КЫТАЙГА КАРЫЗ ТӨЛӨӨДӨ ЖЕҢИЛДИК СУРАЛДЫ

Кыргыз өкмөтү Кытайга болгон мамлекеттик карызды төлөөдө жеңилдик сурады. Бул тууралуу 16-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылды.

Казакбаев эл аралык макулдашууларга ылайык, Кыргыз өлкөсү тарабынан мурда кол коюлган келишим, макулдашуулар аткарыларын айтты. Кыргыз өлкөсүндө иш жүргүзүп жаткан Кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоого өкмөт тарабынан бардык керектүү чаралар жасаларын билдирди. Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы жүк ташууларды көбөйтүү зарылдыгы айтылды. Коронавирус илдетинин жайылышы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, тышкы карыздын өлкөнүн бюджетине болгон жүгүн жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү маселесин айтып өттү.

Кытай ТИМинин жетекчиси Кытай тарап Кыргыз өлкөсүнөн товар импорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин, анын ичинде Кытайдын кээ бир аймактарына кыргыз көмүрүн ташуу пландалып жатканын айтты.

Эскерте кетсек, президент кезинде Сооронбай Жээнбеков дагы Кытай тараптан карыз төлөөдө жеңилдик сурап, бирок өтүнүчкө оңдуу жооп болгон эмес.

Расмий маалыматка таянсак, 2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын жалпы карызы 4 миллиард 616 миллион долларды түздү. Мунун 1 миллиард 794 миллион доллары Кытайдын Экспорт-импорттук банкына тийиштүү карыз. Адистер тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру 2023-2024-жылдарга туш келерин эскертип жатышат.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан