«Бүркүт”, “Нестан-Дарежан” ырлары менен таанылган ырчы Элбарчын Калилова эне статусуна ээ болду. Ырчыга байланышканыбызда буларга токтолду.
– Мен 2-октябрда көз жардым. Жеке жашоомду ачыктай бербегенимден улам уулумдун торолушун күтүп жарыялабай келгем. Балам Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында жарык дүйнөгө келди. Наристебиздин бою 52 сантиметр, салмагы 4 килограмм 100 грамм болуп төрөлдү. Уулубузга Аян деген ысым ыйгардык. Эне болуу өзгөчө бир бактылуулук экен. Эненин баркын эми биле баштадым,- дейт ырчы.