“ПЕРИШТЕМ”. АКЫНДЫН ЖУБАЙЫНА АРНАП ЖАЗГАН ЫРЫ

Ырчылар Майрамбек Осмонов менен Райкан Абдувалиеваны популярдуу кылган “Периштем” аттуу ыр кантип жаралган? Ырдын тарыхын баяндайбыз.

“ПЕРИШТЕМ” ЫРЫ МЕНЕН ТААНЫЛГАМ”

Кыргыз Республикасынын Эмгек cиңирген артисти Майрамбек Осмонов:

– Мен 1992-жылы 27-декабрда “Мыскыл жана тамаша” концертинде биринчи жолу “Ак кеме” деген ырды ырдап чыккам. Бирок элге Надырбек Алымбековдун “Периштем” деген ыры менен таанылдым. Бишкектеги Искусство институтунун 1-курсунда окуп жүргөндө Асанкалый Керимбаевдин үйүндө жашап калдым. Ал мени Куудулдар театрына киргизип койду. Ал жерге барсам Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов сыяктуу дөө-шаалар иштешет экен. Каныкей эже үйүн көргөзүп койгон эле. Бир жолу курсагым ачып Каныкей эженин үйүнө барсам, Атайбек агай да үйдө экен. Бир жакка жөнөп жатышыптыр. Баламын да, тартынып турган кезим болчу, “бир жакка баратасыздарбы?” десем, Каныкей эже эне эмеспи, көйгөй менен келгенимди түшүндү окшойт. “Майрамбек, айран берейин, нан менен жеп ал” деди. Көзүм чачырап турган жаным сүйүнүп эле нанды эки чайнап жутуп, айранды ууртап жатсам “коё турчу, мен сага ыр берейин” деп кагазга терилген “Периштем” аттуу ырды сунду. Окусам Надырбек Алымбековдуку деп турат. Сүйүнгөн боюнча кетип, ошол күнү ырга обон жаздым. Эртеси сабакка бара жатсам Райкан Абдувалиева 4-төрөт үйүнө тамак көтөрүп келе жатыптыр. “Эже, мен бир ырга обон жаздым, угасызбы?” десем, “жүрү” деп жатаканага келдик. Кылдыраган ямахада ойноп берсем “эртең жаздыралы” деди. Эже радиодо иштечү, эртеси ырды жаздырдык. Радио колунда да, ыр 3-4 күндө элге тарап кетти. Ошентип бул чыгарманын жолу шыдыр болду.

Ырды популярдуу кылган Райкан эжеге, аялына арнап ошол ырды жазып койгон Надырбек агайга, мага тартуулаган Каныкей эже менен Атай байкеге рахмат. Баарыбыздын тагдырыбыз жуурулушуп, бир учурда таанылып калдык. Ошол кезде бизде “ырды бериш керек, бербеш керек” деген түшүнүк жок болчу. Эптеп 3 адам укса да жакшы дечү элек. Азыр ырчыларды тандап калбадыкпы.

Студент кезде нан чыгарган заводдун жатаканасындагы кыздарды таң калтырабыз деп ыраматылык Таалайбек Бектурганов, Сыймык Бешекеев, Дүйшөнбек Сатыбалдиев, Коңурбай деген жигит болуп эртең мененки саат 4кө чейин ырдап жүрө берчүбүз. Эмне Кудайдын азабы дейм да, таң аткыча ачка болуп. Таштанды ыргытканы чыккан бирөө карап койсо эле ошол адам бизге көңүл буруп жаткандай сезиле берчү да.

“АЛ КИШИ МЕНЕН САПАРЛАШ БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ”

– Ырга байланыштуу кызыктуу бир учур бар. Менин 1966-жылы туулган Алмазкан деген агам “Аламүдүн” базарына барып кыдырып жүрсө, бир киши “Майрамбек, бери келчи” дептир. Байкеме кызык болуп жанына барса, “айланайын, “көкөлөп учкан периштемди” ырдаган сенсиңби?” деп сураганда жооп бергиче эле “ошол ырды сонун ырдагансың, өмүрлүү бол” деп, 2 килограмм шекер тартып бериптир. “Мен бир тууган агасы болом” десе, шекерди кайра кайтарып албоонун жолун издеп “Майрамбек бала кезинде кандай эле?” деп сураптыр. “Жоош болчу. Бир күнү кечинде апам тооктун этинен шорпо жасап, аны ичип жатсак Майрамбек сөөгүн кошо жутуп жиберип, какап калган. Сөөктү алып чыккандан кийин алаксытыш үчүн велосипедге учкаштырып алып ойноткон элем” десе, “анда сен өлүмдөн алып калган турбайсыңбы, алдагы шекерди бала-чакаң менен чайга кошуп ич” деп жакшы сөзүн айтып жөнөтүптүр.

Надырбек агай акындардын жамаатына акылы токтолуп калганда, ачуу-таттууну көрүп, ата-эненин кадырын, аба-суунун баркын билип калганда, 50 жашында кошулду. Ошондуктан анын бир дагы ыры жаман эмес.

Жашымда мээнет басты, чөккөнүм жок,

Жакшылык, дөөлөт басты, көпкөнүм жок.

Тыйындан сом курадым байлык үчүн,

Түбүнө түгөнгүрдүн жеткеним жок,- деген ыры бар. Бардыгын көрдү. Өткөн жашоосу жөнүндө айтып берсе абдан кызык. Маанайы жайдары болсо аалам жарык боло түшкөн, кабагы түйүлсө караңгы болуп кеткен касиети бар адам. Ар бир адамдын башынан өткөн окуяны алып жазат. Аны окугандар “мен да ошентип жаза алам” дешсе керек. Бирок муну Жараткан баарынын тең акыл чөйчөгүнө сала бербейт экен да. Тандап-тандап Надырбек Алымбеков өңдүү жакшы адамдарга берет тура. Ошол киши менен сапарлаш болгонума сыймыктанам. 2001-жылы ажыга да чогуу барганбыз. Бул киши менен чыгармачылык да, Кудай жолунда да сапарлашмын. Азыр да катташып турабыз. Кагынып-силкинип адамга акыл үйрөтпөйт. Өзүнүн жүрүм-туруму менен акырын тарбиялап коёт. Жаныбыздагы кишилер “могу кишини карагылачы, зымырап турат” деп айтып калышат. Ал кишидей адамгерчилиги менен чыгармачылыгы төп келишкен акындар аз. Бирөөнүн чыгармачылыгы жакшы окулат, бирок мүнөзү кырс же башкаларга кайдыгер карагандар бар. Бул киши баарына кенен карайт. Аны менен жакшылыкка барып калган күндөр бизге майрам. Өмүрү узун болсун деп тилейм.

“ЭҢ ДААМДУУСУ “ПЕРИШТЕМ” БОЛДУ”

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков бул ырдын тарыхын айтып берди:

– “Периштем” алгачкы ырларымдын бири. 1989-жылдан тартып ыр жаза баштадым. Элдин баары ашык болгонуна жазышса, мен чын жүрөгүмдөн жубайыма арнап жаздым. Майрамбекти Майрамбек кылган, элге тааныткан “Периштем” ыры болду. Ыр бизди жакындатты, азыр ал бир туугандай болуп кабарлашып турат, саламыбыз түз. Райкан Абдувалиеванын да багын ачты. “Периштем” аттуу топ, коомдук фонд ачып жакшы эмгектенди. Обондуу ырларым көп болгону менен, эң даамдуусу “Периштем” болду. Жалпы эл ырдап кетти. Ар бир ырдын заманы болот экен. Ыр азыр жазылса, балким, укпай коюшмак. Азыр “периштелердин” да кадыры кетип калды. Баары эле дүнүйө деп калышпадыбы. Журналисттер “көбү сүйгөнү тууралуу жазышат, сиз жубайыңызга жаздыңыз” деп сурашат. Жубайымдан башка ким бар? Улгайып калганда жубайың дайыма жаныңда болот экен. Бир үйдө чогуу калат экенсиң. Балдар да чоңоюшат тура. Ага андан башка да ырларды жазып жүрөм. Көп ыр жазсам “жазсаң жазып койдуң да” деп тоготпойт. Бир жолу тамашалап бир гезитке бул саптарды берип койдум.

Аялым идиш жууйт калдыратпай,

Анткени нерви жука жалбырактай.

Мунун да өнөрү жок дебегиле,

Базар десе жүгүрөт аргымактай,- деген.

Муну Майрамбек жаттап алып, тойлордо тамада болгондо айтып жүрөт. Аялым муну окуп чычалаган. Ошондо ооруп жаткан бир аял “мен ушул керебеттен ашканага басып бара албай отурам. Сен базарга жүгүрөт экенсиң, кандай бактылуусуң. Кудай жүгүрүп жүргөндөн бербейби” дептир. Ошол кишинин айтканынан кийин аялым чычалабай калды.

Жакында 14 томдук ырлар жыйнагым чыгат. Мени алгачкы жылдары “Махабат акыны” дешчү. Андан кийин өмүр, ыйман темасына өттүм. Себеби 1990-жылы СССР кулагандан кийин кыргыз “кыйшайып” калган. “Кыргыз “кыйшайып” баратат. Окуп жан дүйнөсү оңолсун. Улут бойдон калалы” деген максатта Пайгамбардын хадисин которгон элем. Башка иш кылбай, 3 жыл отуруп Куранды да ырга салып котордум.

“ОШОЛ КЕЗДЕ КАТУУ ООРУП КАЛДЫМ”

Райкан Абдувалиева гезитибизге берген маектеринин биринде "Периштем" ыры тууралуу буларды айткан:

– 1991-жылы Майрамбек Осмоновдун «Периштем» деген чыгармасын аткарып атым таанылган. Ошол кезде аябай катуу ооруп калдым. Доктурга канча жолу жатып дарылансам да айыкпай койдум. Ошондо бир карыя "кызым, сага аябай катуу көз тийиптир, ырымын кылбасаң өлүп калышың мүмкүн" дегендей кылды. Ноокаттагы үйгө барганда башым айланып сулк жыгылдым. Көз тийгенде оор жүк басып кыйналат экенсиң. Молдолор дем салганда катуу уктап калыптырмын. Ойгонсом, жеңилдеп баягы катуу ооруганым түшүмдөгүдөй эле сезилип калды. Ал жактан бир ата "кызым, эл сени Райкан эмес, Периште деп таанышат. Көз тийгенде кийим аркылуу чыгарат же дагы бир нерсе түзүп көздү ошого өткөрүп жибериш керек" деп калды. Макул деп «Периште» деген жетим-жесирлерге, бей-бечараларга, колунда жок таланттарга жардам көрсөтүү максатында коомдук бирикме түздүм.

"ПЕРИШТЕМ"

Сөзү:
Надырбек Алымбековдуку

Обону:
Майрамбек Осмоновдуку

Жылдызы жанып эриткен,

Жыргалын бирге бөлүшкөн.

Жуурулуп тагдыр кошулган,

Жубайым менин периштем.

Кайырма

Көзүмө ысык келишкен,

Көк моюн сулуу көгүчкөн.

Көрүнбөй калса сагынтып,

Көксөтүп убай жегизген.

Көңүлдүн кушу жубайым,

Көкөлөп учкан3 периштем.

Жарыгын үйгө бөлүп кең,

Жамандык болсо бөлүшкөн.

Жан курбу өмүр шериги,

Жашоодо жалгыз периштем.

Кайырма

Маанайың турса төгүп кең,

Махабат ошол бөлүшкөн.

Балдарды төрөп өстүргөн,

Башынан бирөө периштем.

Кайырма

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ElEN2025
2020-11-23 17:58:33
Сонун, ушул ыр менен чонойгонбущ.
+1
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан