Айымжан Айылчиева менен бир жарым жыл мурун маектешкен элек. Анда ырчы Түштүк Кореяда жарым жыл окуп келгенин, ал жактан кошумча вокалдан сабак алганын айтып, “сахнага жаңы Айыма болуп чыгам” деген эле. Ошол күндөр келди, ырчы жаңы долбоор менен иштеп, жаңы продюсерлүү болуп, жаңы Айыма болуп сахнага чыкканы турат. Бул чек эмес экенин айтат ал.
– Айыма, кандайсыз? Имиджиңиз, стилиңиз жаңыланыптыр. Ушул тууралуу айтып берсеңиз...
– Жакшы, рахмат. Ырчы Жийдеш эженин жолдошу Андрей Доргай менен иштешип баштадым. Мен Андрейдин чоң долбоорунун бир бөлүгүмүн десем болот. Андрей менен иштешкен башка да ырчылар бар. Иштешип баштаганда эле ал “баарын өзгөртөбүз” деди. Мен да ошону каалап жаткам. Дизайнер-стилисттер менен байланышып, ушундай образ түздүк. Бул башталышы гана, образыбыздын үстүндө дагы иштейбиз. Бул долбоор биз пландап жаткан иштердин бир бөлүгү гана. Ыр жыйнактарыбыздын үстүнөн да иштеп жатабыз. Алдыда ар кандай Айыманы көрөсүздөр, Айымадан түрдүү чыгармаларды угасыздар, буюрса.
– Андрей Доргай менен канча жылга келишим түздүңүздөр?
– 2-3 жыл иштешебиз деген оозеки гана келишим бар. Андрей, Жийдеш эже менен көптөн бери мамилебиз жакшы. Ата-энем да алар менен жакшы мамиледе. Көп убакыттан бери туугандай болуп калдык. Келишим түзүү оюбузга деле келбептир.– Түштүк Кореяда вокалдан сабак албадыңызбы. Вокалыңыз мурдагыдан да жакшырдыбы?
– Ал жактан ырдоонун жаңы техникаларын үйрөндүм. Туура эмес ырдап жүргөн учурларымды билдим. Анын үстүнөн дагы иштешим керек. Кореядан алган билимимди колдонгонго аракет кылып жатам. Азыр да мугалимим менен байланышып турам. Ал мага кеңештерин берип жатат.
Мен акыркы жолу “Сүрөөн” ырын жаздыргандан кийин окуу менен алек болуп, кийин Түштүк Кореяга кетип калып көп ырдабай калгам. Ырдап турбасаң үн отуруп калат. Азыр көп ырдап, Кореядан алган билимимди кошуп вокалымды жакшыртканга аракет кылып жатам. Жакшырып баратканы өзүмө байкалып жатат.
– Буга чейин апаңыз продюсериңиз болуп, кеңешин берип турчу эле. Азыр апаңыз менен кеңешпей калдыңызбы?
– Апам ар дайым кеңешчим бойдон калат. Азыр болгону иштер бөлүнүп кетти. Айрым милдеттерди Андрей алса, айрымдары апамда калды. Кээ бир маселелерди өзүм чечем. Апам да кызык, кээде “сен өз алдынча иштей албайсың, өзүң кыл, өзүң чеч” дейт да, бир нерсени кеңешпей туруп чечип койсом, “менден сурабай калдың, чоңоюп калдың да” деп калат (күлүп). Акыркы учурларда чечимдерди өзүм кабыл алып калдым.
– Азыр фотосессияга өзүңүз боёнуп келдиңиз. “Салондон боёнткон жакпайт” деп айтып калдыңыз...
– Өзүм боёнгонго көнүп калгам. Башкалар боёсо ашыкча боёп салгандай сезиле берет.
– Түштүк Кореяда тышкы сулуулукка маани беришет эмеспи. Ал жактан териге кам көрүүнүн жакшы жолдорун үйрөнүп келсеңиз керек?
– Ооба, ал жакта келбеттерине аябай көңүл бурушат. Биз самын менен жууп, крем гана коёбуз го. Алар боёнуп баштаганга чейин эле бетке бир канча каражат колдонушат. Анан кам көргөндөрү беттеринен байкалып турат. Бизде алардын эркектери кыздардай көрүнөт деп калышат го. Кореяда бул нормалдуу көрүнүш. Эркектердин да өздөрүнө кам көргөнү жагымдуу да. Мунун баарын көргөндөн кийин териге кам көрүүчү косметикаларга маани берип калдым. Ага чейин деле билчүмүн, кам көрчүмүн. Бирок азыр башкача кам көрүп калдым. – Өспүрүм кезиңизде таанымал болдуңуз. Бул жеңил эмес. Эрте таанымал болгондор “көтөрө албай жылдыз болуп кеткенбиз” деп көп айтышат. Бирок сизден андай нерсе байкалган жок. Бул тарбияданбы?
– Тарбиядан болуш керек. Бул үчүн чоң ата-чоң энеме, ата-энеме ыраазымын. Мен сонунмун деп мактангым келбейт (уялып). Менимче, эң биринчи кезекте адам болуш керек. Эл алдында ырдап жаткандыктан көп адам мени таанып жатса керек. Бирок бул өзүмдү башкалардан бийик коюуга себеп эмес. Баарыбыз окшош эле адамдарбыз.Ар кимде ар кандай талант бар. Жашоодо ар ким ар кандай багыт алат. Мен жөн гана өз ишимди жасап жатам.
Чынын айтсам, бул тууралуу ойлонуп да көрбөптүрмүн. Мени үйдө дайыма колдоп турушат. Балким, үйдөгү ошол позитивдүү атмосфера мага ушундай таасир бергендир. Апам мени дайыма эле мактабайт. Кичине кезимден эле туура эмес кылсам аны айтып турат. Өзүмө өзүм да көбүнчө сын көз караш менен карайм. Жакшы жактарымды гана эмес, кемчиликтеримди издеп турам.– Материалдык байлык сиз үчүн?
– Мен чоң ата-чоң энеме, ата-энеме, бир туугандарыма бир нерсе жасагым келе берет. Көп акча чогултуп бир жакка алып барып эс алдыруу, бир нерсе сатып берүү жагат. Менде гана эмес, үй-бүлөмдө да болсун деп иштейм.
– Эс алуунун кайсы түрү жагат?
– Жаратылыш коюнуна чыгуу, саякаттоо жагат. Үйдө отуруп сериал көрүүнү, достор менен жолугууну жактырам. Инилерим болуп үйгө ит багып алганбыз, азыр ошол итибиз менен сейилдейм. Ал Хатикого окшош сиба-ину породасындагы ит. Жаныбарларды жакшы көрөм.
– Жеке жашооңуз да бизге кызык...
– Жеке жашоом жеке бойдон калсын. Олуттуу мамиле болуп, баш кошуу сунушун киргизгенде гана айтпасам, ага чейин мамилени жарыялоону туура көрбөйм. Ар кандай болушу мүмкүн да. Кийин ал жигит менен сүйлөшпөй калсам, кайра сүрөттөрүн өчүрүп чыгамбы? Андай жакпайт мага. Азырынча өзүм менен гана алекмин деп айта алам.
– Жакшы. Жаңы кадамдарыңызды ийгиликтер коштосун!
Перизат Музуратбекова