИТКЕ КАТЫЛГАН ТӨШӨК СЫРЛАРЫ

Швейцариялык психиатр, “Тамактануу жана секс” китебинин автору Вилли Пасини: “Секс бул – жүрөк, акыл-эс жана ашказандын ортосундагы байланышты түшүндүрөт. Андыктан эркектин тамак жегенине карап, анын төшөктөгү кудурети кандай экенин билүүгө болот”,- дейт. Эмесе, айымдар, төмөнкүнү окуп, сүйүктүүңүздүн тамактанышына караңыз да, салыштырыңыз.

ТАМАКТЫ РАХАТТАНЫП ЖЕГЕНДЕР
Тамакты шашпай, рахаттанып жегендер секстин да майын чыгаргандар. Тактап айтканда, өзүнө да, сүйүктүүсүнө да оргазм тартуулай алгандар. Мындайлардын уктоо бөлмөсүнөн жагымдуу онтоолор менен бирге “дагы, дагы... Ох, ой, жаным ий...”, “жан биргем, бейишке чыгардың го” деген сөздөр дайыма угулуп турат.
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, даамдуу тамак менен төшөккө болгон талаптын сигналы мээнин бир эле жерине келип түшүп, иштелип чыгат. Андыктан тамактын баркын билгендер, төшөктүн да баркын билишет.

ШАПА-ШУПА ТАМАКТАНГАНДАР
Изилдөөлөргө кайрылсак, төшөк­тө бел суусу эрте түшүп калгандар та­­макты да бат-баттан жегендер. Баш­кача айтканда, тамакты чайнап-чай­набай эле жутуп, жанындагылардан эрте жеп бүтүп отуруп калгандар. Мындайлардын айымы сексуалдуу болсо, төшөктө чала өлгөн жыландай болуп калары бышык.

АШЫКЧА ТАМАКТАН БАШ ТАРТКАНДАР
Кээ бирлер тамак тандашпайт, бирок “семирип кетпейминби?” деп ашыкча тамак жегенден баш тартышат. Булар аялды балыктай туйлатып, жанын магдырата албагандар. Алар төшөктө өздөрүн эркин сезе алышпайт. Андыктан бары-жогун унутуп, секске баш-оту менен кирип кетүү дегенден алыс.

ДААМДУУ ТАМАКТЫ ӨТӨ БААЛАГАНДАР
Булар көбүнчө төшөктө аялды эркелетип, миң түркүн сөздөрдү арнап, жибитип, анан күүлөнгөн арстан сымал «ишке» киришкендер. Дал ушундайлар мыкты ойнош боло алышат. Андыктан жалаң секс үчүн кээ бир аялдар буларды колдорунан чыгарышпайт.
Жаман жагы, булар өзүмчүл да келишет. Андыктан маанайы жок кезде же сексти самап калган убакта айымынан сурабай эле баса калып, анан туруп кете беришет. Демек, күч колдонууга чейин барышат.

САПАТТУУ ТАМАКТЫ БААЛАП, БИРОК АШЫКЧА ЖЕБЕГЕНДЕР
Тамактын сапатына, даамдуусуна басым жасап, бирок ашыкча нандан жана десерттен баш тарткандар кездешет. Булар айымына оргазм тартууламайынча тынчышпайт.
Аялдан кандай ыкма, кандай эрке­летүү жагарын сурап, ою менен болуп, оргазмга бир мезгилде жетүүнү баалашат. Айымдын балтырына чейин өпкүлөп, колун да ишке салып, эсин эки кыла алышат.

ӨП-ЧАП ТАМАК ЖЕГЕНДЕР
Тамакка табити жок, алдындагы тарелкага эмне салсам деп миң ойлонгон эркек... Мындайлар, албетте, оозуна бир нерсе салгыча колундагы айрысына жүз ирет карайт. Тил менен сорушуп өбүшүү мындай турсун, жагымдуу эркелетүүгө да жарды. Төшөктө да “эптеп эркектик милдетимди өтөсөм болду” деген ой менен чектелишет.

ЭТ ЖЕБЕГЕНДЕР
Вегетариандар туздуу, табитти ача турган татымалдарды аз пайдаланышат. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, мындайлар төшөк ыкмаларын аз билишет. Эркелетүү менен жыргал тартуулоодон алыс. Кыскасы, төшөктө муздак.

ГАМБУРГЕРДЕН ТАЖАБАСА...
Эгер эркек 30 жаштан кийин да гамбургер, чипсы менен тамактанып жүрө бергенин токтотпосо, анда ал сексуалдык жактан бышып жетиле элек. Төшөктө фантазиясы жетишпейт.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aziattita
2010-10-10 03:51:59
анача мынча туура эмес экен. деп койдум
+1
Sirus
2010-10-10 13:51:58
Чындап туура эмес экен,мен эт жебейм,бирок тошокто тим эле секстин королу болуп кетем да
+1
Nuray
2010-10-12 02:28:29
xm...zharymy tuura, zharymy tuura emes. "Orto" degen baa berem
+1
miki98
2011-07-18 01:57:48
дагы кененирек малымат берсениздер браво
+1
jomik_kg9595
2014-02-10 05:06:17
Эми тамактыда кыздардан бекинип жеш керек окшойт а
+1
№ 414, 8-14-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан