ЫРЧЫ НЕЛЯНЫН АПАСЫ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Ырчы Нелянын апасы пневмония илдетинен 15-ноябрда каза болду. Ырчы ага чейин апасы ооруп жатканын, анын жакшы болуп кетеринен үмүтү бар экенин социалдык тармактагы баракчасына жазган эле.

Апасын акыркы сапарга узаткан ырчы Инстаграм баракчасына “жаркылдаган апакемди акыркы сапарга узаттым. Күнүмдөн айрылдым. Апакем кандай адам эле? Жаратканым өз ырайымына алсын” деген билдирүү калтырды.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Урмат Усенов менен Неля айымдын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
rola
2020-11-23 22:52:25
Жаткан жери жайлуу болсун.Сабыр кылыныз.
+2
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан