Талант Кадыровдун Айя Садырова менен чогуу ырдаган ырлары элде жакшы кабыл алынып жаткан. Бирок мындан ары Айя Садырова менен Талант Кадыровдун дуэтин уга албайт экенбиз. Талант мырза ырчы айым менен иштешүүнү токтотконун айтат. Себеби эмне?
– Саламатсызбы, Талант мырза? Акыркы кездери чыгармачылыгыңыз токтоп калгандай, буга эмне себеп?
– Саламатчылык. Бул жылы пандемия болуп, оор жылдардан болду. COVID-19 канчалаган мыкты инсандарыбызды алып тынды. Ушуга жүрөгүбүз ооруп, чыгармачылык менен алектенгенге каалоо, эргүү болгон жок. Ушул чоң себеп болду. Быйылкы жылдын эсебинен бир гана чыгарма жаздым. Бул Бахадыр Карабаев агабыздын “Жубайыма” деген чыгармасы. Башынан эле эски ырларга басым жасап, аларды заманбап стилге салып ырдап жүрөм. Бул да эски чыгарма. Ушул айда клип тартып баштайбыз. Ырларымды клип тартылып бүткөндөн кийин гана радио, телеге берем, интернетке жүктөйм. “Жубайыма” аттуу ыр жубайга эмес, күйөрман кызга арналган жакшы чыгарма. Жакында угасыздар, буюрса.
– Айя Садырова менен дуэттериңиздер элде жакшы кабыл алынып жатты эле. Дагы дуэттер болобу? Өткөн маегиңизде “Айя экөөбүз дагы көп жолу чогуу ырдайт окшойбуз” дедиңиз эле.
– Ошентип айтыптырмынбы, ээ? Айя менен иштешпей калдык. Экөөбүз чыгармачылык жолубузду өз-өзүбүзчө улайлы деп чечтик. Себеби ал менин көңүлүмдү оорутуп койду. Азыр мен өңү бар, үнүмө үнү дал келген, жакшы ырдаган, аты чыга элек ырчы кыз издеп жатам. Ал кызды “60`К” тобуна кошуп алмакмын. Айя экөөбүз ырдайбыз деп даярдап койгон көп чыгармалар бар. Ошолорду иштеп чыгабыз, буюрса.
– Азыр элге алынуу үчүн эмне керек? Көп ырчынын арасынан кантип өзгөчөлөнсө болот? Айрымдар хайп аркылуу же өзгөчө имидж менен эл оозунда калууга аракет кылышууда.
– Интернет көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Интернет аркылуу хайп жасап атактуу болуп алсаң да болот. Бирок хайп жасай калайын, имиджимди өзгөртө калайын деген менин оюмда да болгон эмес. Мен үчүн бул оор нерсе. Антип чыга албайм. Имиджим, стилим ошол бойдон бир темпте эле кетет. Менин оюмча, талыкпай эмгек кыла бериш керек. Эмгектенсең бир күнү болбосо бир күнү бир жакшы ырың эл оозуна алынып, ошол ыр сага хайп, имидж болуп берет. Андыктан эмгек кыла берем. Быйыл өзүнөн-өзү эле “Эзилип бүттүм” деген ыр вирустай тарап кетпедиби. Ошол ырды аткарган баланын багын ачып койду. Ырдай бериш керек, жакшы чыгармаларды жарата бериш керек. Бир күнү хайп өзү эле келет.
– Сиз чыгармачылык үчүн курмандыктарга бардыңызбы?
– Ооба. Өзгөчө жаңы чыгып жүргөндө көп карызга баттым. Бир жерге “бир жылда 10 клип тартышым керек” деп маек берип алыптырмын. Ошону аткарышым керек деп чыгармачылыкка катуу киришип алып, карызым көбөйүп кеткен. Бирок ошентип жүрүп ийгиликтүү чыгармаларды жараттым.– Өлкөдө бул жылы ар кандай саясий окуялар болду. Бир катар кадрлар менен катар Маданият, маалымат жана туризм министри да алмашты. Жаңы министрден кандай кадамдарды, кандай жаңылыктарды күтөсүздөр?
– Саясатка кызыкчу эмесмин. Бирок азыр кайда барба саясат сүйлөнүп жатат. Ооба, министр алмашты. Жаңы министр илимдүү, билимдүү жакшы инсан. Жакшы иштеп берет деген үмүтүм бар. Маданият үйлөрү иштегендей, ырчыларга тойлордо эмес, концерттерде ырдагандай шарттарды түзүп берүүгө алы жетсе жакшы болмок. Маданият тармагын өнүктүрүп, өстүрсө экен. Тилегим, үмүтүм ошол эле.
– Айрым ырчылар жаңы министрдин “мамлекеттик иш-чараларга чакырганда келбеген ырчыларга чара көрүү керек” деген сөзүнө жооп кайтарууга үлгүрүштү. Сиздин пикириңиз кандай?
– Талап кылардын алдында талап кыла тургандай мамиле кылып, иш жүзүндө жок дегенде өзүнүн аракет кылып жатканын көрсөткөндөн кийин гана талап кылса болот. Анын бул сөзүн туура көргөн жокмун. Жок дегенде маданият тармагындагы кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсин. Биз, жаш ырчылар ырдап өз жаныбызды багып жатабыз. Айлыкка гана жашап жаткан аксакалдарыбыз бар. Наам ала элек канча деген көзү тирүү таланттарыбыз бар. Акыркы кезде наам жаатында ичибиз ачышкан учурлар көп болду. Наам алгандарга каршылыгым жок. Бирок канча жылдардан бери эмгектенип келе жаткан аксакалдар албай жатканда жаштар алып кеткен учурлар болду. Ушул маселеге көңүл бурсун, калыпка келтирсин. Улуу муунга гана эмес, жаштарга, баарыбызга шарт түзүп бере алса, андан кийин гана талап койсо болот. Эч нерсе кылбай жатып “чара көрүш керек” дегенине жакшы пикир айта албайм. – Жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк, балдарыңызга кандай атасыз?
– Баары жакшы, рахмат. Мен үйдө жумшакмын. Катуу сүйлөй турган жерде катуу деле сүйлөйм. Анткени азыр балдарды көп эрекелетпеш керек деп ойлойм. Биздин балалыгыбызда телефон жок болчу. Кышында чана тээп, унаалардын артына жармашып алып муз тээп жыргачубуз. Чүкө, ляңги, ордо, кыз куумай ойночубуз. Бул сонун да. Азыр балдар менен балдар ойнобойт. Баары телефон чукулап отурушат. Мен балдарымды өзүм кандай балалыкта чоңойсом ошондой балалык өткөрүшүн каалайм, ошондой тарбиялаганга аракет кылам. Телефон чукуласа урушам. Китеп окугула, спорт менен машыккыла дейм. Мурдагы “Сениби, шашпа!”, “Том жана Жерри”, “Винни-Пух” мультфильмдерин көрсөтөм.
– Алгачкы баш кошкон учур менен 2-3 балалуу болуп калгандан кийин жубайлардын мамилеси өзгөрсө керек? Жылдар өткөндө сүйүү сыйга айланат дешет...
– Туптуура айтасыз. 2-3 жыл өткөндө сүйүү сыйга айланат дегенге толугу менен кошулам. Сүйбөйм деп айта албайм, аялымды сүйөм. Бирок көбүрөөк сүйүүнү балдарыңа берет экенсиң. Мурда аялыңды эркелетсең, кийин балдарыңды эркелетип калат экенсиң.
– Бош убактыңызда эмне менен алектенгенди жактырасыз?
– Аудио китеп угам, кино көрөм. Чыгармалардын үстүнөн иштейм. Үйдө ямахам бар. Аны менен обон жаратайын деп изденем. Азыр волейболго барып баштадым. “Карантин учурунда үйдө отуруп, үй-бүлөм менен таанышып чыктым” деп куудулдар айткандай, бул жылы үй-бүлөм менен көп убакыт өткөрдүм. Мурда үйдө көп болчу эмесмин. Бош убактымда балдарыма көңүл бурам, чогуу алфавит жаттайбыз, спорт менен машыгабыз. Ошону менен убакыт өтөт.
– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик!
Перизат Музуратбекова