КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРТҮЛГӨНҮ ЖАТАТ. ӨЛКӨ ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУГА КАЙТАБЫ?

Кыргыз өлкөсүндө Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду. Демилгечи – Жогорку Кеңештин 82 депутаты. Референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөрдүн айрымдарына токтолсок.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУ

Конституцияга Элдик курултай институту деген жаңы түшүнүк киргизилүүдө. Аталган институт президент, Жогорку Кеңеш, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик менен бирге ишмердүүлүк жүргүзүп, президенттин жана парламент спикеринин отчётун угууга укуктуу болот. Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштамаларды бере алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институтун киргизүү идеясы айрым саясий күчтөр тарабынан буга чейин айтылып, колдоо таппай келген. Бул органдын негизги милдети – бийликке элдик көзөмөл жүргүзүү. Эксперттер Элдик курултай институтунун статусу, иштөө тартиби так аныкталбаса, бул орган мамлекеттик бийликти бир колго топтоонун куралы болушу мүмкүн деп коңгуроо кагып жатышат.

ПРЕЗИДЕНТ ӨКМӨТТҮ ДА ЖЕТЕКТЕЙТ

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, президент бир эле мезгилде өкмөттү да жетектейт. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңештин макулдугу менен өзү аныктайт. Президент өз алдынча же Элдик курултайдын сунушу менен министрлерди, мамлекеттик комитеттердин жетекчилерин кызматтан бошото алат. Өкмөттүн түзүмүндөгү башка жетекчилерди жана жергиликтүү бийлик органдарынын башчыларын кызматка коюп, кызматтан бошото алат. Ошондой эле долбоордун расмий тилдеги вариантындагы “өлкө жетекчиси 5 жылга шайланат, бир эле адам президент болуп 2 мөөнөттөн ашык шайлана албайт” деген норма учурда кызуу талкууланууда. Ал эми мамлекеттик тилдеги версиясында президент бир эле мөөнөткө шайланары жазылган. Азыркы Конституцияга ылайык, президент бир жолу 6 жылга шайланып, 2-мөөнөткө бара албайт.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ – 90 ДЕПУТАТ

Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 120дан 90го кыскартуу сунушталууда. Парламент депутаттарын шайлоо конституциялык мыйзам менен аныкталат. Жарандык коом демилгени кызуу талкууга алууда. Көпчүлүк Конституцияга киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр өлкөдө авторитардык башкарууга жол ачышы мүмкүн деген кооптонууларын билдирүүдө. Эл тарабынан шайланган президенттин өкмөттү да жетектеп, жоопкерчиликти өзүнө алганы туура дегендер да бар. Документте суроо жараткан учурлар бар экенин айтышууда юристтер. Документ азырынча коомдук талкууда. Парламентте каралганда айтылып жаткан сунуш-пикирлер эске алынып, айрым нормалар өзгөрүшү мүмкүн. Учурда элдин башкы талаптарынын бири – өткөн бийликтердин каталарын кайталабоо чакырыгы болууда.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан