Адик Жумабеков, ырчы: “ӨЗ СТИЛИМДИ ТАБУУГА 3-4 ЖЫЛ КЕТТИ”

“Лайк баскын, лайк” деп ырдайт бул ырчы. 10 жылдан ашык Адик Жумабеков кабакта ырдап жүрүп, кийин гана чоң сахнага аттанган. Ырчы өз стилин көп убакыт издегенин айтат. Адик мырза жакында үй-бүлөлүү болду. Алдыда ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосундагы жагымдуу жаңылыгы тууралуу кеп болсун.

– Адик, саламатсызбы? Былтыр Орусиядагы “Голос” сынагына барам деп жүрдүңүз эле...

– Саламатчылык. Ооба, “Голоско” баргам. Бирок мага кезек жетпей калды. Дегеним, биз ырдаганча эле устаттар ырчыларды тандап алышты. Мени менен кошо 20 киши ырдабай калган. Ырдабай калгандарды “кийинки жылы келгиле” деген. Бул жылы коронавирус пандемиясы болуп калбадыбы. Эми, буюрса, 2021-жылы барам.

– Сизге ийгилик каалайлы. Мындан башка кайсы сынактарга катышууну кыялданасыз?

– Австралиянын, Голландиянын “Голос” сынактарына катышкым келет. Эмки жылы Орусияда өтө турган сынакка катышсам, кийин Голландиянын “Голос” сынагына катышууга аракет жасайм. Ал эми эң чоң кыялым – Американы багындыруу. Бирок Америкада мендейлер миллиондоп саналат, өңүм менен эле ала албасам. Негизи өң-келбетиңдин өзгөчө болуусу маанилүү экен. Былтыр “Голос” сынагында Нуржигит Субанкуловду жарым финалга чейин эмнеге сактап калышты? Өңү башкача, катышуучулардан айырмаланып кызыктуу болгону үчүн алып калышыптыр. Валерий Сюткин “Кызыктуу Арсен экөөңөр гана калдыңар” деп Нуржигитке айткан экен. Арсен деген кара терилүү бала катышкан, эсиңерде болсо. Арсен менен Нуржигит атаандашып калып, Сюткин Арсенди тандабады беле. Ошондо “мен сени тандап алсам Константин Меладзе Арсенди албай коймок. Меладзе сени аларын билгем. Долбоордо экөөңдүн тең калышыңды кааладым” дептир.

– Ушундай бийик кыялдарыңыз бар экен. Эмне себептен көп жылдар кабактан чыга албай жүрдүңүз?

– Мен кичине кезимде “кабакта ырдасам, мен ырдап жатканда эл бийлесе” деп кыялданчумун. Ошол кыялыма жетип эле токтоп калдым. Көп жылдар кабакта иштеп калган байкелер “эгер убагында чыгып кетпесең калып каласың” деп айтып жүрүштү. Анан 12 жыл иштегенден кийин кабактан кетип, чоң сахнага чыгууга аракет кыла баштадым. Убагында кетип калдым деп ойлойм.

– Чоң сахнага аттануу, элге таанылуу оор бекен?

– Негизи оңой эле, өз стилиңди табышың керек. Бирок стилиңди табыш кыйын болот экен. Ар кандай ырларды ырдап көрүп, өз стилимди табууга 3-4 жыл кетти. Акырында “Лайк” аттуу ырымдын стилинде ырдасам мага жарашарын түшүндүм. Кайсы ырың элге алынып кетерин билбейт экенсиң. “Лайкты” чыгарып жатканда эл түшүнбөй калат деп ойлогом. Тескерисинче, колдоп кетишпедиби. Бул ырды угуп кабыл алган жеңил. Укканда адам өзүн элестетет. Бул ыр чыкканда мага “мен го, мен ушундаймын” деген комментарийлерди жазышты, каттар көп келди. Азыр баарыбыз эле ушундай болуп калбадыкпы, эртең менен көзүбүздү ача электе телефон издейбиз. Ошондуктан элге жакын, өзүңдүн көңүлүңө жаккан ырларды чыгара бериш керек экен. Жоник досум (ред.: ырчы Джонни) деле “Күттүм, ай” ыры мынчалык тарап кетерине ишенген эмес. Андыктан элге кайсы ыр жагарын билбейсиң.

– “Лайктын” сөзүн төкмө акын, Майра Керим кызынын уулу, былтыр жол кырсыгынан каза болгон Акжол Канатбек уулу жазган экен...

– Ооба. Акжол менен аябай жакын болчубуз. Ал киши ар адамга өзгөчө мамиле кылчу. Мен аны менен Бек Исраилов досум аркылуу таанышып калгам. Дароо эле жакшы сүйлөшүп кеткенбиз. 2 жыл мурун Акжол экөөбүз элге жакын ыр жазабыз деп изденип жүрүп ушул ыр жаралган, чогуу жазганбыз. Менин көп ырларымды Акжол жазып берген.

– Жаткан жери жайлуу болсун. Кандай ырдайсыз, өзүңүзгө баа бере аласызбы?

– Орточо. Идеалдуу деп айтышым үчүн дагы көп иштешим керек. Бирок көптөр “жакшы ырдайсың” дешет. Мирбек байке да (ред.: Атабеков) “жакшы ырдайсың” дейт. Бирок эл мактаса эле ошого ыраазы болуп, токтоп калган болбойт. Мындан да мыкты болууга аракет кыла берем.

– Өзүңүз кандай ырларды угасыз?

– Кыргыздын эски ырларын жакшы көрөм, Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыровдун, кийинки муундан Ырыскелди Осмонкуловдун ырларын угам. Ырыскелди агамдын “Арзуу” деген сонун ыры бар, ошол ырды аябай жакшы көрөм. Мындан тышкары америкалык Стиви Уандер, Гленн Льюис сыяктуу ырчылардын ырларын угам.

– Англис тилинде жакшы ырдайт экенсиз...

– Англис тилин кыйратып билбейм. Бирок эмне тууралуу сөз болуп жатканын түшүнөм. Ырлардын маанисин түшүнүп ырдайм. Англисче ырларды угуп жүрүп эле англис тилин өзүмө сиңирип алгам.

– Кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз эле?

– Мен мектептен кийин ЖОЖго тапшырган жокмун. Ошол убакта үйдө кыйынчылыктар болуп, иштешим керек болуп калды. Ошондо кабактарда ырдап иштеп баштагам. Кийин тапшырайын деп жүрүп, байкем чакырып калып, Орусиянын Сахалин облусуна барып иштеп келдим. Ал жакта Жоник, Аско болуп чогуу кафелерде ырдап иштедик. 3 жыл иштеп, үй, унаа алдым. Кайра келип, чыгармачылык менен алектене баштадым.

– Жакшы. Жакында үйлөндүңүз, куш бооңуз бек болсун! Жубайыңызды тааныштыра кетсеңиз...

– Рахмат. Жубайымдын аты Мээрим. Менден 9 жаш кичүү. Ал бийчи Максат Токтоналиевдин командасында бийлейт. Мен анын бир иш-чарада бийлеп жүргөнүн көрүп, кийин Инстаграмдан таап жазгам. Ошентип таанышканбыз. Жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин апам менен тааныштырдым. Апам “сонун кыз экен” дегенде, “болду, ушул кызга үйлөнөм” дедим. Баш коштук. Мээрим жөнөкөй, түшүнүктүү, ашыкча сүйлөбөгөн кыз. Экөөбүз урушпайбыз, келишпестик болсо отуруп алып сүйлөшүп чечип алабыз. Улам чала бербейт, “бир жерде отурам. Өзүм чалам” десем, чалбайт. Мен да ал бир жакка кеткенде тынчын алып чала бербейм. Дагы бир окшоштугубуз жаныбарларды жакшы көргөндүгүбүздө. Мен интернетке кирсем, ит, мышыктардын сүрөттөрүн карап отура берем. Ал да ошондой. Бири-бирибизге ит, мышыктардын сүрөт, видеолорун жөнөтө беребиз.

– Романтиксизби? Үйлөнүү сунушун кандай киргиздиңиз?

– Керек жерден романтик болуп коём. Баш кошуу сунушун киргизерде романтик болушум керек болчу. Мээрим экөөбүз сейилдейбиз деп чыкканбыз. Бир маалда “бир байке чакырып жатат, барып келеличи” деп бир клубга алып бардым. Ал жерден бир досубуз “той качан?” деп калды. Мен “жакында кыз узатуу болот” десем, ал кайра “сен эмне баш кошуу сунушун кылбайсыңбы?” деп калды. Мен “анысы жок эле алып кетем го” десем, Мээримдин маанайы түштү. “Мен машинада эле күтүп турайынчы” деп баштады. “Азыр ырдап коёюн, анан кетебиз” деп алып калдым. 2-3 ыр ырдагандан кийин Мээримге сүйүү сөздөрүмдү айтып, залга чыгып, шакек сунуп колун сурадым. Сырттан досторум гүлдөрдү, шарларды көтөрүп кирип келишти. Мээрим кубанганынан ыйлап жиберейин деди.

– Бактылуу болуңуздар, ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 936, 12-18-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан