– Кыялымда өзүмдүн турмушумдан алып ырдасам деп жүрчү элем. Нурланга “ушундай ырдасам кандай болот, обон жазып бересиңби?” деп көп жолу түшүндүрдүм. Акырында ушул "Сен болгондо" ыры жаралды. Угуп алып аябай ыйлап алдым. Ыр жаралары менен дароо эле жаздырып, клип тарттырдык. Клип июнь айында эле тартылып бүткөн. Бирок карантин болуп, оору жайылып кетпедиби. Анан дагы бир катар себептер менен элге жарыяланбай жатып, бүгүнкү күнгө буюруптур. Ушул ыр менен башымдан өткөн кайгылуу күндөрүмдүн эшигин жабайын. Калган жашоом ый менен эмес, күлкү менен улансын. Жолдошумдун жаткан жери жайлуу болуп, арбагы мага ыраазы болсун!- дейт Элзада айым.