УКМК: “ЖАКЫНДА АКШга ВИЗА АЛУУ ЖЕҢИЛДЕЙТ”

Жакынкы мезгилде Кыргыз өлкөсү ICAO PCD'нын маалымат базасына кошулат жана башка мамлекеттердин чек араларын тоскоолдуксуз өтүү үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу 18-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өлкөдөгү биометрикалык паспорттун тартыштыгына байланыштуу АКШ 2020-жылдын 31-январынан баштап Кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык визаларга жана грин-карталарга чектөө киргизген. Жыл аягына чейин Германиянын "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бир бланкы 407 сомдон болгон биринчи партиясы Мамлекеттик каттоо кызматына жеткирилет»,- деп айтылат билдирүүдө.

Өлкөгө электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилиши АКШ тарабынан Кыргыз жарандары үчүн визалык чектөөлөрдү кайра карап чыгууга негиз болуп берет деп айтылды.

Эскерте кетсек, АКШнын Кыргыз жарандарына карата визалык чектөөсү үстүбүздөгү жылдын башында киргизилген. Себеп – биометрикалык паспорттордун колдонулбаганы деп айтылган. Бул боюнча Кыргыз ТИМи атайын билдирүү жасап: «АКШнын мындай чечими Кыргыз-Америка мамилесине таасирдүү зыянын тийгизди»,- деп жарыялаган.


Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан