ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 23-НОЯБРДАН 29-НОЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын биринчи бөлүгүндө мамлекеттик мекемелерге кайрылуу ийгиликтүү өтөт. Кек сактап, бирөөдөн өч алууну ойлонбоңуз, чөйрөдөгүлөргө сөз болосуз. Кошумча акча табууга мүмкүнчүлүк чыгат, колдон чыгарбаңыз. Катуу таарынтсаңыз сүйүктүүңүз сизден кол үзүүнү ойлойт, андыктан этият болуңуз. Жолдо жаракатка кабылуудан сактаныңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сиздеги оптимизм чөйрөдөгүлөргө таасир берип, ишиңиз оңолот. Ашыкча чыңалып иштөөнүн кереги жок. Сиз күтпөгөн тараптан акча келет. Жетишерлик көңүл бурбагандын айынан үйдөгүлөр таарынычын билдирет. Айымдар асем жасалгаларын уурдатып алуу коркунучу бар. Апта акырында үйдөн сырткары эс алуу сунушталат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жасаган соодаңыз жакшы болот. Белек аласыз же кирешелүү жакшы жумуш сунушталат. Жакын арада иш көбөйөт, баарын убагында бүтүрүүгө жетишиңиз. Оңунан чыкпаган иштер үчүн ачуулануу үйдөгүлөр менен чырдашууга жеткирет. Бир кезде сезимдериңиз болгон адам менен жолугуп калууңуз мүмкүн. Конокко чакыруу алуу күтүлүүдө.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жаңы таанышуулар, жолугушуулар күтөт. Каржы жаатында тобокелдикке барбаңыз, өкүнүп каласыз. Жумушун алмаштырсамбы дегендер оюнан баш тартуулары кажет. Көбүрөөк акча алып келчү ишти табуу кыйын. Айрымдар балдарга байланышкан маселелердин айынан эс алуудан куру калышат. Үйдө сүйүнүчтүү окуяны белгилейсиздер.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аманат ташталган акчаны коротпоңуз, кийин төлөө кыйын болуп калат. Коомдук лидерлер жогорку жыйынтыкка жетишип, абройлору артат. Жумушта бут тосуулардан сак болуңуз. Жакшы адамдар бир маселеңизди чечип беришет. Үйдүн ыңгайлуулугу үчүн бир топ иш жасоо керектелет. Ооруп калбоо үчүн өзүңүздү суук тийүүдөн сактаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Колуңуздан келбеген иштерге киришпеңиз. Колдоо көрсөтчү адамдарга таянуу менен маселелерди чече аласыз. Унаа менен алыс сапарга чыгуу сунушталбайт, түйшүктүү болот. Үй-бүлөнү керектүү нерселер менен жабдуу бир топ чыгымды талап кылат. Чакырган жерде конокто болуп, тааныштардын санын арттырасыз. Мал алуу, сатуу ойдогудай болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Окуялардын айлампасында каласыз. Талаш-тартыш, майда чырлар да күтүлөт. Андыктан көк беттик, өз пайданы гана ойлоо сыяктуу терс касиеттерди четтетүүнү ойлонуу кажет. Каржылык жаатта жакшы жылыштар күтүлөт. Келген туугандар менен жагымдуу мүнөттөрдү чогуу өткөрөсүздөр. Өзүңүзгө арнап кийим алууңуз мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Үй-бүлөлүк, тиричилик жааттагы маселелер менен көбүрөөк алаксыйсыз. Эч нерсе сатып албай туруңуз, жакпай же сапаты начар чыгып калышы мүмкүн. Чала тааныш адам айтып келген маалыматка ишенбеңиз, чагымчылдардын тузагына түшүп каласыз. Жашооңуздун жаңы тилкеси материалдык абалыңыздын оңолушуна жол ачат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаңы нерселерге, өзгөрүүлөргө умтулуу күчөйт. Абайлаңыз, бул кооптуу кадамдарга, чыгымдарга жеткириши да мүмкүн. Карыз алуу, карыз берүү да сунушталбайт. Таанышыңыз кошумча акча табуучу булагын сунуштайт. Жакшылап ойлонуп жооп бериңиз. Кокустан таанышкандардын ичинен пайдалуу сунуш киргизген адам чыгат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жашоо потенциалыңыз жогорулайт. Мурда пландап жүргөн чоң иштерди бүтүрүүгө киришиңиз. Ал эми күнүмдүк майда иштерди үйдөгүлөргө тапшырыңыз. Бирөөлөр сизге кеңеш же жардам сурап кайрылат. Сизди таарынткандарды кечирүүгө туура келет. Үй-бүлөлүк киреше көбөйүп, үйдөгү атмосфера жакшырат. Кышка даярдык кызуу уланмакчы.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптанын биринчи жарымында көйгөйлөр чыңалууларга алып келет. Көп жерден компромисске баруу туура. Аптанын экинчи жарымында кыймылсыз мүлк маселелери оңой чечилет. Катарыңызда жүргөн ишенимсиз адам ким экени айкындалат. Шаңдуу иш-чаранын катышуучусу болушуңуз ыктымал. Пайдалуу маалыматка ээ болосуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Маанайыңыз бирде көтөрүлүп, бирде түшүп турчу апта. Кырдаал болочок пландарды кайра карап чыгууга түртөт. Чөнтөгүңүзгө акча түшөт. Бул сизге жакшы мотивация берип, шыктанып, жең түрө иш кыласыз. Инфекциялык оорулардын алдын алып, ден соолукка кам көрүңүз. Жакыныңыздын таламын талашып, бейтааныш бирөө менен араздашасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан