НУРИСА АБАЗОВАНЫН БИР ТУУГАНЫ ЖАРДАМГА МУКТАЖ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриса Абазованын бир тууган агасы жардамга муктаж. Бакытбек Абазов боордун циррозу жана 2-типтеги кант диабети менен жабыркайт. Тез аранын ичинде анын боорун алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу бир тууган эже-сиңди кабарлады.

– Кайрымдуу кыргыз элим, кадырман калайык калкым, бүгүнкү күндө биздин бир тууганыбыз өтө оор абалда жатат. Тез арада боорун алмаштыруу үчүн көп суммадагы акча каражаты керек экен. Азыркы күндө бизде анчалык каражат жок болгондуктан агабыз калың журттун жардамына муктаж болуп турат. Бакытбек агабыздын ден соолугуна кайдыгер карабаган кайрымдуу, боорукер инсандарыбыздан жардам сурайбыз.

Агабыз 1 жарым жылдан бери оору менен алышып, Бишкектеги медициналык жайларда дарыланып келет. Боорун алмаштыруу Орусияда жасалат. Агамдын баласы донор болуп берет.

Буюрса, 20-ноябрга учакка билет алып койдук. 23-ноябрда ооруканага жаткырылып, тиешелүү кароолордон өткөндөн кийин операциянын күнү белгиленет. Кайрымдуулук кылып жаткан элибизге, ар бир инсанга ыраазычылыгыбызды билдиребиз,- деди Нуриса Абазова.

Жардам берүү үчүн Элсом номери: 0773 45 45 32

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан