Кыргызда банктардан 100 миң сомго чейин насыя алгандарга жеңилдик берилди. Өкмөт ушул жылдын декабрь, 2021-жылдын январь-февраль айлары үчүн насыялардын үстөгүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алды.
Тагыраагы, 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки суммада насыя алгандар үч айлык төлөмдүн үстөк пайызын төлөөдөн бошотулушту. Эгер жаран 100 миң сомго чейинки насыяны бир нече каржы уюмдарынан алса, жеңилдик алардын бирине карата гана иштейт.
Улуттук банктын маалыматына таянсак, 2019-жылы 600 миңден ашуун кыргызстандык жаран 30 миллион сомдон ашуун суммада насыя алган. Бул акчанын көпчүлүгү айыл чарбасын колдоого жана жеке муктаждыктарга берилген.
Эскерте кетсек, 9-ноябрда Садыр Жапаровдун Нарындагы иш сапарында жергиликтүү жашоочулар коронавирус илдетинен улам киргизилген чектөөлөр насыяларды төлөөгө жолтоо болуп жатканын айтып даттанышкан.
Жумабай Акимов